Түркиянын Стамбул конвенциясынан чыгуусу

199
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түркиянын Стамбул конвенциясынан чыгуусу

«Ал-Жазира нет» хижрий 1442-жылы 8-шаъбан, миладий 2021-жылы 21-март күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Түркия өлкөнүн социалдык курамын коргоо максатында аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндөгү Стамбул конвенциясынан чыкканын баса белгиледи. Негизи, Түркиянын мындай кадамы ички жана Европанын сындоолоруна туш болду.

Расмий гезитте айтылгандай, ишемби күнү эртең менен Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдаган анын өлкөсү 2011-жылы май айында кол коюлган, кийин 2012-жылы февралда министрлер кеңеши тарабынан жактырылган Стамбул конвенциясынан чыкканын билдирди. Түркиянын расмий гезити бул конвенциядан чыгуунун себебин ачыктаган жок. Бирок, Түркиянын бир катар расмийлери бул конвенция үй-бүлөнүн бүтүндүгүнө жана түрк коомуна, консервативдүү үрп-адаттарга коркунуч туудурганын баса белгилешти».

Роя:

Түркия режими илманий режим болуп, өлкөдө бир катар эркиндиктер, алардын катарында, жеке адамдын эркиндиги иш жүзүндө бар. Жеке адамдын эркиндигинен ахлаксыздык, коррупция, арам байланыштар келип чыгууда… Эрдаган 2011-жылы премьер-министр болгондо Европа менен Батышка кошоматчылык кылып, бул конвенцияга кол койгон эле… Ал Батыштын маданиятын кабыл алып, бл маданиятты ушул конвенция аркылуу Түркияга зордоп киргизген… Ушул нерселерге карабастан, Эрдаган айтылып жаткан консервативдүү уюмдардын басымы астында аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндөгү Стамбул конвенциясынан чыгууну чечти. Себеби, үй-бүлөлөрдүн бузулушу, ажырашуулар жана гомосексуализм көлөмү өтө жогорулап кетти.

Түрк режими бул сыяктуу конвенцияларга жана келишимдерге кол коёп, эми бул конвенциялар жана келишимдер бузукулуктардын көбөйүшү, үй-бүлөлөрдүн бузулушу, ажырашуулардын көлөмү жогорулашы сыяктуу абалдарга себеп болгонун моюндап, алардан чыгууда жана баш тартууда… Мына ушундай балээлерге себеп болуп жаткан мындай конвенциялар кооз ураандар менен чулганган уу болуп эсептелет. Т.а. алар Батыш маданиятына азгырылган жана Ислам өкүмдөрүнөн бүтүндөй алыстаган айрым баёо адамдарды алдаган ураандар менен кооздолуп көрсөтүлүүдө. Негизи, Хаким жана Хабир Аллахтын алдынан келген Ислам өкүмдөрү аялды азиз кылып, акы-укугун коргойт. Ушул себептен улам, аялдар Ислам өкүмдөрү колдонулган замандарда тазалыгын жана абийирин, мартабасын о.э. экономикалык, саясий укуктарын жоготпостон, азиз жана сый-урматтуу болуп жашашты. Ал эми, Европа ал убактарда орто кылымдын караңгылыгында жашап, аял кишини шайтан деп эсептечү, аны кул кылып, айбандарга жасала турган мамилени кылган.

Түркияда болгон бул окуя Фалестина калкы үчүн эскертүү коңгуроосу болушу зарыл. Стамбул конвенциясы сыяктуу келишимдерди кабыл алуу кандай акыбеттерге алып келерин түшүнүп жетүү керек. Негизи, Стамбул конвенциясы CEDAW конвенциясынан келип чыккан аялдарга карата зомбулукту жоюу мыйзамынын аталыштарынын бири. Феминисттик уюмдар Батыштын, өзгөчө Европанын колдоп-кубаттоосу жана Фалестин режиминин тил бириктирүүсү менен Фалестинде ушул мыйзамды колдонууну талап кылышууда. Максат – аялдарды коргоону шылтоолоп бузукулукту, адашууну кеңири жаюу жана Ислам Умматынын акыркы коргону болгон үй-бүлөнү да ойрон кылуу…

Фалестин калкы болгон мүмкүнчүлүктөрүн ишке салып, карыган Европага каршы турушу керек. Бүгүн Европа сойкуканага айланып калды… Ал жерде үй-бүлө да калбады, насил да калбады. Ушул себептен улам, төрөлүү азайып, бузукулуктар жана бир жыныстагылардын никеси көбөйдү. Батыш өзү түшкөн мындай ыплас баткакка мусулман өлкөлөрүн да тартмакчы. Ошондуктан, Батыш Түркиянын бул конвенциядан чыкканын көрүп жини тутту… Ал тургай, Европа Кеңеши Түркиянын Стамбул конвенциясынан чыгышын «ойрондулуктан кабар берет», «аялдарды коргоону коркунучка салат» деп атады. Германиянын тышкы иштер министрлиги Түркиянын Стамбул конвенциясынан чыгышы Европа жана түрк аялдарына туура эмес сигнал берет деди. Франциянын тышкы иштер министрлиги Түркия өкмөтүнүн бул аракети адам укуктары жаатында кезектеги төмөндүккө себеп болот деди. Түркиядагы европачыл кемалчылар кыймылы, айрыкча, Республикалык Элдик партиясы, феминисттик уюмдар өкмөткө басым өткөрүп, конвенциядан чыгууга тоскоолдук кылууга урунушту.

 Роя гезити, №333, 2021-жыл, 7-апрель.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here