Исламий экономикалык түзүмдөн: Жалпы элдик мүлк

181
0

Исламий экономикалык түзүмдөн: Жалпы элдик мүлк

Жалпы элдик мүлк үч түрдүү:

  1. Жамаат зарылчылыктарынан эсептелген нерселер.

Жетишпей калганында адамдардын аны издеп таркап кетүүлөрү мүмкүн болгон нерселер. Суу булактары жана жайлоолор сыяктуу.

  1. Ири кендер

Сурма, алтын, күмүш, темир, нефть сыяктуу кендер.

  1. Жалгыз адамдын өзүнүкү кылып алышы табият жагынан мүмкүн болбогон нерселер.

Жол, дарыя, деңиз, көл, канал, булуң, кысык сыяктуулар ушул бөлүккө кирет. Мечиттер, мамлекет мектептери, дарыканалар, оюн майдандары да аларга кошулат.

Жалпы элдик мүлктөн пайдалануу

Жалпы элдик мүлктүн продукциялары жана кирешелеринин эсеби Байтулмалда жүрөт. Аны сарфтоо халифанын райына карай болот.

Мамлекет  жараны (табиъ) – чоң-кичинеси айырмасыз – жамаат мүлкүнөн жана анын кирешелеринен пайдалана алат.

Биринчи бөлүк: Суу, жайлоо, токой, жалпы жолдор, деңиздер, дарыялар, көлдөр жана чоң каналдар. Жеке адам булардан түздөн-түз пайдалануусу мүмкүн.

Экинчи бөлүк: түздөн-түз пайдалануу оңой болбогон нефть, газ кендери сыяктууларды казууну мамлекет мойнуна алат жана кирешелерин мусулмандардын байтулмалына коёт. Халифа өз ижтихады боюнча мусулмандардын кызыкчылыктары үчүн бул кендердин продукцияларын жана кирешелерин таркатат.

Жалпы элдик мүлктүн продукцияларын жана кирешелерин таркатууда халифа төмөнкүдөй жолду карманышы мүмкүн.

Биринчи: жалпы элдик мүлккө тиешелүү нерселерге сарфталат:

1)   Жалпы элдик мүлк имараттарына, каттоо мекемелерине ж.б.;

2)   Адистерге, жумушчуларга ж.б.;

3)   Жарак-жабдык алууга, заводдор курууга, транспорттор сатып алууга ж.б.;

4)   Суу тартуучу аспаптарга, суу түтүктөргө;

5) Генераторлорго, электр станцияларына, зымкарагай жана зымдарга;

6)   Поезддер жана трамвайларга

Экинчи: Жалпы элдик мүлктү бекер таркатуу жайиз. О.э. өз наркында же базар баасында сатуусу да жайиз. Андан түшкөн киреше кайрадан жалпы элдик мүлктөр иштетиле турган орундарга иштетилет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here