Исламдагы экономикалык түзүм: Байлыктын бөлүштүрүлүшү
Ислам алгач байлыкты адамдарга мүлктүн түрлөрү менен бөлүп берет жана андан кийинки бөлүштүрүүлөр да мына ушул мүлктөрдүн түрлөрү аркылуу бөлүштүрүлүп кете берет.
- Байлыктын жеке менчик мүлк аркылуу бөлүштүрүлүшү
- – Шарият рухсат берген жолдор менен мүлккө ээ болунат
- – Мурас варистерге бөлүнөт
- – Зекет акылууларга берилет
- – Байлар жакыр туугандарын багат
- Жалпы элдик мүлк аркылуу бөлүштүрүү
– Жалпы элдик мүлктүн өзү ар бир жаранга бөлүштүрүлүп берилет. М: Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтындын өздүк наркы чыгарып ташталат да, калган алтындын өзү ар бир жаранга бөлүп берилет
– Же бул мүлк сатылып, андан түшкөн киреше ар бир жаранга бөлүп берилет.
(Эскертүү: Халифа урухсат алкагында булардан башкача сарпташы да мүмкүн)
- Мамлекеттик мүлк аркылуу бөлүштүрүү
- – Мамлекет жакыр жарандарын жумуш менен камсыздоодо жарандарына өз жеринен бөлүп берет.
- – Дыйканчылыкка кудурети жетпей жатса, үрөн, жабдуу-жарак ж.б.у.с. берет.
- – О.э. Ишканалар ачуу үчүн бош турган имарат ж.б. нерселерин берет.
- – Жакыр адамдардын багуучусу жок болсо, анын багуусун өз мойнуна алат.
- – Жакырлардын негизги керектөөлөрүн кандырууга мамлекеттик мүлктө каражат жетишсиз болуп калса, байлардан салык топтойт жана жакырларга таркатып берет.