Өзбекстандын тышкы карызы бир жылда 37,4 пайызга өсүп, 33,8 млрд. долларга жетти

228
0

Өзбекстандын тышкы карызы бир жылда 37,4 пайызга өсүп, 33,8 млрд. долларга жетти

Өзбекстан борбордук банкы кабарлагандай, Өзбекстандын тышкы карызы былтыркыга салыштырганда 37,4 пайызга же 9,2 млрд. долларга көбөйүп, үстүбүздөгү жылдын башында 33,8 млрд. долларга жеткен.

“2020-жылы тышкы карыздын өсүшү, курстар жана баалардын өзгөрүшүн эсепке алганда, 5,5 млрд. доллар болду. Бул өсүшкө негизинен жаңы карыздар алынышы жана мамлекеттин баалуу кагаздарды чыгарышы себеп болду. Жеке менчик сектордун карызы 3,7 млрд. долларга өсүп, бул негизинен банктардын үлүшүнө туура келет”, – деп айтылат банктын билдирүүсүндө.

Америкада жайгашкан “S&P Global Ratings” эл аралык рейтинг компаниясы былтыр жай мезгилинде Өзбекстандын тышкы карыздары күтүлгөндөн жогору деңгээлде өсүп бара жатканын кабарлаган болчу. Аталган компания Өзбекстандын кредиттик рейтингин “туруктуу” көрсөткүчүнөн “терс” көрүнүшкө өзгөрткөн эле.

Комментарий: Өзбекстандын борбордук банкы март айынын башында жарыялаган маалыматка ылайык, быйыл март айына карата Өзбекстандын алтын-валюта запасы 1,1 млрд долларга азайып, 33,2 млрд долларды түзгөн. Маалымат үчүн айта кетсек, 2021-жылдын 1-январына карата республиканын расмий запастык активдери 34,9 млрд долларга, 1-февралга карата болсо 34,3 млрд долларга барабар эле. О.э. былтыркы жылдын 9 айында өзбек бийлиги 5 млрд 800 миллион доллардык алтын саткан. Июль, август, сентябрь айларында Өзбекстан алтын сатуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыккан. Сатылган ушунча алтындын акчасы кайда кетип жатат?

 Мындан тышкары, “KITKO” аналитикалык борбору 2020-жылы алтын казып алуу боюнча алдыңкы орунда турган 10 кендин тизмесин жарыялаган. Ал тизмеде биринчи орунду Өзбекстандын Наваи облусундагы “Мурунтов” кени ээлеген. Аталган борбордун маалыматына таянсак, былтыр “Мурунтов” кенинен болжол менен 56,7 тонна алтын өндүрүлгөн. Бул кендин ресурстук базасы 4 миң тоннадан ашык. Бул нерсе, 1969-жылдан бери өндүрүлүп жаткан өзбек кени жакынкы келечекте да дүйнөдөгү эң ири алтын кени бойдон каларын билдирет.

 Демек, өзбек бийлиги бир тараптан ушунча алтын сатып жатканы менен, башка тараптан карыз алуу менен карызга батып барууда. Өзбекстандын Ички дүң продукциясы (ИДП) 60 миллиард долларга барабар. Бул болсо, Өзбекстандын тышкы карызы ИДПнын 50 пайызынан ашып кеткенин түшүндүрөт. Өзбек расмийлери жана айрым эксперттер Өзбекстандын карызы тынчсыздана турган чекке жетпегенин, карыздар максаттуу пайдаланылып жатканын о.э. алынып жаткан карыздар өзүн-өзү актай турганын билдирип жатышканы менен, Өзбекстанда терең тамыр жайган коррупция жана тааныш-билиштик, кирешелүү тармактарды жетекчи топтун өкүлдөрү монополия кылып алышы алардын оптимисттик билдирүүлөрүнө шек-күмөн жаратат. Мисалы, Өзбекстанда акыркы эки жылда 1 миң 986 чиновник коррупциялык кылмыш үчүн жоопкерчиликке тартылган. Мындай кылмыштардын натыйжасында мамлекетке 2 триллион сомдон (өзбек сому) ашык зыян жеткирилген. О.э. Өзбекстанда 2020-жылы даректүү программаларды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн 10 триллион сомдун 845 миллиард сому талап-тонолгон.

 Коррупция, монополия, сүткордук – булар капитализм түзүмү табиятындагы илдеттер. Анткени, бул бузук түзүм колдонулуп жаткан соң, бир ууч чиновниктер элдин эсебинен байлык ашырып, эээлеп турган кызматынан пайдалануу менен бала-чакасына жете турган байлык топтоо аракетинде болушат. Себеби, алар аманат жана жоопкерчилик эмне экендигин билишпейт. Чиновниктер элдин эсебинен жашап жатканы жетишпегендей, өздөрүн элдин үстүндөгү кожоюндар деп билишет. Ушунча байлык үстүндө жашап жаткан карапайым калк болсо оокатын өткөрүү, бир сындырым нан табуу үчүн чет өлкөлөргө чыгып, эң оор жумуштарда иштөөгө мажбур болушат. Бул да жетишпегендей, мамлекет алды-артын карабастан алып жаткан карыздарды үстөк пайызы менен төлөө да элдин мойнунда…Бул бузук түзүмдөн баш тартуунун убагы келбедиби?

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here