Дүйнөнүн бардык күчтөрү тикеленчү Халифалыкка каршы тура албай турган даражада күчсүз

277
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Дүйнөнүн бардык күчтөрү тикеленчү Халифалыкка каршы тура албай турган даражада күчсүз

Бүгүнкү күндө дүйнөдө мусулмандардын саны 1.9 миллиардга жетти. Уммат элүүдөн ашык мамлекетке бөлүнүп кеткен болсо да, бирок, ал чыгышта Индонезиядан тартып батышта Мароккого чейин созулган өзгөчө стратегиялык деңгээлге ээ. Ал Малакка кысыгы, Хурмуз кысыгы жана Сувайш каналы сыяктуу эл аралык соода үчүн зарыл болгон суу жолдорун көзөмөлдөйт. Умматтын мусулман өлкөлөрү нефть, газ, көмүр, литий жана алтын сыяктуу үлкөн табигый байлыктарга ээ. Бүткүл Ислам Умматы ири аскерий күчкө ээ. Мындан тышкары, Умматта ядролук жана алыскы аралыкка учуучу ракета системалары бар. Дүйнөнүн лидер мамлекетин тикелөө үчүн зарыл болгон мына ушундай потенциал турганына карабастан, дүйнөлүк иштерде мусулмандарга орун калбады. Алар кудум чарба жандыктары сыяктуу куулуп, чар тараптан карышкырлардын чабуулуна туш болушууда!

Абалыбыз оор. Бирок, колубузда ушундай үлкөн мүмкүнчүлүктөрдүн тургандыгы бизди өзгөрүү жөнүндө пикирлөөгө үндөп жатат. Бирок, көпчүлүк адамдар төмөн пикирлеп, учурда дүйнөдөгү күчтөр кубаттуу, аларга тең келе албайбыз дешүүдө. Бул туура эмес. Эң улуу күч Аллах Субханаху ва Таала болуп эсептелет, Ал момундар менен бирге. Аллахтын нусрат-жардамы менен Ислам Умматы нечендеген ири күчтөрдү жеңгенине Ислам тарыхы күбө. Аллах Таала айтат:

﴿إِنْ يَنْصُرْكُمُ اللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ وَإِنْ يَخْذُلْكُمْ فَمَنْ ذَا الَّذِي يَنْصُرُكُمْ مِنْ بَعْدِهِ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ﴾

«Эгер, силерге Аллах нусрат берсе, эч ким силерден үстөм болбойт жана эгер силерди нусрат-жардамсыз койсо, Андан башка эч бир зат жардамчы болбойт, момундар Аллахтын Өзүнө гана таянышсын!»

                                                                                                                                     [3:160]

Ошого карабастан, көпчүлүк (учурда дүйнөнүн өкүмдар күчү болуп турган) Америкадан коркуп жатат. Акыйкатта болсо, АКШнын куралдуу күчтөрү акыркы жыйырма жылда Афганистанда эр жүрөк азаматтары тарабынан жеңилүүгө учурады. Ушундай бир жеңилүү болду дейсиң, Вашингтон кандай болбосун өз таасирин сактап калуу үчүн алар менен тынчтык орнотууну талап кыла баштады. Американын аскерий күчтөрүнүн абалы мына ушундай. Ал чыныгы эр азаматтарга каршы турууга күчү жетпей жатат.

Экономикалык кубатка келсек, АКШнын экономикасы 2008-жылдагы кризистен кийин, ал тургай, коронавирус пандемиясынан мурда дагы бир глобалдуу кризисти башынан өткөрдү. Трамп Американын алдан тайган мындай экономикасын колдоп-кубаттоо максатында өлкөдө жумуш орундарын пайда кылуу үчүн глобалдык системаны өзгөртө баштады. Эркин соодадан протекционизмге өтүлүп, бүткүл дүйнө АКШ-Европа жана АКШ-Кытай соода согуштарына күбө болду. Өз ара атаандаштык катуу түс алышы күтүлүүдө. Себеби, оор абалда калган дүйнөлүк экономиканын бардык тармактары ортосунда күрөш башталган.

Саясий жагына келсек, адамдардын демократияга болгон ишенимдери сезилээрлик даражада төмөндөгөн. Катардагы адамдар да өкүмдар элита тарабында туруудан баш тартышууда. Себеби, элитанын өкүмдарлыгы катардагы адамдардын эсебинен болууда. Мындан тышкары, адамдар азчылык улуттарга карата тектик кемсинтүүдөн тажашты. АКШда «Black Lives Matter» (Кара түстүүлөрдүн өмүрү маанилүү) деген кыймылдын түзүлгөнү муну ачык-айкын көрсөтүп турат. Америка коомунда жүзөгө келген жаракаларды жашыруу мүмкүн болбой калып, ал дагы да кеңейип барууда. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден 2021-жылы 20-январда президенттик инаугурациядагы кайрылуусунда: «Вирус кеңири жайылган. Текчилдик туруктуу күчөп жатат. Ачуулануу, жек көрүү, жаман көрүү, зомбулук, экстремизм, мыйзам бузуу… оору, жумушсуздук, үмүтсүздүк кеңири жайылууда», – деди.

Ири күчтөр арасында, айрыкча, Америкадагы мындай чабал абал Ислам Умматы Халифалыкты тикелеши үчүн алтын учур болуп эсептелет. Себеби, Халифалык бүткүл мусулман өлкөлөрүн бир кубаттуу мамлекетке бириктирүү аркылуу эң ири мамлекетке айланышы мүмкүн. Ал дүйнөнүн бардык мазлумдарына хидаят нуру болот. Анткени, акимби, жаранбы, ак түстүүбү, кара түстүүбү, мусулманбы, кайрымусулманбы, Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүлөт. Күчтүү алсызга зомбулук кылбай турган болот.

Дүйнө калктары, алардын катарында Батыш элдери Халифалык түзүмү жана Аллах түшүргөн өкүмдөр көлөкөсүндө жашап, адилеттикти, бейпилдикти, коопсуздук жана тынчтыкты көрүшкөндө алар өздөрү Ислам Умматынан Халифалык мамлекетин кайра тикелөөнү талап кылышкан болор эле. Бирок, дүйнөнүн Ислам менен ойгонушуна капиталист жетекчилер тоскоолдук болушууда. Алар режимдерден, акимдерден жана кылмышкер байлардан болуп, адамзат Ислам менен көз ачышына, аны менен жашашына жана бактылуу болуп, бул дүйнө жана Акыретте нажат табуу Исламда гана экенин түшүнүшүнө жол бербей жатышат. Ошондуктан, Аллахтын уруксаты менен, тез күндө Халифалык тикеленгенде адамдар Аллахтын динине топ-топ болуп киришет. Кичүү Буш: «Бул мусулмандар эгер бир исламий мамлекетте бириге алышса, калган мамлекеттер кудум домино сыяктуу арты-артынан кулайт. Анда бул ишти токтотуп калууга өтө кеч болот», – деп айткандай, дүйнөдөгү куфр мамлекеттери арты-артынан кулайт. Бул акыйкатты куфр жетекчилери түшүнүп жатышкан соң, бирок көптөгөн мусулмандар, айрыкча, куралдуу күчтөрдү жана аскерлерди жетектеген күч-кубат ээлери эмнеге түшүнбөй жатышат?! Андыктан, күч-кубат ээлери Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн нусрат-жардам беришинин учур эбак келген. Бул үчүн зарыл болгон бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

 

Роя гезити, №329, 2021-жыл, 10-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here