Судан өткөөл өкмөтү жергиликтүү валюта курсун өзгөртүү менен Эл аралык Валюта Фондуна итаат кылуунун жетик үлгүсүн көрсөттү

193
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Судан өткөөл өкмөтү жергиликтүү валюта курсун өзгөртүү менен Эл аралык Валюта Фондуна итаат кылуунун жетик үлгүсүн көрсөттү

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө баса белгиленишинче, Судан өткөөл өкмөтү жергиликтүү валютанын курсун өзгөртүү менен Эл аралык Валюта Фондуна жетик даражада итаат кылууну көрсөттү. Ушул убакытка чейин өкмөт Фонддун бардык буйруктарын итааткөйлүк менен аткарып келди, бул нерселер өлкө жарандарына канчалык кыйроо-түйшүк алып келишине карабады.

Билдирүүдө мындай делет:

«Эл аралык Валюта Фондунун сунуштары дүйнөнүн кайсы мамлекетинде колдонулган болсо, баары кыйроо алып келген. Бул сунуштарды мурунку режим колдонгон, бирок, элдин каарынан коркуп, бир жүзүн Фондго каратып, экинчи жүзүн элге каратып, акыры кулатылды. Бүгүнкү режим болсо, калкка зулум-зомбулук кылууда, бирок, эртең анык уттурат. Бул режим аны түп-тамыры менен кулата турган чыныгы козголоң менен жок болот.

Халифалыктын кулатылгандыгынын жүз жылдыгында Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы расмий сүйлөөчүсү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) Судан калкына кайрылып, аларды Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу колонизаторлордон жана алардын малайларынан кутулуу үчүн Хизб-ут-Тахрир менен бирге олуттуу аракет кылууга чакырды. Устаз баса белгилешинче, Халифалык мамлекети гана өлкөлөрүбүздөгү кафирлердин тамырына балта чаап, адамдарга ааламдар Роббисинин өкүмдөрү менен өкүм жүргүзөт, өлкө байлыктарын тескеп, аларды Умматтын кызыкчылыгына сарптайт. Судан жакыр өлкө эмес. Бирок, ал залим капиталисттик түзүмдүн саясаты себептүү жакыр өлкөгө айланды. Себеби, адамдардын өлүп кетиши же тирүү калышы капиталисттик түзүмдү ойлондурбайт. Аны мамлекеттин пайыздуу карыздарга малынганы жана өлкөнүн байлыктарын уурдалып, алар чет элдик инвесторлордун колуна тапшырылганы гана кызыктырат.

 

Роя гезити, №328, 2021-жыл, 3-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here