Кыргызстан карызын төлөбөсө, маанилүү обеьктилер Кытайдын башкаруусуна өтүп кетет

284
0

Кыргызстан карызын төлөбөсө, маанилүү обеьктилер Кытайдын башкаруусуна өтүп кетет

Президент Садыр Жапаров эгер Кыргызстан Кытайга карызын төлөбөсө, өлкөдөгү кээ бир маанилүү объектилер Кытайдын башкаруусуна өтүп кетиши мүмкүндүгүн четке какпады. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги жарыялаган президенттин интервьюсуна таянуу менен “Российская Газета” кабарлады.

Садыр Жапаровдун айтымында, мамлекеттин тышкы карызы банкка бериле турган кадимки эле кредит сыяктуу төлөнөт. Эгер карыз алуучу тарап милдеттерин аткара албаса, карызды мүлк менен төлөйт. Президенттин билдиришинче, Кытайдын башкаруусуна өтүшү мүмкүн болгон обьектилердин арасында Бишкек ЖЭБи, “Датка-Кемин” электр линиясы о.э. “Түндүк-Түштүк” альтернативалык жолу бар.

Өлкө башчынын сөзүнө караганда, алар Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ), “Түштүк-Түндүк»”альтернативалык жолу жана “Датка-Кемин” электр линиясы. Садыр Жапаров бул объектилер карызды жабууга жетпей калса Кытай тараптын андан башка да объектилерди алууга укуктары бар экенин айткан
“Биз карызды өз убагында төлөп жатабыз. 2020-жылы 31-декабрга чейин 30 млн. доллар төлөшүбүз керек болчу. Аны төлөп бердик. Каржы булактарын таап, ар жак-бер жактан кылып жатып төлөдүк. Быйыл деле жыл аягына чейин жеңил төлөп кетүү үчүн ишенимдүү булактарыбыз бар”, – деди Жапаров.

 Комментарий: Маалым болгондой, Бишкек ЖЕБин модернизациялоо 2014-2017-жылдар аралыгында Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан ишке ашырылган. Ал Кытайдын “Эксимбанкы” тарабынан бөлүнгөн 386 миллион доллар кредит менен каржыланган. Кредит 2033-жылга чейин 480 миллион доллар кылып кайтарылышы керек. ЖЭБди модернизациялоону текшерүү учурунда Кытай компаниясы сатып алган буюмдар өтө кымбат көрсөтүлгөнү аныкталган (мисалы: бир даана кычкач 600$). Натыйжада 250 миллион доллардык иш 386 миллион долларга айланган.

 2012-жылдын башында “Кыргызстан улуттук электр тармактары” акционердик коому Кытайдын TBEA компаниясы менен үч мөөнөттө “Датка-Кемин” электр линиясын куруу боюнча келишим түздү. Келишимдин баасы 389 миллион доллар болуп, бул каражатты да Кытайдын “Эксимбанкы” бөлүп берди. Карыз жылына 2% пайыз үстөк менен, анын 9 жылы жеңилдетилген шартта, 20 жылга берилди. Мындан тышкары, кыргыз бийлиги “Түндүк-түштүк” альтернативалык жолун куруу жана Бишкектеги жолдорду оңдоо үчүн Кытайдан карыз алган.

 Кытайдын кредиттери бирдей схемада тартиптештирилет. Кытай бирер мамлекетте ишке ашырууну пландаштырган долбоор үчүн карыз бере турган болсо, карыз берүүчү банк да, ал долбоорду ишке ашыруучу тарап да Кытайдыкы болот. Компания долбоорду жабдыктар жана жумушчу күчү менен камсыздайт. Ошентип, алынган карыздарды иштетүү толук бойдон Кытайдын көзөмөлүндө болот жана акчалар кайра эле Кытайда калат. Бишкек ЖЭБи үчүн да, “Датка-Кемин” электр линиясы үчүн да Кытайдын “Эксимбанкы” карыз берди, ал эми бул долбоорду ишке ашыруучу тарап TBEA компаниясы болду. Карыз алган тарап Кытай компаниясы жабдыктарды канчага сатып алып жатканын, Кытайдан келген жумушчуларга канча айлык төлөнүп жатканын жана иштин сапатын көзөмөлдөй албайт. Натыйжада долбоор сапатсыз аткарылганы аз келгенсип, мамлекет дагы карыз болуп калат. Буга Бишкек ЖЭБинде реконструкция кылынгандан алты ай убакыт өтпөстөн авария болгонун, адамдар кыштын кычыраган суугунда жылуулуксуз калганын мисал келтирсек болот.

Кытай карыз алуучу тараптан карыздын шарттарын ашкере кылбастыкты талап кылат. Карызын төлөй албаган мамлекеттер Кытайга кен байлыктарын же жерлерин берүүгө мажбур болгонуна бир топ мисалдар бар.

Буга чейин Садыр Жапаров маалымат агенттиктеринин бирине берген интервьюсунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон келишимдер себептүү Кыргызстан көптөгөн объектилеринен айрылып калышы мүмкүндүгүн билдирген. А бирок, кайсы объекттер жана кредиттик келишимдер жөнүндө сөз болуп жатканын ачыктаган эмес. Демек, Кытай карыздын ордуна жогорудагы объектилерди берүүнү талап кылууда. Жапаров президенттик шайлоонун алдында: “Кытайдын карызынан кутулуунун жолдорун издеп жатабыз. Кутулуунун жолу бар”, – деген эле. Ал тапкан жолдордун бири – кендерди Россияга берүү болду. Мындан тыянак чыгарсак, Кыргызстандын “эгемендүүлүгү” суроо астында турат. Кыргызстан стратегиялык жактан маанилүү обьектилерин Кытайга берип, анын колониясына айланат, же кен байлыктарын Россияга өткөрүп берүү менен “орус империясынын” тузагында калат.

 Мындан башка үчүнчү жол да бар. Бул жол – Кыргызстан калкынын 85 пайыздан көбүрөөк калкы ыйман келтирген Ислам өкүмдөрүнө кайтып, Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу колонизаторлордун чеңгелинен кутулуу. Кыргызстан эле эмес, бардык исламий өлкөлөргө сүлүктөй жабышып алып канын соруп жаткан, байлыктарын талап-тоноп жаткан жана ушунча байлыктардын үстүндө жашап жаткан мусулмандарды бир сындырым нанга зар кылып жаткан жеп тойбос соргокторду тыйып коюуга Халифалык мамлекети гана кудуреттүү. Эгер Кыргызстан калкы мушриктер же кафирлер колунда куурчак болууну каалабаса Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда аракет кылышы керек.

 Абдурахман Адилов

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here