Түркмөнстанда “ит багаар” наамы негизделди
Түркмөнстандын парламенти “Эмгек сиңирген ит багаар” жана “Элдик ит багаар” наамдарын негиздөө боюнча мыйзам кабыл алды.
Белгилүү болгондой, буга чейин Түркмөнстандын президенти Бердимухамедов алабай жөнүндө китеп жазып, ырларды арнаган.
Комментарий: Азирети Умар разияллоху анху халифа болуп турганда Мединада катуу кургакчылык болду. Асмандан бир тамчы жамгыр жаабастан, түшүм да аз болду. Натыйжада Мединада ачарчылык башталды. Адамдардын кыйналып жатканын көргөн азирети Умар (р.а.)нун жүрөгү эзилип, көбүнчө удаама-удаа орозо кармап, түнкүсүн аз гана зайтун майы жана каткан нан жейт эле. Умар (р.а.) ордунан турганда тону жыртык, курсагы болсо ачкалыктан “курулдап” турат эле. Ошондо ал курсагына карап: “Эй курсагым! Кааласаң курулда, кааласаң курулдаба, качан мусулман наристелердин курсагы тойгонго чейин сени тойгузбаймын!”- дейт эле… Бул жетекчиликти мансап эмес, жоопкерчилик деп билген Хулафаи рошидиндердин позициясы эле.
Азыркы мамлекет башчылардын болсо бийлигинен пайдаланып элди эзүү, элдин эсебинен балдары жана небере-чебересине чейин жете турган байлык топтоо жана тууган-уруктарын “майлуу-сүттүү” жайларга жайгаштыруу аркылуу өз келечегин камсыздоодон башка камы жок.Калк ачкадан кырылып калса да буларды ойлондурбайт.
Беш миллион калкы бар жана жаратылыш газынын үлкөн (дүйнөдө төртүнчү орунда турат) запастарына ээ болгон Түркмөнстанда мына дээрлик төрт жылдан бери уланып келе жаткан экономикалык кризис себептүү жарандардын экономикалык абалы начарлады, азык-түлүк таңкыстыгы жүз берди. Көптөгөн аймактарда ун, нан, тоок эти, кумшекер жана өсүмдүк майынын таңкыстыгы күчөдү. Жүздөгөн адамдар бул азыктарды сатып алуу үчүн кезекте турушу адаттагы көрүнүшкө айланып калды. Бир адамга экиден ашык нан сатып алууга уруксат жок. Ал тургай, мамлекеттик дүкөндөрдө нанды үй-бүлө мүчөсүнүн санын тастыктоочу справка негизинде сатуу тартиби киргизилди.
Экономикалык жана азык-түлүк кризиси күчөшүнүн натыйжасында элдер ачкадан өлбөстүк үчүн ар түрдүү ыкмаларды ойлоп табышууда. Кээ бирлери өзүнүн канын сатуу (донорлук) менен акча табуу жолуна өткөн болсо, андай кыла албагандар тилемчилик кылуу, таштанды чукулоо, ал тургай денесин сатууга чейин жетип барышууда…
Ал эми, Гурбангулы Бердимухамедов болсо өзүн “ыйыкташтыруу” менен убара. Ал кайра-кайра китептерди жазды, коопсуздук кызматкерлерине ок атууну, дыйкандарга айыл-чарбасы менен алектенүүнүн үйрөтүп, ар түрдүү жаңы майрамдарды ойлоп табуу менен алек. 2020-жылдын 10-ноябрында Ашхабадда алабай үчүн бийиктиги 15 метрдик алтын айкел тургузду. Буга чейин да айтып келгенибиздей, бул президенттер кылып жаткан иштерди карап отуруп, булардын акыл-эси ордунда элеби деген ойдо каласың.
Эй мусулмандар, силер иштериңерди камкордук жана адилеттүүлүк менен башкара турган, силерди бул дүйнөдө кадыржамдык жана жыргалчылыкка алып чыга турган о.э. акыреттеги бактылуулукка жетектей турган жетекчи болушун каалайсыңарбы? Эгер ушуну кааласаңар Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда болгон мүмкүнчүлүгүңөр менен аракет кылгыла. Халифа жетекчиликти мансап эмес, тескерисинче жоопкерчилик катары кабыл алат жана ал үчүн Аллахтын алдында жоооп берерин билет.
Пайгамбаримиз Мухаммад соллаллоху алайхи ва саллам айтат:
“Баарыңар башчысыңар жана бардыгыңар өз карамагындагылардан жоопкерсиңер. Адамдар үстүндө турган имам башчы жана карамагындагылардан суралат. Эркек киши үй-бүлөсүнө башчы жана ал да карамагындагылардан суралат…”.
Абдурахман Адилов