Элдин мүлкү болгон “Жерүй” кенинин фабрикасы ачылды

271
0

Элдин мүлкү болгон “Жерүй” кенинин фабрикасы ачылды

17-мартта Таластагы “Жерүй” кениндеги алтын иштетүүчү фабриканын ачылышы болуп өттү. Ага президент Садыр Жапаров барды жана Орусия президенти Владимир Путин телекөпүрө аркылуу катышты. Путиндин айтымында, бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт.

Жапаровдун айтымында, “Жерүй” кенинин иши токтобойт. Бул долбоор Талас облусунун өнүгүүсүнө жана жалпы Кыргызстанга олуттуу салым кошот. Буга чейин эле бюджетке 1,5 млдр. сом түшкөн. Эми фабриканын ачылышы менен бюджетке түшкөн акча дагы көбөйөт. 1000ден ашык жумушчу орун түзүлөт.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки 2-орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар. Жалпысынан Жерүйдү иштетүү үчүн 15 компания менен келишим түзүлүп, анын сегизине мамлекеттик лицензия берилген. Бул компаниялардын дээрлик  баары Жерүйдү иштетүү үчүн каражат бөлүшкөн эмес.

Курманбек Бакиев президент болуп турган учурда кен Улуу Британиянын “Оксус Голд” компаниясына таандык болгон. 2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Кыргызстан калкы учурда үмүт байлап турган президент Садыр Жапаров эл арасына Кумтөрдөгү алтын кенди улутташтыруу сыяктуу чакырыктары менен белгилүү болгон. Бирок, бийлик колуна тийген соң, ал дагы үммөттүн мүлкү болгон кен байлыктар үстүндө кыянаттык келишимдерди түзүүгө мажбур болуп жатканына күбө болуудабыз. Анткени, бүгүнкү эл аралык түзүм 3-дүйнө өлкөлөрүнүн байлыктары колонизаторлордун колу менен иштей турган, анын пайдалары ушул державаларга ага турган капиталисттик түзүм.

Түпкүлүгүндө, кен байлыктар умумий мүлк болуп, шарият аны жамаат биргеликте пайдалануусун талап кылат. Ага жеке адамдын, же компаниянын, же мамлекеттин ээлик кылышына тыюу салынат.

Ибн Аббас риваят кылышынча, Пайгамбар с.а.в:

«اَلْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِى ثَلاَثٍ فِى الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ»

«Мусулмандар үч нерседе: суу, чөп жана отто шерик болушат», – деген. Бул хадисти Анас да ибн Аббастан риваят кылып, «анын акчасы арам» деген сөздү да кошкон.

Бул өкүм т.а. түгөнбөй турган кендин умумий мүлктүгү бардык кендерди өз ичине алат. Алар туз, сурма, жакут сыяктуу машакатсыз жетишиле турган кендер болобу, алтын, күмүш, темир, жез, коргошун сыяктуу машакат менен жетишиле турган кендер болобу, виллур сыяктуу коюу болобу, нефть сыяктуу суюк болобу – баары тең хадисте назарда тутулган кендер.

Жыйынтыктап айтканда, алтын кендер элдик мүлк болуп, ага жеке адамдын же мамлекеттин ээлик кылышы таптакыр мүмкүн эмес. Мамлекет анын идара иштерин гана жүргүзөт. Ал эми чет элдик каапыр колонизаторлордун стратегиялык аймактарды иштетүүсү таптакыр мүмкүн эмес. Тескерисинче, Исламда алтын кендерди иштетүү милдети мамлекетке берилсе да, андан түшкөн пайда толугу менен калктын муктаждыгын кандыруу үчүн аларга бөлүп берилет!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here