Эй Эрдаган! Халифалыкка даъват кылуу – камакка алуу шарт болгон кылмышпы?!

386
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эй Эрдаган! Халифалыкка даъват кылуу – камакка алуу шарт болгон кылмышпы?!

Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялады, анда мындай делет:

«Хизб-ут-Тахрир баштаган «Халифалыктын кулатылганынын жүз жылдыгында… Эй мусулмандар, Халифалыкты кайра тикелегиле» деген кампаниянын алкагында Хизб-ут-Тахрирдин Түркиядагы маалымат бөлүмү да Түркиянын көптөгөн шаарларындагы тарыхий жайларда Халифалык жөнүндө видео материалдарды даярдады. Амурияда тасмага алынган видеодо Халифа Муътасим андан жардам сурап кайрылган туткун муслималарга жардам көрсөткөнү ачыкталды. Бул иш-чаранын артынан үстүбүздөгү жылдын 23-февраль күнү Анкарадагы коопсуздук кызматы видеого тарткан деген шылтоо менен беш карындашыбызды камакка алды. Карындаштарыбыз үч күн тергөө кылынып, кийин сот иштерин кароо шарты менен бошотулду. Андан тышкары, Бурса шаарынын коопсуздук кызматы да үч боордошубузду Эртугрулдун күмбөзүн тасмага тартканы үчүн камакка алды. Стамбул коопсуздук кызматы Ускударда видеого алганы үчүн беш боордошубузду камакка алды».

Билдирүүдө дагы мындай делет:

«Хизб-ут-Тахрир Түркияда 1959-жылдан бери иш алып барат. Хизбдин аракети пикирий жана саясий күрөшкө чектелген. Бирок, ага карабастан акыркы алтымыш жылда Хизб мүчөлөрү зулумдукка, адилетсиздикке жана дооматтарга учурап келишти. Британия малайы болгон кемалчылардын доорунда да, аскерийлердин башкаруусунда да, соңку жылдарда «Адилет жана Өнүгүү» партиясынын өкүмдарлыгы доорунда да куугунтукталды. Бирок, бул зулум жана дооматтар Хизб мүчөлөрүнө таптакыр зыян жеткире албады, аларды даъваттан таптакыр тосо албады».

Билдирүүнүн соңунда мындай делди:

«Халифалыкты талап кылуу – кылмыш эмес. Тескерисинче, бул шаръий фарз жана улуу амал. Албетте, Эрдагандын коопсуздук күчтөрүнүн бул сыяктуу чабуулдары жана камакка алуулары бизди бул мубарек жакшылык даъватыбыздан эч качан бура албайт. Алар билип коюшсун, биз Халифалыкты тикелөөгө даъват кылууну жана ушул даъватты коргоону эч качан токтотпойбуз».

 Роя гезити, №329, 2021-жыл, 10-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here