Таъзия

294
0

Таъзия

الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

 “(Эй Мухаммад) бирер мусибат келгенде: Албетте биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз ал Затка кайтуучуларбыз, – дей турган сабыр кылуучуларга сүйүнчү кабар бер”

 Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизб ут-Тахрир жамааты, даъват аманатын көтөрүп чыккан муслима эжебиз Мамажанова Маъмура эже көпкө созулган оорудан кийин 13-март күнү Роббисинин алдына сапар тартканын терең кайгыруу менен кабарлайт.

Мамажанова Маъмура эжебиз 1966-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Үч уул, бир кыздын энеси болгон Маъмура эжебиз перзенттерине көркөм тарбия берип, аларды ыймандуу адамдар кылып тарбиялады. Ал Хизб ут-Тахрир пикирлери менен таанышкан алгачкы күндөн баштап даъват аманатын көтөрүп чыкты. 15 жылдан ашуун убакытта Хизб сабында аракет кылуу менен бирге аялдарга Куръан илиминен да сабак берип келди. Маъмура эжебиз күйөөсүнө итааттуу, өтө сабырдуу, көркөм мүнөздүү, меймандос жана эшиги дин үчүн ар дайым ачык болгон адам эле.

 Эжебиз бир жылдан көбүрөөк убакыттан бери ооруп жатышына карабастан, даъват ишмердүүлүгүн бир ирмемге да токтотподу. Ооруну Аллах тарабынан берилген бир сыноо катары кабыл алып, Аллахка шүгүр жана ибадатты дагы да көбөйтүү менен өмүрүнүн ар бир мүнөтүн адамдарды акыйкатка чакырууга жумшады.

 Биз Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтан Маъмура эжебиз тарткан азаптарды күнөөлөрүнө каффарат кылышын, күнөөлөрүн магфират кылып, бейиштен орун беришин сурап калабыз.

 О.э. эжебиздин артында калган перзенттерине, тууган-урук жана жакындарына көркөм сабыр тилеп, терең кайгыруу менен таъзия билдиребиз. Аллах сиздерге көркөм сабыр берсин жана сиздерди чырайлуу сабыр кылуунун артынан жакшылыктар менен сыйласын.

 Албетте, ар бир мусулмандын дүйнөдөн өтүшү, айрыкча, даъват аманатын көтөрүүдө үзөңгүлөш болгон муслим жана муслиманын дүйнөдөн кайтышы бизди терең кайгыга батырса да, Аллахты ыраазы кылуучу сөздөн башкасын айтпайбыз:

الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

(Эй Мухаммад) бирер мусибат келгенде: Албетте биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз ал Затка кайтуучуларбыз, – дей турган сабыр кылуучуларга сүйүнчү кабар бер”. [2:156]

 Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here