Мусулмандар Батыш “канализациясынан” суу ичпейт

248
0

Мусулмандар Батыш “канализациясынан” суу ичпейт

8-мартта Бишкекте жана Ош шаарында Бириккен Улуттар Уюму белгилеген аялдардын укугун коргоо күнүнө карата иш-чаралар болуп өттү. Бул сыяктуу акциялар башка мусулман өлкөлөрүндө өткөрүлүп, аларды ЛГБТ өкүлдөрү коштоп чыкты.

Бул ирет Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар үй-бүлөлүк зомбулукту беткап катары көтөрүп чыгышты. Айрымдары эркиндигин даңазалап чачын кырса, башкалары “баш ийбе” сыяктуу лозунгдарды көтөрүп чыкты. Алардын ураандары өз кезегинде мусулмандардын кыжырдануусуна себеп болуп, социалдык тармактарда талкуулар күчөп жатат.

Түпкүлүгүндө, аял укугу жана аларга карата зомбулук Кыргызстанга караганда Батыш өлкөлөрүндө эселеп көп жана жыл сайын өсүп келет. Маселен, USA Today басылмасы жазышынча, Голивудда иштеген аялдардын 94%ы сексуалдык зомбулукка кабылганын билдиришкен. АКШда ар бир мүнөт сайын 20 адам үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот. Бул өлкөдө суткасына 1900 кыз зордуктоого кабылаары отчетторго чыккан. Мындан тышкары, жылына миллион кыз аборт кылдырат. Францияга келсек, 4 миллион француз аял же аялдардын 12%ы өмүрүндө жок дегенде бир жолу зордукталганын айткан. Ал эми, ар үч күндө бир аял бирге жашаган адамы тарабынан өлтүрүлөт. Германияда ар 5 мүнөт сайын кеминде бир аял сексуалдык жана башка зомбулукка учурайт, 2017-жылы эки же үч күндө бир аял өлүмгө туш болгон, алар жолдоштору, туугандары же бирге жашаган адамдары тарабынан өлтүрүлгөн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетунда келишинче, дүйнөдө ар үчүнчү же аялдардын 35%ы физикалык же сексуалдык зомбулукка туш болгон. Айрыкча, пандемия шартында бул сандар дагы да өскөнүн эл аралык уюмдар аргасыз моюнга алууда.  Европа комиссиясынын баяндамасына ылайык, үй-бүлөдөгү чыр-чатак Францияда карантиндин алгачкы жумасында эле 32 пайызга, Литвада алгачкы үч жумасында 20 пайызга көбөйгөн. Ошол эле учурда дүйнө жүзүндө 2,5 миллиарддан ашуун аял ар кандай дискриминациялык мыйзамдардын басымы астында жашап келишет.

Буга кошумча капитализм аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө тукруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө. Демек, жогорудан белгилүү болгондой, капитализм (демократия) системасы аялдар туш болгон зомбулукту жоё албайт. Бул идеология ушул проблемаларды чечмек тургай, алардын көлөмүн кыскартууга да жетише албады. Капиталисттик түзүм астында аялдарды сый-урмат менен камсыздоо мүмкүн эмес. А түгүл, капиталисттик түзүм астында аялдардын экономикалык укуктарын коргоо мүмкүн эмес. Себеби, бул түзүм жакырлардын эсебинен байларды колдоп турат, либерал эркин базар саясатын колдонуп, мамлекеттин экономикасын муунтуп, аны үлкөн карыздар баткагына батырат о.э. ушул карыздар калкты жетиштүү кызматтар менен камсыздоого аны алсыз кылып коёт!

Негизи, аял киши корголушу важиб болгон намыс жана үй бекеси катары каралышы керек эле. Мына ушундай камкордук гана аял кишиге өзүн аял катары сезүүсүн камсыздап берет. Мындай камкордук бир гана Исламдагы ижтима түзүмү турмушта колдонулуусу менен болот. Анткени, үй-бүлө коомдун негизин түзөт, перзенттерибиз келечекти калыптандырат. Үй-бүлө, муун жана коомду түрдүү жаман пикирлерден, иштерден жана нерселерден коргоо Исламды адилеттик менен колдоно турган жана Исламды рисалат катары дүйнөгө алып чыга турган мамлекетте жүзөгө чыгат.

Акыйкат ушул, исламий өлкөлөрдөгү аялдар, өз жашоосунда чыныгы өзгөрүүгө жетишүү үчүн түптөн өзгөрүүгө муктаж. Бул болсо, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык түзүмүн тикелөөнү талап кылат. Себеби, мындай түзүм аялдарды коргоону жана алардын кадыр-баркын сактоону өз башкаруусунун негизги устуну кылып алган. Бул түзүм жетекчилиги аялдардын акы-укуктарын коргойт. Анда ушундай бир соо-саламат экономикалык түзүм бар болуп, ал ар бир жарандын негизги муктаждыктарын кандырууну кепилдөөгө кудуреттүү. Анын көлөкөсүндө жарандар соо-саламат билим алуу жана медициналык жардам сыяктуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат жана булар эч кандай талкууга орун калтырбай турган көрүнүштө далилденген. Ошондуктан, биз аялдар жашоосунда чыныгы түптөн өзгөрүүнү чындап арзуу кылып жаткан ар бир адамды ушул рошид Халифалыктын тезирээк тикеленишин колдоп-кубаттоого о.э. гендердик теңдик деп аталган жалганды четке кагууга чакырабыз.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here