بسم الله الرحمن الرحيم
Халифалык жана анын кадыр-баркы
Расулуллах ﷺ Исламды турмушта колдонгонуна эч кандай шек-күмөн жок. Рошид Халифалар жана андан кийин келген Халифалар да тээ Усманий Халифалык кулатылганга чейин кудум ушундай жолду карманышкан. Себеби, мусулмандар Халифасыз жашоону элестете алышпайт болчу. Алар халифага байъат беришет эле, Халифа болсо аларды Аллахтын мыйзамы менен башкарып, байтулмалдагы каражаттарды мусулмандардын ортосунда адилеттүүлүк менен бөлүштүрөт эле. Алар Аллахтын рисалатын дүйнөгө жеткирүү үчүн кошуундар жихадга даярдалып жатканына күбө болушат эле. О.э. мусулмандардын көз алдында хаддар (жаза-чаралар) колдонулуп, байлардан зекет алынып, жакырларга берилет болчу. Соодагерлер бажы алымысыз соода сатык жүргүзүшөт эле. Ошентип, Үммөт Исламдын өкүмдөрүн колдонуу натыйжасында “Ла илаха иллаллаху Мухаммадур Расулуллах” байрагы астында коопсуз жана бейпил жашады. Эгер аким үммөткө зулум кылса же Исламды туура эмес колдонсо, Үммөт аны мухасаба (тергеп-тескеп) кылып, ар дайым жеңишти же шейиттикти көздөп жихадга шашылат эле, жаманатты кылуучунун жаманаттысына таптакыр көңүл бурбайт эле. Ички саясатта Исламды колдонуу о.э. тышкы саясатта даъват жана жихад аркылуу рисалатты жаюу менен азиздик өкүм сүрдү. Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин кылымдын кылмышкери Мустафа Кемел жана анын жардамчылары тарабынан халифалык кулатылганга чейин ушундай абал өкүм сүрүп турду.
Хижрий 1342-жылы кылмышкер яхудий Мустафа Кемелдин колу менен Усманий халифалык кулатылгандан бери Ислам Үммөтү начар абалда калды, халифалык күнү батканы себептүү Үммөт оор абалда онтоп жатат. Бүгүнкү күндө Ислам Үммөтү эле эмес, дүйнө жүзүндө абал ушундай. Халифалыктын жоктугун сүрөттөгөн Лоуренс Арабий акыйкат сөздөрдү айткан эле.
Лоуренс Арабий өзүнүн жашыруун катында: «Шариф Хусайн бизге пайдасы тийе турган адамга окшойт. Себеби, ал биздин исламий фронтту талкалоо жана усманий империяны жеӊүү… сыяктуу максаттарыбыз менен бирге жүрүп жатат… Арабдар үстүндө туура «иштелсе», алар саясий бытырандылык абалына түшүп калышат т.а. бири-бирин көрө албай турган жана биригүү жөндөмү жок майда амирликтерге айланышат», – деп жазган эле.
Халифалык жоктугу себептүү Үммөт башынан өткөргөн кордукту айта берсек сөз жетпейт. Себеби, Халифалыктын жоктугу Аллахтын мыйзамдары жокко чыгарылышын түшүндүрөт. Бул болсо, Үммөттүн башына түшкөн ар бир мусибатка негизги себепкер болуп эсептелет. Мусулман адам Аллахтын мыйзамдарынан алысыраак жашаса, анын Исламы толук болбойт. Адамдар тарабынан чыгарылган куфр мыйзамдарына моюн сунуу Исламдан алыстоо болуп эсептелет. Ислам – бул өзүнөн жашоо түзүмү келип чыга турган аклий акыйда. Бул ушундай кемтиксиз түзүм дейсиң, анын айрымдарын колдонуп, айрымдарын таштап коюуга орун жок. Т.а. ыйман жагынан алганда бөлүнүүнү (жузъийликти) кабыл албай турган бир бүтүн түзүм болуп эсептелет.
Аллах Таала айтат:
فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجاً مِّمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيماً
–Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт.
Дагы айтат:
وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ
– (Эй Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын каалоо-нафсилерине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун!
Исламда турмуштун бардык тармактарына чечим бере турган түзүм бар. Шаръий нусустарды окуп үйрөнүүдөн белгилүү болгондой, Исламда башкаруу түзүмү, экономикалык түзүм, социалдык түзүм, тышкы саясат, таалим саясаты жана башкалар бар. Ал мамиле жана жаза-чараларды да камтыйт. Ислам ибадаттан эле турган дин эмес.
Колонизатор кафир Батыш өзүнө караштуу куурчак режимдер аркылуу өз түзүмдөрүн мусулмандардын жашоосуна киргизгенден кийин, Ислам шарияты турмуштан четтетилиши Үммөткө өтө кымбатка түштү. Бул куурчак режимдердин негизги милдети колонизатор кожоюндарынын буйруктарын аткарып, Аллахтын мыйзамына каршы күрөшүү. Ыйык нерселер же Мусулмандардын каны бул режимдер үчүн кыпындай да мааниге ээ эмес, алардын бардык иштери шариятка бүтүндөй тескери. Булардын бардыгы халифалык жоктугу себептүү жүз берип жатат.
Халифалыктын жоктугу, негизи мусулмандардын башына өтө чоң мусибат алып келген колонизатордук саясатка моюн сунгандыкты түшүндүрөт. Бул моюн сунуу эки кыбыланын биринчиси болгон ыйык жерди булгоо үчүн яхудийлерге шарт түзүп берүүдө эле эмес, мусулмандардын саткын акимдери тарабынан яхудийлердин коопсуздугун коргоо үчүн кол коюлган “тынчтык” келишимдеринде да бар. Бул саткын акимдер мубарак жерди яхудий вужудунун ыпластыгынан тазалоонун ордуна алар менен “тынчтык” келишимин түзүштү. О.э. алар колонизатор кожоюндарынын Яман, Сирия жана башка мусулман өлкөлөрүндө кыргын кылуучу согуштарды алып баруу боюнча көрсөтмөлөрүн да аткарышууда.
Халифалыктын жоктугу себептүү акимдер исламий өлкөлөрдөгү коомдорду батышташтырууга чакыруучу колонизатордук саясатын ишке ашырып жатышат. Алар CЕДАW сыяктуу үй-бүлөлөрдү бузуучу жана зынага алып баруучу келишимдерге кол коюшту, окуу программаларын колонизатордун буйругуна ылайык келе турган көрүнүшкө өзгөртүштү. Мында Батыштын жашоосун үлгү кылып көрсөтүүчү маалымат каражаттарынын кызматы аябай зор болду. Булардын бардыгы исламий шахсияттын пикирий, сакафий, экономикалык жана саясий жактардан бузулушуна себеп болду. Бул болсо, мусулмандардын жашоосунан Исламды бүтүндөй четтетүүгө о.э. кайрадан ойгонууга же Батыштын колониясынан кутулууга таасирин тийгизбей турган айрым жеке ибадат ырасымдары менен чектелүүгө алып келди.
Кээ бир аалымдар бул акимдердин кылмыштарын актоо, же болбосо, сүкүт сактоо менен алардын кылмыштарына шерик болуп жатышат. Алар Аллахтын шариятын этибарсыз калтырышууда. Учурда алардын көчүлүгү пайда бербей турган зыяндуу фатвалар жана вакиъге тиешеси болбогон маърузаларды чокусуна чыгарып жатканын көрөсүз, алар кафирлерди дос туткан жана Аллахтын шариятына тоскоолдук кылып жаткан о.э. Аллахтын мыйзамын жашоого кайтаруу үчүн аракет кылып жаткандарга каршы күрөшүп жаткан саткын акимдердин кылмышы жөнүндө сүкүт сакташууда.
Хидаят, камкордук, рахмат, сыймык жана адилеттүүлүк мамлекети болгон Халифалык мамлекетинде илахий шаръий өкүмдөр астында туруу, бул өтө чоң маселе. Буга кошумча түрдө, Ислам Үммөтү рисалат ээси болуп эсептелет. Бул болсо, адамдарды караңгылыктан нурга алып чыгуу үчүн аларды Исламга киргизүү дегени. Мусулмандар негизги маселеси ушул болгон доордо цивилизация, пикирий жана маданий өнүгүү жагынан чыгыш менен батышка өкүмдарлык кылышкан эле. Башка мамлекеттердеги адамдар Халифалык мамлекети астында жашоону арзуу кылышат эле. Алар караңгылыктан жана артта калуудан кутулуу үчүн Ислам аскерлери алардын мамлекетин фатх кылышын ынтызардык менен күтүшөт эле. Луи Сидионун Африкага Ислам цивилизациясын алып кирген Бану Аглаб жөнүндө жазгандары буга далил болот.
Ал мындай деп жазган эле: Бану Ал-Аглаб ар бир бай жана түшүмдүү өлкөлөргө соода, өнөржай жана айыл-чарбасын кайрадан жандандыруу үчүн болгон күчүн аябады. Кампаларды куруп, чөл менен жээктеги калктын ортосундагы алаканы жеңилдетти. Жолдорду куруп, байланыш коопсуздугун көзөмөлгө алды. Марокко жана Мисир чек арасы ортосунда почта үчүн жалпы башкаруу кеңсесин курду. Андан соң, алар эң маанилүү порттордо өнөржай үчүн маанилүү рол жаратышты, себеби алардын күчтүү флоту бар эле. Бул нерсе аларды деңиз кожоюндарына айландырган эле”. Халифа Абдул Хамид (Аллах рахматына алсын) тарабынан курулган темир жолу да халифалык мамлекети улуу мамлекет болгондугун тастыктап турат.
Халифалык мамлекетинин тикелениши, болгону убакыт маселеси гана. О.э. Халифа кылуу (убадасы), азиздик жана өнүгүү күндөн-күнгө жакындашууда, буга эч кандай шек-күмөн жок. Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылуу жана Халифага байъат берүү ар бир момун эркек жана момун аялдын мойнундагы фарз. Бул маселеде суздук кылуу мүмкүн эмес. Аллах биздин мойнубуздан кордукту алып таштаганга чейин жана адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт макамына кайтып келгенге чейин аракет кылышыбыз важиб.
Роядан