Швейцарияда никабга тыюу салынмакчы

286
0

Швейцарияда никабга тыюу салынмакчы

7-мартта Швейцарияда коомдук жайларда бетти толук жаап жүрүүгө тыюу салуу маселеси боюнча референдум өттү. Референдумдун жыйынтыгы чыкса, эми мусулман аялдар коомдук жайларда никаб кийишине тыюу салынат. Ошондой эле, эркектер аялдарды никаб кийүүгө мажбурлай алышпайт. Ал эми, сыйынуучу жайларда, саламаттык менен байланыштуу учурларда жана салттуу карнавалдарда бетти жапса болот.

          Капиталисттик өлкөлөр өзү ыйык туткан эркиндиктерди биринен тарта экинчисин тебелеп-тепсөөдө. Мындай башаламандык алардын идеологиясы жар жакасына келип калганын түшүндүрөт. Ислам баалуулуктарына каршы чабуулдар капитализмдин пикирий жактан кризиске кептелгенин да ачыктоодо. Буга чейин Францияда Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа с.а.в.дын акааратталышы, Швецияда Ыйык Курандын өрттөлүшү жана Чыгыш Түркистанда муслималардын лагерлерде зордукталышы мунун ачык мисалы.

Тилекке каршы, мусулмандар ушундай кор абалга кептелдик дейсиң, ыйманыбыздын негизги талаптарынын бири болгон Куран жана Пайгамбарыбыздын урматы тебеленишин кайдыгер абалда күзөтө турган болуп калдык. Ар-намысыбыз болгон аялдарыбыздын намысы тебеленишин көз жаздымда калтыра турган болдук. Ал эми каапырлар биздин баалуулуктарыбызды биринин артынан экинчисин тебелеп-тепсеп жатышат. Алар Ислам жана анын баалуулуктарына каршы бир кемеде сүзүшүүдө.

Мунун каршысында Ислам үммөтү деп аталган 2 миллиардга жеткен мусулмандар деңиз көбүктөрүнө айланып калышты. Анткени, аларды бириктире турган Ислам мамлекети жок! Бир муслиманын намысы үчүн бүткүл армиянын ак жана кара аттарын сапка тизген Аль Мутасим биллах сыяктуу халифтер жок!

Биздин бүгүнкү кор абалыбызды Алланын Элчиси кандай гана анык сүрөттөгөн. Расулулла с.а.в айткан: «Жакында силердин үстүңөргө түрдүү улуттар кудум жеп тойбос ачкөздөр өз тамагына таштанганы сыяктуу таштанышат». Ошондо бир киши: «Ошондо биз азчылык болобузбу, я Расулулла?» – деп сураганда айтты: «Ал күндө силер көпчүлүк болосуңар, бирок, жамгыр суусунун көбүгү сыяктуу бир көбүк болосуңар. Алла душманыңардын жүрөгүнөн силерден коркууну алып таштайт, силердин жүрөгүңөргө болсо вахнды салып коёт». Бир киши: «Я Расулулла, вахн эмне?» – деп сурады. Айтты: «Дүнүйөнү жакшы көрүү жана өлүмдү жаман көрүү» (Абу Давуд Савбандан кылган риваят).

Албетте, үммөт мындай абалдан өз Исламына кайтуу менен жана чыныгы лидердин халифалык мамлекетин кайрадан жарыялоосу аркылуу чыга алат. Бул үчүн чыныгы лидерлерден ар бир Ислам баалуулуктарына каршы жасалган чабуулга жооп берүү жана ушул жолдогу курманчылык талап кылынат. Ал эми үммөттөн өз Исламдарын мабда катары көтөрүп чыгуу талап кылынат!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here