Кушнердин Нобель сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлүшү баскынчы яхудийлерди колдогону үчүн болду

205
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Кушнердин Нобель сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлүшү баскынчы яхудийлерди колдогону үчүн болду

«Арабий 21» веб-сайты хижрий 1442-жылы 19-жумадуссаний, миладий 2021-жылы 1-февраль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«АКШнын Гарвард университетинин профессору Алан Дершовиц Ак үйдүн мурунку кеңешчиси Жаред Кушнер жана анын жардамчысы Ави Берковицтерди Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер катары көрсөткөнүн жарыялады.

Дершовиц Нобель сыйлыгынын комиссиясына жазган катында Кушнер менен Берковицтин араб мамлекеттерин баскынчы (израиль) менен мамилелерди нормалдаштырууга үндөгөн иш-аракеттерин жогору баалаган».

Роя:

Чоң кылмышкерлерге, канкорлорго жана алардын малайларына биринчи ирет мындай сый көрсөтүлүп жаткан жок. Чоң кылмышкерлердин көрсөткөн эмгектери мусулмандарды кыргын кылуу жана аларга согуш ачуу болсо да, өлкөлөрүбүздөгү малайларынын эмгектери алардын пландарын аткаруу жана Батыштын пайдасына батышча сакафатты өлкөлөрүбүздө кеңири жаюу болду.

Нобель сыйлыгы деп аталган сыйлыктын тизмесинде Фалестин калкына көптөгөн кыргын жана кылмыштарды жасаган Шимон Перес менен Исхак Рабин о.э. Мьянманын мурунку мамлекет кеңешчиси Аун Сан Су Чжи да бар. Аун Сан Су Мьянмада мамлекет кеңешчиси кызматында иштеп, анын бул кызматы мусулмандарга каршы үрөй учурган массалык кыргын кылуу кылмыштарын жасап жаткан мамлекеттеги премьер-миинстрлик кызматына барабар болуп эсептелет.

Яхудий вужудуна мубарек жерибиздин көпчүлүк жерлерин тапшыруу, өлкө калкын кыргын кылып, качкынга айлантуу, айылдарды калкы менен бирге ойрон кылуу, күндө Фалестин калкын азап-кыйынчылыктарга туш кылып, аларды бардык турмуштук зарылдыктардан куру калтыруу жана ыйык жайларын тебелеп-тепсөө… булардын баары колонизаторлордун назарында сыйланышы зарыл болгон кызматтар болуп эсептелет. Демек, аларга да, алардын сыйлыктарына да кыйроо болсун.

 

Роя гезити, №325, 2021-жыл, 10-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here