بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Үч структура ортосундагы күрөш эл аралык күчтөр Тунисти яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу кылмышына тартуусу үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк жаратып берет
«Сада нет» веб-сайты хижрий 1442-жылы 22-жумадуссаний, миладий 2021-жылы 4-февраль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Хизб-ут-Тахрир «Тунистеги үч структура (парламент, өкмөт, президенттик администрация) ортосунда саясий күрөш жүрүп жаткан учурда Батыш мамлекеттеринин колонизаторлук пландарына» аралашып калуудан эскертти. Хизб баса белгилешинче, Туниске тузак койгон эл аралык финансылык жана саясий күчтөр бийлик үстүндө болуп жаткан кызуу талаштан пайдаланып, өлкөнүн экономикалык жана социалдык туруктуулугу үчүн анык тандоо катары Тунисти да сионист вужуд менен мамилелерди нормалдаштыруу толкунуна тартышмакчы.
Хизб-ут-Тахрирдин саясий бөлүмүнүн төрагасы Абдурауф Амирий бейшемби күнү Хизбдин Арьяна шаарындагы офисинде басма сөз форумун өткөрүп, Тунистеги саясий абалдын нугунан чыгышынын себебин төмөнкүдөй түшүндүрдү: «Мунун себеби, үч бийликтин калктын кызыкчылыктары жана арзуу-үмүттөрү эсебине өз ара маанисиз тартышуу жана күрөштөр менен алектенип жатканы. Алар атайылап калктын реалдуу маселелерин жок кылууга каратылган ролду ойноо менен алек болушууда. Бул роль капиталисттик түзүмдүн жана колонизатор мамлекеттер пландарына ылайык, калкты мойнунан байлап алып, анын жерине бүтүндөй ээ болуу».
Роя гезити, №325, 2021-жыл, 10-февраль.