Аллахтын убадасы акыйкат

240
0

 Аллахтын убадасы акыйкат

Аллахтын момун пенделерине нусрат берүү жана үстөм кылуу жөнүндөгү убадасы кыямат күнгө чейин турат:

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمْ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لاَ يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْفَاسِقُونَ

 “Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар”. [24:55].

Ислам Үммөтү жүз жылдан бери азиздигинен айрылып, зулум жана кордукта жашап келди. Кафирлер Ислам динине жана анын баалуулуктарына карата оюна келген ишти кылып жатышат. Мусулмандардын баалуулуктары, намыстары тебеленди. Кыскасы, мусулмандар көрбөгөн зулум, кыргын жана кордук калбады. Бүгүнкү күндө мусулмандар эле эмес, бүтүндөй адамзат капитализм деп аталуучу жеп тойбос, ач-апаат түзүм алып келген балээлер ичинде толгонуп, куткаруучуну күтүп жатат. Дүйнө жүзүндөгү абал жана адамзаттын башына түшүп жаткан зулумдар Исламсыз чечилбейт. Ислам Үммөттү ойготуп, адамзатты куткарууда өз ролун мабда катары өтөй алышы жана адамзатты караңгылыктан нурга алып чыгышы үчүн албетте мамлекет керек. Себеби, Аллахтын өкүмдөрүн толук колдонууга Халифалык мамлекети гана кепил болот.

 Үммөт арасындагы таква мусулмандар Аллах убада кылган нусрат жана азиздикке кыпындай да шектенбестен, Аллахтын өкүмдөрүн жер бетинде бийик кылуучу Халифалык мамлекетин тикелөө жолундагы аракетин бир ирмемге да токтотушпады. Алар Аллахтын убадасы жана пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.)дын башаратына ишенген абалда өз убада-шерттеринде бекем туруп, максатын көздөй умтулушууда. Бул мамлекеттин тикелениши болгону убакыт маселеси гана. Аллахтын уруксаты менен тез арада роббаний убада, набавий башарат жүзөгө чыгат. Ислам кайтып келет, анын мамлекети тикеленип, Ислам күчтүү болот.

Аллах Таала төмөнкү аятында убада кылгандай, динибиз дүйнө жүзүнө кеңири жайылат:

هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بالهدى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ

Ал (Аллах) Өз Расулун хидаят жана хак дин менен – мушриктер каалашпаса да – бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген зат [9:33].

 Нусрат – Аллахтын солих пенделерине берген убадасы болуп, бул эч бир шек-күмөнсүз ишке аша турган убада. Аллах нусрат берген күнү мусулмандар каршысында турууга кудуреттүү бир да күч калбайт.

إِنْ يَنْصُرْكُمُ اللهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ

Эгер, силерге Аллах нусрат берсе, эч ким силерден үстөм болбойт” [3:160].

О.э.  Расулуллах (с.а.в)дын Аллахтын дини дүйнө жүзүнө жайылышы жөнүндөгү башараты да жүзөгө чыгат:

لَيَبْلُغَنَّ هَذَا الْأَمْرُ مَا بَلَغَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ, وَلاَ يَتْرُكُ اللَّهُ بَيْتَ مَدَرٍ وَلاَ وَبَرٍ إِلاَّ أَدْخَلَهُ اللَّهُ هَذَا الدِّينَ بِعِزِّ عَزِيزٍ أَوْ بِذُلِّ ذَلِيلٍ، عِزًّا يُعِزُّ اللَّهُ دِينَ الْإِسْلَامِ، وَذُلاًّ يُذِلُّ بِهِ الْكُفْرَ

 “Бул иш күн жана түн жеткен жерге чейин жетип барат. Аллах бир да отурукташкандын, көчмөнчүнүн үйүн калтырбастан, ага бул динди азиздин азиздиги жана кордун кордугу менен киргизет. Ушундай бир азиздик, Аллах аны менен Ислам динин азиз кылат, ушундай бир кордук, Аллах аны менен куфрду кор кылат”. (Имам Ахмад риваяты).

Расулуллах (с.а.в.) дагы айтат:

… ثُمَّ تَكُونُ جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَاُ شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ

“… Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот» (Имам Ахмад риваяты).

Нусрат китебинин барактары түгөнбөйт, икаялары токтобойт. Анын ар бир тамга жана сөздөрү ыйман, Аллахка ишеним жана тобокелде болуу, убада-шерт, даярдык жана бекемдиктен турат.

Аллах Таала айтат:

وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ

 “Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды (кордук, бечаралыктан чыгарып, адамдарга) башчы заттарга айлантууну жана аларды (Фиръавн мүлкүнүн) мураскорлору кылууну каалайбыз”.  [28:5].

Эч качан унутпашыбыз керек болгон акыйкат ушул, биз Аллахтын ушул эң бир сыймыктуу жана эң жакшы пайгамбарлары чынжырынын акыркы тогоосу болгон жана аларга ыйман келтирип, көркөм көрүнүштө ээрчиген Ислам Үммөтүбүз. Биз кудуреттүү Аллахдан үстүбүздөгү хижрий жылды жакшылык ачкычы кылышын, илахий нур зулум жана караңгылык үстүнөн жеңишке жетишин сурап калабыз.

Аллахтын таква кулдарына нусрат бериши кыяматка чейин мыйзам болуп калат:

وَعْدَ اللَّهِ لَا يُخْلِفُ اللَّهُ وَعْدَهُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

 “(Бул) Аллахтын убадасы. Аллах Өз убадасына тескери иш кылбайт. Бирок көп адамдар муну билишпейт” [30:6]

Абдурахман Адилов

#أقيموا_الخلافة
#خلافت _ کو _ قائم _ کرو
#YenidenHilafet
#ReturnTheKhilafah
#Халифалыкты_кайра_тикелегиле
#Установите_Халифат

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here