Халифалык тикеленгенде эмне болот?
1924-жылдын 3-мартында (хижрий 1342-жыл, Ражап айы) акыркы Халифалык мамлекети кулады. Андан бери миладий 97, хижрий 100 жыл (Ражап 1442-жыл) өттү. Айтканга оңой болгон менен мусулмандар бир кылым ичинде урматын жоготуп, намысын тебелетти. Мусулмандар эле эмес бүткүл адамзат мазлумга айланды. Мындай зулумдуктан мусулмандар кайрадан экинчи Рашид Халифалыктын тикелениши менен гана кутулушу талашсыз. Мына ушул мамлекет Шам жергесинде б.а. Сирия, Ливан, Иордания, Ирак жана Түркия аймагында жарыяланса эмне болот? Төмөндө Халифалыктын жарыяланышынан кийин күтүлгөн урунтуу учурларга токтолобуз.
Албетте, Халифалыктын жарыяланышы аймактык бир маселе эмес. Тескерисинче, дүйнөнү титиреткен жана Батыштын коркунучтуу түшү ишке ашкан улуу окуя болот. Демек, эл аралык майдандагы күчтөр саясий, экономикалык а түгүл, аскерий чабуулдарды жасашы талашсыз. Бул ишке өздөрү эле эмес аймактагы жүгүртөктөрүн да аралаштырат. Айрыкча, мына ушул күн үчүн даярдалган өлкөлөрдүн бири, 1979-жылы Шия пикири үчүн пайда кылынган Иран Ислам республикасы аралашат. Каапырлар үчүн бул да аздык кылат жана Саудия, Миср сыяктуу башка өлкөлөрдү да ишке салат. Мындай окуяга Европа, Орусия, Кытай, АКШ аралашпай калышы мүмкүн эмес. Жогоруда айткандай, аймактык жана эл аралык күчтөрдүн аралашуусу менен бул жараян дүйнөлүк окуяга айланышы айдан ачык. Ошондуктан, Халифалык жарыяланган күндөн тарта төмөнкү сыпаттарга ээ болушу шарт. Коомдун негизги катмары – бул калктын көп саны дегени эмес – Халифалык пикирине жана аны менен Аллах Тааланын ыраазылыгына жетүүгө ишениши керек. Башкача айтканда, аалымдардын, жашаган аймагында сөзү өтүмдүү кишилердин Халифалык мамлекети Куран жана Сүннөткө ылайык башкаруусуна, эч бир күчтөн коркпостон бир гана Аллахка тобокел кылып иш алып баруусуна ишениши шарт. Мына ушул миңдеген киши миллиондогон калкты багыттоого, башкарууга жөндөмдүү болот.
Эл аралык күчтөрдүн Халифалык тикеленгенден кийин баштай турган саясий чабуулдары жана медиа аркылуу пропагандаларына келсек, алар алгач курула турган Халифалыктын башка Ислам аймактары менен болгон байланышын үзүүгө аракет кылат. Бул үчүн өздөрүнүн таасири астындагы малай акимдерин коркутушат. Бул өлкөлөрдөгү Халифалыкка умтулган мусулмандарды катуу кысымга алат. Бул кысымдар камакка алуу, өлтүрүү, кыргынга салуу окуялары менен коштолушу да мүмкүн. Бул Европада жашап жаткан 50 миллион, Орусиядагы 30 миллион мусулманга да тиешелүү. Бул Батыш менен жүгүртөк өлкөлөрдүн алгачкы кыла турган чарасы болот десек жаңылышпайбыз. Мындан тышкары, Халифалык мамлекети менен бардык саясий, соода байланыштар үзүлөт. Муну менен мамлекеттин ичиндеги жашоо-турмушту оорлотуп, мамлекеттин тирүүлүгүн жоготууга аракет көрүлөт.
Колонизатор капиталист державалардын мындай чабуулдары болуп жаткан бир учурда, Халифалыктын эң биринчи иши – үммөттүн жүрөгүнө сайылып калган “израил” канжарын сууруп ыргытуу болуп эсептелет. Халифалыктын бул багытта чечкиндүү аракети дүйнөнү апкаарытат. Муну менен катар Ислам журттарында майрамдык маанай жаңырып, каапырлар элестете албай турган даражада Ислам мамлекетине карата махабаттары күндөн-күнгө күчөп барат. Бул аракет бүткүл мусулмандар үстүлөрүндөгү саткын акимдерди бир-бирден кулатып, бийликти Халифалык мамлекетине тапшырышына чейин уланат. Араларынан айрымдары согушууга аракет кылат, бирок, бир муштумга түйүлгөн үммөт аларды баш ийүүгө мажбур кылат. Мындай болуп жаткан учурда, Батыш согуш отун жагууга батына албайт, батынса да, оор жоготуулардан улам экинчи кадам таштоодо миң толгонуп чечим кабыл алып калат.
Халифалык мамлекети азырынча теорияда гана болсо да, дүйнө жүзүнүн кызыгуусун жаратып жатканы талашсыз. Анткени, Халифалык кандайдыр бир пайда же кызыкчылык үчүн курулбайт. Тескерисинче, бул мамлекет Аллах Тааланын өкүмдөрүн, Куран жана Сүннөттүн ар бир тамгасын ишке ашыруу максатында тикеленет. Ошондуктан, мусулмандар бул мамлекетте Исламий туйгу-пикирлери менен биригишет. Алар Ислам өкүмдөрү менен жашоо аркылуу бу байланыштарын дагы да бекемдешет. Маселен, окуучулардын кадыржамдык менен Ислам таалим-тарбиясын алуусу, алардын жетишкендиктери ар бир үй-бүлөгө кубаныч тартуулайт. Калктын чырайлуу ахлагы коомдо мамлекеттин маанилүүлүгүн күндөн-күнгө арттырып барат.
Адамдар жумасына 6 күн, 8-16 саат иштегендин ордуна 4-5 күн, 5-6 сааттан иштөө менен турмуш муктаждыктарын кенен камсыздай алышы коомдо мамлекетке болгон ишенимди арттырат. Мындай убакыттын бөлүштүрүлүшү мусулмандарга өз диндерин дагы да терең үйрөнүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берет. Муну менен катар ибадаттарын кенен аткарып, үй-бүлөсүнө, туугандарына мол убакыт бөлө баштайт. Булардын баары, мындан да ашыгы Халифалык мамлекети тез арада ишке ашыра турган маанилүү аракеттер.
Чындыгында дене оорулуу болсо, ал канчалык акылдуу, даанышман болсо да жок болууга мажбур. Ошондуктан дененин саламат болушу эң маанилүү маселе.
Халифалык мамлекетинин кадрлары жана анын башындагы халиф саясий аң-сезим ээси болуп, дүйнө саясатын жакындан күзөтүп, башка өлкөлөрдүн алсыз тараптарын сезе алган, аларга боло турган чабуулдарды көркөм түстө ишке ашыра турган жөндөмгө ээ болушу шарт. Анын Батыш менен эч бир байланышы болбошу керек жана мындай байланышка жол бербеши зарыл. Батыш бул байланышты орнотуу үчүн көптөгөн тымызын кадамдарды жасайт. Мисалы, технологиялык өндүрүштөрүн арзан, а түгүл, бекер таркатканга аракет кылат. Муну менен социалдык тармактар аркылуу калкты манипуляциялап же коркутууга урунат. Анткени, учурдагы компьютер, телефон сыяктуу технологияларды өндүрүү белгилүү бир компаниялардын колунда. Ошондуктан, Халифалык мамлекети Microsoft, Apple, Android жана Google сыяктуу эл аралык күчтөрдүн өндүрүштөрүн колдонбойт. Колдонсо дагы даават үчүн же олуттуу көзөмөл аркылуу колдонот. Тескерисинче, Халифалык технология жаатында тездик менен дүйнөлүк лидерликке чыгат. Бул тармактагы алдыңкы адистерди өстүрүп чыгарат жана Батышта аргасыз иштеп жүргөн мусулман адистердин коопсуздугун камсыздап, каражатын Батыштан жогорку даражада төлөп берүү менен кайтарып келет. Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө алсыз мусулман өлкөлөрү өзүндөгү жөндөмдүү адистерди капиталисттик компанияларга алдырып жиберүүдө. Ошондуктан, мамлекет бул тармакка бюджеттин бир бөлүгүн сарптоо менен активдүү иш алып барат.
Корутундулап айтканда, биз маани бере турган нерсе – бул дүйнө сыноо дүйнөсү. Халифалык тикеленсе эле жашоо жыргалчылыгы камсыздалып калбашы мүмкүн. А түгүл, көптөгөн сыноолорго туш болуп, өзүбүздү динибиз үчүн курмандыкка чалууга да мажбур болушубуз ыктымал. Балким, жакындарыбыздын шахиддигине күбө болуп, бир эле учурда кайгырып жана сыймыктана турган абалда болобуз. Балким, белгилүү мезгил ичинде согуш абалында болуп, бүгүнкү жыргалчылыктардан да айрылып калабыз. Бирок, эң маанилүүсү – биз Аллахтын алдындагы милдетибизди аткарып, жоопкерчилигибизден кутулуу менен көңүлдөрүбүз тынч, калбдарыбыз кадыржам жашоого жетишебиз. Зулумдук чеккен бурадарларыбыздын каны жерде калбашына күбө болобуз! Эже карындаштарыбыздын ар-намысынын тебеленишине жол бербеген армиябызга күбө болобуз! Алгачкы кыбылабыз Аль Аксону яхудий балээсинен куткарабыз! Ыйык шаарларыбыз Мекке менен Мадинаны Сауддардын заалымдыгынан куткарган жашоого күбө болобуз! Аллахым бизге ушул күндөрдү тез арада көрүшүбүздү насип кылсын! Амиин!
Мехмед Айдын