Муслима аял коргоочусу жана калканы болгон Халифалыктын жоктугу себептүү жүз жылды караңгылыкта, үмүтсүздүктө жана акааратта өткөрдү

358
0

Басма сөз баянаты

Муслима аял коргоочусу жана калканы болгон Халифалыктын жоктугу себептүү жүз жылды караңгылыкта, үмүтсүздүктө жана акааратта өткөрдү

Бул жылкы ражаб айы Ислам Умматы тарыхында өтө маанилүү, кайгылуу из калтырды. Себеби, Ислам душманы Мустафа Кемел жана колонизатор Батыш мамлекеттер Умматтын коргоочусу эсептелген улуу мамлекетти кулатышканына хижрий таквим боюнча жүз жыл болду.

Муслималардын, алардын перзенттеринин жана үй-бүлөлөрүнүн жашоосунда бул кырсыктуу окуянын таасири күчтүү болду. Себеби, алар узак убакыт аралыгында укуктарын коргогон, саламаттыгына кам көргөн жана бейпил турмуш менен камсыздаган мамлекетти жоготушту. Расулуллах ﷺ айтат:

«الْإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Имам – башчы жана ал өзүнүн кол астындагыларга жоопкер». Халифалык жок болгон соңку жүз жыл ичинде муслима аялдар өлүм, ойрондулук, жакырчылык жана үмүтсүздүктү башынан өткөрүштү. Колонизаторлук согуштардын жана исламий өлкөлөрдөгү режимдердин негизги курмандары аялдар жана алардын перзенттери болду. Ал эми, Ислам өкүмдөрү менен өкүм жүргүзгөн мамлекетте муслима аял көңүл борборунда болуп, ага камкордук көрсөтүлүп, корголгон эле. Анткени, муслима аялдын намысын коргоо үчүн халифалар армияны сапарбар кылышкан. Бүгүн болсо, Халифалык мамлекети кыйрагандан бери муслима аял куугунтукка учурап, камакка алынууда, кыйноого салынып, зордолууда, Ислам душмандарынын колунда өлтүрүлүүдө. Муслималарга карата ушундай кылмышты жасагандарга эч кандай жаза колдонулбай жатат. Муслима аялдарга жардам көрсөтүү үчүн армиялар да сапарбар кылынбай, эч бир мамлекет тарабынан аларга башбаанек берилбей жатат.

Андан тышкары, Исламий башкаруу жок болгон азыркы доордо мусулман өлкөлөрүндө аялга карата зомбулук жана намысынын тебелениши эң жогору чекке жетти. Муну менен бирге либерал Батыш баалуулуктарынын жайылышы себептүү ахлаксыздык, материализм жана бузукулуктун күчөшү абалды дагы да оорлоштурду. Себеби, бул баалуулуктар жаштардын аң-сезимин уулап, дининен адаштырды жана ойрон кылуучу жашоо таризине баштады. О.э. бул либерал баалуулуктардын кирип келиши, муну менен бирге Халифалык кулатылгандан кийин сакталып калган исламий ижтимаий мыйзамдардын илманийлештирилиши үй-бүлөнүн бузулуу эпидемиясынын жайылышына себеп болду. Бул болсо, аялдар үчүн да, эркектер жана балдар үчүн да бир далай проблемаларды жаратты.

Исламий башкаруу түзүмү жок болгон азыркы доордо аялдар Аллах аларга тартуу кылган таалим алуу жана медициналык кызматтан пайдалануу укугунан куру жалак калышты. Себеби, коррупциялашкан жөндөмсүз режимдердин тушунда таалим жана саламаттыкты сактоо системасы жемирилгендиктен аялдардын муктаждыктарына этибар берилбеди.

Халифалыктын кулатылышы менен аялдар алардын финансылык коопсуздугун кепилдеген мамлекеттен кур калышты. Мунун натыйжасында алар кароосуз ташталды. Көбүнчө эксплуататорлордун колунда иштөөгө жана өмүрүн сактап калуу үчүн көчөлөрдө тилемчилик кылууга жана таштанды тытууга мажбур болушту. Булардын баары чоң байлыкка ээ болгон, жакырчылыкты жойгон жана адамдар үчүн бейпил жашоо тартуу кылып келген Ислам мамлекетинде аял пайдаланып келген көптөгөн артыкчылыктардан бүтүндөй алыс. Мындан тышкары, Ислам мамлекети биринчи даражалуу таалим жана саламаттыкты сактоо мекемелерин жөнгө салган, бул жайлардагы ыңгайлуулуктардан эркек-аял бирдей пайдаланган.

Чындыгында, мусулмандардын иштерин башкарган жана коргоочу калканы эсептелген Халифалык жок болгондуктан аялдар эбегейсиз кыйынчылыктарды, кайгы жана жоготууларды башынан өткөрдү.

Ушуга ылайык, Хизб-ут-Тахрир амири, улуу аалым Ата ибн Халил Абу Руштанын (Аллах ал кишини Өз коргоосунда сактасын) жетекчилигинде «Халифалыктын кулатылгандыгынын жүз жылдыгы… аны кайра тикелегиле, эй мусулмандар» деген Хизб-ут-Тахрир баштаган кампаниянын алкагында Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты да ражаб айындагы ушул кампаниясын баштады. Аялдар канаты бул кампания аркылуу Халифалык кулатылгандыктан жүзөгө келген бүткүл дүйнөдөгү муслима аялдардын жашоосундагы оор акыбеттерди ачыктоону көздөгөн. Мындан тышкары, Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты Ислам мамлекетин (рошид Халифалыкты) тезинен тикелөөгө чакыруу менен бирге Ислам мамлекетинде аялдардын укуктары, ролу жана деңгээли кандай болорун баяндап турушат. О.э. ушул кампанияда «Халифалык доорунда аялга зулум кылынган» деген бир катар туура эмес түшүнүктөр жана жалгандарды жокко чыгармакчыбыз. Хизб-ут-Тахрир аялдары катары ушуну айтабыз: жүз жыл созулган жан чыдагыс азап-кыйынчылыктар, кордук жана жоготуулар биз үчүн жетиштүү! Биз Ислам Умматы тарыхындагы ушул караңгы күндөргө чекит коюшубуз лазым!

Эй мусулмандар! Силерди ушул маанилүү кампанияны колдоп-кубаттоого о.э. пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу Аллахтын уруксаты менен улуу азиздикке жетүүгө чакырабыз!

Кампанияны ушул даректер аркылуу күзөтүү мүмкүн:

https://m.facebook.com/WomenandShariaAR/

https://www.hizb-ut-tahrir.info/ar/index.php/hizb-campaigns/73193.html

#أقيموا_الخلافة

#خلافت _ کو _ قائم _ کرو

#YenidenHilafet

#ReturnTheKhilafah

#Халифалыкты_кайра тикелегиле

 

Д. Насрин Наваз

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жаатынын мүдүрү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here