ҮММӨТ САЯСИЙ МАЙДАНДАН ЧЕТТЕП КАЛЫШЫНЫН НЕГИЗГИ СЕБЕБИ

374
0

ҮММӨТ САЯСИЙ МАЙДАНДАН ЧЕТТЕП КАЛЫШЫНЫН НЕГИЗГИ СЕБЕБИ

Үммөт саясий майдандан четтеп калышынын негизги себеби – бул  үммөттүн өзүндөгү саясий негизди жоготкондугу. Мына канчалаган жылдар өтсө да, Ислам эл аралык саясий майдандагы өз ишин аткара албай жатат. Саясаттын түпкү маңызын түшүнбөгөндүгү себептүү саясий майданда мусулмандар өз жолун таба албай жатат. Саясаттын маанисин түшүнүү үчүн бир суроо беремин: Адамды же адамдарды саясий шахс башкарабы же түшүнүкпү? Ушул суроого жооп табуу менен адам саясаттын маанисин туура түшүнүүгө жетип барышы мүмкүн. Саясаттын маанисин, түпкү маңызын түшүнбөй туруп саясий майданга кирүү мүмкүн эмес.

Биз анык билгенибиздей, адамды түшүнүк башкарат. Ар кандай адам өз ишин кылып жатканда аны ушул ишке үндөп жаткан түшүнүгү болот. Бирок, бул адам эмнени түшүнсө, ал албетте жашоо таризине, жашоодогу иштерине таасирин тийгизет дегени эмес. Мисалы: христиандар Иса (а.с.)ды Аллахтын уулу деген ишенимде, алар бул сөздө эмнени назарда тутканын түшүнөбүз, бирок биз ошол түшүнүктү кабыл алдык дегени эмес. Биз Иса(а.с.)ды Аллах Тааланын пайгамбары деп билебиз т.а. Иса(а.с.) жөнүндөгү түшүнүгүбүз, ал затты Аллахтын уулу деген түшүнүктү түшүнүп туруп, аны четке кагабыз жана Иса (а.с.)ды Аллахтын элчиси деген түшүнүктү кабыл алганбыз. Дагы бир мисал, арак арам экендигин бардык мусулмандар түшүнүшөт. Бирок, арак ичип жаткандарга бул түшүнүк таасирин тийгизбейт, тескерисинче аларда башка ката түшүнүк; арактын өзү эмес мастыгы арам, жыгылып калбагыдай ичүүнүн зыяны жок, же азыр биз ушуга мажбурбуз, үйрөнүп калганбыз, Аллах кечирип жиберет, же башыма келген бул балээни эстен чыгаруу үчүн ичпесем болбойт, кийин эмне болсо да мейли, – деген сыяктуу түшүнүктөр анын арак ичишине түрткү болот. Демек, адамдын бирер ишти кылышында албетте түшүнүк негизги орунда турат т.а. ошол вакиъ боюнча өзү кабыл алган түшүнүк ушул ишке үндөйт.

Түшүнүктөр – бир негизги түшүнүктөн келип чыгат. Мисалы, учурда көпчүлүк урф негизинде пикирлейт. Ар бир вакиъге урфтан келип чыгып өзүнчө бир тыянак чыгарып алган жана башкаларга да ошону акыйкат деп айтат. Же улутчулдук, мекенчилдик, же болбосо, ата-теги менен сыймыктануу, кылмыш дүйнөсү сыяктуу негиздерден туруп жашоодогу иштерге мамиле билдирет. Бирок, бул негиздер ката болушунан тышкары, ар  бир ишке негиз болууга жарабайт. Бардык иштерге негиз болууга жарактуу түшүнүк – бул биз сезип турган аалам о.э. жашоонун туура багыты үчүн этибарыбыздын негизи болгон адам жана аны иштөөгө үндөп жаткан тирүүлүк, ушул үчөөнүн түпкү мааниси эмне, кайдан келген жана кайда барат – деген негизги проблеманы туура чечүү жана ушул чечим негизинде иштерди туура түшүнүү. Ушул аркылуу адамдын жашоосу туура багытка түшөт о.э. адамга ылайыктуу болгон жашоо таризинде өмүр сүрөт.

Алгач сахабалар аалам, адам жана тирүүлүк үчүн берген Ислам чечимин пикирий негизде кабыл алышканы себептүү о.э. ушул негиздин катъий талабы болгон Куръан жана хадис негизинде жашоо менен чыныгы момун болушун түшүнгөндөн баштап Ислам Үммөтү катары таанылышты. Алар хижрий жылдын биринчи күнүнөн баштап жашоонун бардык тармактарында шариятты негиз кылышы менен алгач араб жарым аралында, андан соң дүйнөдө жетекчи Үммөт болушту. Алар, чоң же кичине болушуна карабастан, ар  бир иште ошол негизден кыпындай да чыгышпады. Эгер ал негизден келип чыккан чечим болбосо,  алар бул ишти Аллах Тааланын ушул иш жөнүндөгү чечими келгенге чейин таштап коюшат эле. Эч качан өздөрү каалагандай жандашпаган. Мисалы, мусулмандар Бану Мусталак казатынан кайтканда “ифк”( жалаа жабуу) окуясы жүз берди. Т.а. Расулуллах(с.а.в)дын тагынчагын издеп жатып аркада калып кеткен Айша (р.а.) жана төөсүн жоготуп алгандыгы себептүү мужахиддерден бөлүнүп калып кеткен Сафван ибн Муътал (р.а) жөнүндө мунафыктар “бузукулук кылуу үчүн калып кетишкен” деген жалааны жабышты. Ошондо мусулмандар мамлекети, жетекчиси жана аткаруучу аппараты бар эле. Бирок, бир айга чейин бул ишке чечим берилбестен токтоп калды, эмне үчүн деп ойлойсуздар? Мусулмандар ал тургай өлүмгө да эч бир экиленбестен кете бере турган, сөзсүз итаат кыла турган жетекчиси бар туруп, эмне үчүн проблеманы чечишпеди? Же Хилал ибн Умайя (р.а) аялы зына кылгандыгын Расулуллах (с.а.в)га айтып, ушул иш үчүн чечим сурап барганда Расулуллах(с.а.в) “сен (төрт) күбө келтиресин, антпесең сага жалаа жапкандык жазасын колдоном” дегенде Нур сүрөсүндөгү “Лион” өкүмдөрү түшүрүлгөн. Эмне үчүн зына кылып жаткан аялын көрүп туруп, аны жазалабастан Расулуллах(с.а.в)дын алдына барды? Эмне үчүн ишти өзү каалагандай чечип койбоду? Ооба, алар өз акыйкатын: адамды да, бул дүйнөнү да жараткан Зат Аллах Таала экенин жана анын амр-буйруктарына ылайык жашоо чыныгы момундук экенин о.э. анын амр-буйруктарына ылайык иш кылбаса Акыретте азапталышын жакшы билишет эле. Ошондуктан, ар  бир ИШке өздөрү каалагандай эмес, Аллах Тааланын көрсөтмөлөрү негизинде жандашат эле.

Расулуллах (с.а.в) алып келген рисалатка моюн сунууда, андан кыпындай да ообостон амал кылууда Абу Бакр (р.а.)нун – Исламдын бардык өкүмдөрүнө моюн сунуп,бирок зекет берүүдөн баш тарткандарга – муртаддарга каршы согушуусу мусулмандар үчүн чырайлуу үлгү жана күчтүү таасир калтырган эле. Анткени Аллах Таала мындай деп эскерткен:

وَأَنْ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُصِيبَهُمْ بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ وَإِنَّ كَثِيرًا مِنْ النَّاسِ لَفَاسِقُونَأَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنْ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

(Эй Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын каалоо-нафсилерине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун! Эгер (сенин өкүмүңдөн) баш тартышса, билип кой, Аллах аларга айрым күнөөлөрү себептүү кайгы келтирүүнү каалоодо. Албетте, адамдардан көптөрү баш ийбегендер. Динсиздик өкүмдар болуусун каалашабы, ыймандары толо болгон коум үчүн Аллахтан да чырайлуу өкүм кылуучу ким бар?!”  [5:49,50]

Мусулмандар ар  бир иште Аллахтын өкүмдөрү менен муалажа кылгандыгы себептүү дүйнөдө жетекчи болушту. Проблемаларды адаттагыдан башкача чечип, ар  бир иш Ислам чечимине ылайык келмейинче ал ишке ыраазы болушпайт эле. Ушул аркылуу мусулмандар тарыхта Ислам дүйнөсүндө эле эмес, дүйнө жүзүндө жакшылыкты таратуучу болушту, дүйнө караңгылыгын жарык кылуучу нурга, фахш-бузукулуктар, жабр-зулумдарды жок кылуучу отко айланышты. Мисалы, халифабыз Умар ибн Хаттаб(р.а) Мадинада: «Эгер Иракта бир качыр мүдүрүлүп кетсе Жаратуучум менден “эй Умар, эмне үчүн жолду тегиздеп койбодуң” деп сурайт», – деген. Биздин болсо, канчалаган жолдорубуз өкүмдарлар этибарсыздыгы себептүү кооп-коркунучтарга толуп жатат!… Халифабыз Умар ибн Абдулазиз: «Мусулмандар өлкөсүндө канаттуулар ач калыптыр деп айтылбасын үчүн тоолорго жем чачкыла», – деген. Биздин үстүбүздөн Батыш капитализми өкүмдарлык кылганы себептүү канчалаган балдарыбыз ач калып жатат!

Румдуктардын колуна туткунга түшүп калган бир муслима аялга жардам берүү үчүн Умурия фатхына кошуунду аттандырган Муътасим биздин халифаларыбыздан эле. Бүгүнкү күндө болсо наристелерибиз, жаштар жана карыларыбыз өлтүрүлүп жатат! Канча байлыктарыбыз таланып-тонолду? Бүгүнкү күндө да канчасын ташып жатышат! Батыш канчалаган жерлерибизди басып алды! Муну көзөмөлдөп, эсеп-китеп талап кылуучу адам болдубу? Аллах Тааланын Китеби менен бизди башкара турган халифабыз бар убакта биз дүйнөнүн саййиди элек. Ошол кезде Румдун королу Никифорго Харун ар Рашиддин жообу төмөнкүдөй болгон: «Момундар амири Харун ар Рашидден Румдун ити Никифорго, аммо баъд, эй капырдын уулу, сен укканыңды көрөсүн, Аллахка ант болсун, мен сага ушундай бир кошуун жиберемин, анын башы сенин алдыңда болсо, аягы менин алдымда болот». Кафирлер биздин күчүбүз эмнеде экенин түшүнүп жетишкен, мисалы: Луис IX жетектеген сегизинчи крестүүлөр жүрүшү ийгиликсиз, жеңилүү менен  аяктап, ал Мансура шаарында мусулмандардын колуна туткунга түшүп калган. Король туткундан азат болуу үчүн чоң өлчөмдө кун төлөп, Францияга кайтып кеткен. Ошондо ал насронийлерге карата: «Мусулмандарды аскерий күч менен жеңүү мүмкүн эмес. Себеби, алар Исламды бекем карманышат экен, бул нерсе аларды каршылык көрсөтүүгө, жихадга, исламий өлкөлөрдү коргоо үчүн Аллах жолунда жанын курман кылууга о.э. аброй жана намыстарды сактоого үндөй берет. Мусулмандар өз акыйдасынын түрткүсү менен жихад жана согушка чыгууну токтотушпайт. Ошондуктан, башкача жолду карманышыбыз керек. Т.а. исламий пикирлөөнү өзгөртүп, аларды пикирий күрөш аркылуу жеңишибиз керек» деген.(уландысы бар).

Гариб Муслим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here