Афганистан кушканага айланып калды, андан чыгуунун жолу барбы?

303
0

Басма сөз баянаты

Афганистан кушканага айланып калды, андан чыгуунун жолу барбы?

Соңку айларда Афганистандын шаар жана айылдарында адам өмүрүнө кол салуулар, жардыруулар, ракета соккулары жана ойлобой ишке ашырылган кол салуулар кескин көбөйдү. Бул болсо, мечит имамдары, таасирдүү жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер, журналисттер, эксперттер, белгилүү ишмерлер жана күнөөсүз катардагы жарандар түрдүү каражаттар аркылуу өлтүрүлүшүнө алып келди. Адамдар жардыруунун үнүн угуп таң аттырууга, оор жоготулар менен түндү өткөрүүгө адаттанып калышты. Афганистан катардагы калк, тасирдүү кишилер жана журналисттер үчүн эң кооптуу мамлекеттердин бирине айланды. Бирок, Афган өкмөтү бул иштерди каралоодон, комитет түзүү жана курман болгондордун санын эсептөө менен чектелүүдө. Жакында Афганистан ички иштер министрлиги бир катар кабарчыларга байланышып, эгер алар өз кызматкерлерин коргоо үчүн курал сатып алышпаса маалымат станцияларын жабуу зарылдыгын маалымдады.

Хизб-ут-Тахрирдин Афганистандагы маалымат бөлүмү каза болгондорго таъзия билдирип, жараат алгандардын тезирээк айыгып кетишин Аллахтан сурайт. О.э. соңку окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө сабыр тилеп, ушуларды баса белгилейт:

Биринчиден: адам өмүрүнө кол салуулар толкуну жана терроризмдин таралышы жаңы баскычка өтүлгөнүн көрсөтүүдө. Ушул долбоорго ылайык, Афганистан тынчтык процессине катышып жаткан тараптар бул процессте чоң үлүшкө ээ болуу үчүн разведка чабуулдарын ишке ашырууга, коомчулукту оппозициячыл топтордон бурууга аракет кылышууда. Өкүнүчтүүсү, Кошмо Штаттар тынчтык процессинде Афган массалык кыргын сценарийин курчутуу менен бирге өз кошуундарын жана базаларын коргоп, үлкөн үстөмдүккө жетишип алды.

Экинчиден: Афган өкмөтү окуяларды каралоо жана курман болгондордун санын жарыялаганга гана жарайт. Бул акимдер бекем дубалдардын артына жашап, брондолгон транспорт каражаттарында жүрүшөт о.э. адамдар башынан өткөрүп жаткан ооруну сезбөө үчүн алардан өздөрүн четке алышат. Акимдер бир тараптан өздөрүн инсаний баалуулуктардын жана республиканын коргоочулары катары көрсөтүп, маалымат каражаттары аркылуу «республикага» чакырышууда. Бирок, алардын бийлиги жана жеке кызыкчылыгы коркунучка туш болгондо, адам өлтүргүчтөргө айланышууда. Соңку кездерде алар өкмөттү сындоого адаттанган кишилерди камоо же өлтүрүү менен коркутушууда. Ушуну баса белгилөө зарыл, бул өлтүрүүлөр же террор аракеттери азырга чейин коомдун ар бир мүчөсүн кыйнап жаткан тынчтык жана республика жөнүндөгү ураандардын натыйжасы болуп эсептелет. Түпкүлүгүндө, алар Исламды да урмат кылышпайт, республикага да баш ийишпейт. Алар жалаң гана өз күчүн сактап калуу жана пайда көрүү жөнүндө ойлошот.

Ошондуктан, Афганистандагы мусулман калк бул оор кырсыктан чыгуунун жолу жүздөрдүн өзгөрүшү менен эмес, өкүмдар бузгунчу режимди түп-тамырынан кулатуу аркылуу болушун түшүнүп жетиши керек. Бул өзгөрүү элге жат режимдерди жана өкүмдарлыкка мас болгон жетекчилерди кулатып, алардын ордуна Исламий итикаттарга жана баалуулуктарга ылайык болгон түзүмдү орнотот. Башка тараптан, бул түзүм адамдардын ыйманын, өмүрүн, мал-мүлкүн жана кадыр-кыйматын коргогон чыныгы жетекчилерди тартуулайт. Мындай түзүм Ислам (Халифалык) түзүмү. Расулуллах ﷺ айтат:

«إنَّما الإمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِن ورَائِهِ ويُتَّقَى به»

«Имам – артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан».

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here