Пакистандыктар менен түрктөр эки мамлекеттеги бир уммат эмес, бир мамлекеттеги бир Уммат

349
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Пакистандыктар менен түрктөр эки мамлекеттеги бир уммат эмес, бир мамлекеттеги бир Уммат

Пакистан аба күчтөрүнүн командачысы генерал Мужахид Анвар Хан Пакистан менен Түркия ортосундагы алакаларды көккө көтөрүп мактап, «башка мамлекеттердин ортосунда табылбай турган алака» деп баалады. Пакистандыктар менен түрктөр «эки мамлекеттеги бир уммат» деди.

Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү генералдын бул сөзү боюнча ушуларды баса белгиледи:

«Биз Пакистан менен Түркиянын бири-бирине карата үстүрттөн эмес, чыныгы бир позицияда турууларын көптөн бери арзуу кылып келебиз! Айрыкча, Кипр маселесинде Түркия бул жаатта сүйлөшүү алып барып, анын бир бөлүгүн Грецияга берүү позициясын эмес, аны азат кылуу позициясын кармануусун абдан үмүт кылып турабыз! О.э. Кашмир маселесинде да тынчтык үчүн Моди менен кол кармашууну эмес, Кашмирди азат кылууну көптөн бери күтүп келебиз! Азат кылынган региондорду нусайрий режиминин колуна тапшырып, Сириядагы бечара калкыбызга каршы Россия жана Иран менен союз түзүп жаткан Түркия менен кол кармашууну эмес, Пакистан жана Түркия армиялары биригип, Сирияда козголоң жасаган ага-инилерине нусрат-жардам берүүлөрүн жана аларды Америка малайынан куткарууларын абдан үмүт кылып келебиз! Бүгүнкү күндө – Түркия менен яхудий мамлекети ортосунда болгондой – жырткыч күчтөр менен «биргеликте коргонуу» деген союздар түзүлүп, мусулмандардын коргондорун ойрон кылуу үчүн душманга аскерий базалар ачылып берилүүдө. О.э. өлкөлөрүбүздү Батыштын малайларынан азат кылуу үчүн жихад кылып жаткан жана бул жолдо аракет алып барып жаткан мусулмандарга, кала берсе, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө менен Умматты ойготууга аракет кылып жаткан адамдарга каршы аёосуз күрөш алып барылууда. Биз бул иштерди эмес, эки өлкө региондогу Россия, Америка жана яхудий вужудунун терроруна каршы күрөшүүдө кызматташууларына өтө үмүттөнөбүз.

 

Роя гезити, №323, 2021-жыл, 27-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here