بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Тунистеги кризистерди капитализмге негизделген жамак салуулар менен жөнгө салып болбойт
Тунис режими Европа Союзу менен «ALECA» (Терең жана кеңири көлөмдүү эркин соода аянты) келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону ниеттенгенден кийин премьер-министр Хишам Машиший Эл аралык Валюта Фондуна структуралык реформаларды жасоого даяр экенин билдирди. Тунистин экономика жана финансы министри о.э. премьер-министрдин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси катышкан жолугушууда экономикалык реформалардын программасын түзүү келишилди.
Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө ушул суроолор ортого салынды:
«Бу айтылып жаткан реформалардын арасында уурдалган байлыктарды кайтаруу да барбы?! Анда өнөр жайды жана Тунис элинин азык-түлүк коопсуздугун камсыздай турган айыл-чарбаны тикелөө сыяктуу маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралганбы?! Же бул реформалар Эл аралык Валюта Фондунун тушунда иштелип чыккан структуралык реформалар программасын ишке ашырабы?! Акыры, дал ушул нерсе Тунистин текстиль өнөр жайын ойрон кылбаган беле?! Европа Союзу менен терең жана кеңири көлөмдүү эркин соода келишимин кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөргө киришкен премьер-министрден бирер нерсени күтүү мүмкүнбү? Деги, 1995-жылы Ибн Али режими менен түзүлгөн бул келишим Тунис өнөр жайын ойрон кылбадыбы?!».
Билдирүүнүн соңунда мындай делет:
«Тунистеги экономикалык кризистерди Батыштын көзөмөлү астында алып барылган реформалар аркылуу жөнгө салып болбойт. О.э. капитализмге негизделген жамак салуулар менен да жөнгө салып болбойт. Тескерисинче, чечим Умматтын идеологиясына жана хазарий долбоорунун негиздерине таянышы керек. Исламдагы экономика түзүмү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкта бардык кризистерден корголгон адилеттүү экономикалык турмушту камсыздоого кудуреттүү.
Роя гезити, №322, 2021–жыл, 20–январь.
Басма сөз баянаты Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?! Аллах Таала Рамазан…
Басма сөз баянаты Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили…
Басма сөз баянаты Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы Яхудийлердин жетекчилери менен кылмышкерлердин согушту, кыргынды…
Басма сөз баянаты Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген…
Басма сөз баянаты «Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?! Кечээ, Рамазан айынын…
Басма сөз баянаты Каир саммити - мурдагыдай эле араб башкаруучуларынын чыккынчылыгын жана алардын Газага болгон…