АКШ: жарандык согуштун учкунубу?..
«Handelsblatt» гезити «Жо Байден президенттик кызматка киришердин алдында АКШда куралдуу зомбулук эң чокусуна чыкты» деген аталышта макала жарыялады. Макалада Америкадагы жарандардын куралдануусу жана куралдуу зомбулуктар күчөгөндүгү айтылат: «Америкалыктар эч качан мындай көлөмдө курал сатып алышпаган, эч качан мынчалык санда адамдар курал менен өлтүрүлбөгөн. (…). 2021-жылдан тартып, тагырагы 19 күндүн ичинде эле 2263 америкалык жаран курал менен өлтүрүлгөн».
Макалада айтылышынча: «1320 америкалык өзүн өзү өлтүргөн, 943 адам киши колдуу болгон. (…) 2021-жылдын баштапкы эки аптасында 19 массалык ок атышуу жүз берген. (…). Ак үйдө бийлик алмашып жаткан өткөөл доордо жана пандемия күчөгөн маалда АКШда куралдуу зомбулук эң жогорку чегине жетти. АКШда куралдуу зомбулук себептүү эч качан ушунчалык адамдар өлгөн эмес. 2020-жылы 19300 адам өлтүрүлгөн. Эгер, өз жанына кол салгандарды эсепке ала турган болсок, анда каза болгондордун саны 43 миңден ашып кетет».
Мындай кооптуу абал америкалыктарды өзүн коргоо үчүн курал сатып алууга үндөөдө. Негизи америкалыктар дүйнөдө эң көп куралданган калк эсептелет. 2019-жылдын статистикасы боюнча америкалыктардын колунда 393 миллиондон ашык курал болгон. «Handelsblatt» гезитинин макаласында баса белгиленгендей, былтыры 8 миллион америкалыктар өмүрүндө биринчи жолу курал сатып алышкан, алардын 40 %ын аялдар түзөт. Ал эми, «Small Arms Analytics and Forecasting» компаниясынын отчётуна ылайык, 2020-жылы америкалыктар болуп көрбөгөндөй курал сатып алышкан, 2020-жылдын январынан тартып сентябрь айына чейин эле америкалыктар 16,7 миллион даана курал сатып алышкан.
Бул ахыбал согуш талаасын элестетет, Америкада согуш жүрүп жаткандай болуп атыптыр деген ой келет. Маалыматтар боюнча, Америка тарыхында эң узакка созулган согуш эсептелген, 2001-жылдан бери токтобой келе жаткан Афганистандагы баскынчылыкта 2300 америкалык аскер курман болгон. Ал эми, жогоруда айтылгандай, Америкада 19 күндүн ичинде эле 2263 жай тургун курал менен өлтүрүлгөн. Бул да болсо капиталисттик (демократиялык) система урап бара жатканынан дарек берет жана адамдардын коопсуздугун сактоого жараксыз экенин көрсөтөт. Капиталисттик система коомдун биримдигин жүзөгө чыгара алган жок, тескерисинче, Америка мисал болгондой, улутчулдукту, расизмди күчөтүүдө.
Харун Абдулхак