Сурабалдиева: “Мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү керек”
Бул туурасында социалдык блокту тескеген вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.
“Жаш муун туура маалымат алуусу абзел. Интернет айдыңында маалыматтарды ылгап көрсөтүү мүмкүн болбогондуктан, 15 жаштагы өспүрүм порнографиялык материалдарды ачык эле көрө алат. Ушул маселени чечүү керек”, — деди Сурабалдиева.
Батыш өзүнүн бузукулуктарын мусулман өлкөлөрүнө жаюуда өз сакофатынан таасирленген кадрлардан үзүрлүү пайдаланып келет. Сурабалдиева мына ушундай кадрлардын бири болуп, мындай билдирүүнүн артынан каржы уюмдардан грант же карыз алууну көздөгөн болушу мүмкүн.
Түпкүлүгүндө, аткаминер айым айтып жаткан пропаганда Батыш өлкөлөрүндө бала бакчадан эле башталат. Маселен, АКШда бала бакчаларда жыныстык өзгөчөлүктөр жөнүндө талкуу өткөрөт. А түгүл, чоң шаарларындагы китепканаларда «трансвестит менен бир саат китеп окуу» деген нерсе пайда болгон, башкача айтканда, трансгендерлер мектепке чейинки балдарга китеп окуп беришет.
Жогоруда, бул бузукулуктун пропагандасы бала бакчадан башталат, деп жаңылыш айтылып калгандай. Мындай пропаганда бала төрөлгөн заматта башталат. Маселен, Американын бир катар штаттарында баланын туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүккө жынысы көрсөтүлбөгөн графа берилет. Демек, алар бала төрөлөбү, же кыз төрөлөбү, айырмасыз, аны бала же кыз деп карашпайт. Алардын оюнда бала чоңойгондо кыз болобу, же лесби болобу, же гей болобу… өзү чечип алат.
Алардын мындай чабуулунан коргонбосок, эртең эле бизге да кирип келиши талашсыз. Айрыкча, Сорос фонду сыяктуу каржылык уюмдардан, ЮНИСЕФ сыяктуу сакофий уюмдардан этият болушубуз шарт. Маселен, бир эле Сорос фонду 2018-жылы ЛГБТ өкүлдөрүн, жаш балдардын укугун коргоо шылтоосу менен Кыргызстанга 4 млн доллар каражат бөлгөн.
Демек, Батыш үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жыныстык маданият деген ураандар астында өздөрүнүн бузукулук толгон сакофатын жаюуну гана көздөйт. Анткени, демократиялык түзүмдө аялдар сатылуучу товар, ырахат алуучу дене катары каралат. Бул түзүм аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө тукруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө.
Түпкүлүгүндө, аял киши корголушу важиб болгон ар-намыс жана үй бекеси катары каралышы керек. Мына ушундай камкордук гана аял кишиге өзүн аял катары сезүүсүн камсыздап берет. Анткени, Ислам насилди сактоо үчүн тукум улоо инстинктин кандыруу туура жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Ушул максатта таалим программасы кыздар менен балдарды өзүнчө бөлүп билим берүүгө негизделген. Муну менен болушу мүмкүн болгон кылмыштуу иштердин алды алынат.
Жыйынтыктап айтканда, Исламда адамзат насилин сактоо үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр сарпталат. Мына ушул чектен чыккан кылмышкерлер жалпы коомдун бакубаттыгы үчүн жазаланат. Аларга берилген шарият жазасы кылган күнөөсүн моюндарынан сакыт кылып, Акыретте бул күнөөсү үчүн жооп бербей турган кылат.
Аллах Таала айтат: “Эй момундар, Алла силер үчүн адал кылып койгон таза-пакиза нерселерди арам дебегиле жана (Алла белгилеген) чектен ашпагыла! Албетте Алла чектен ашуучу адамдарды сүйбөйт”.
Мумтаз Маверанахрий