Ядрочу окумуштуу Фахризаданын өлтүрүлүшү

304
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроо-жооб

Ядрочу окумуштуу Фахризаданын өлтүрүлүшү

 

Суроо:

2020-жылы 6-декабрда «France 24» телеканалында Ирандын Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусунун Аскерий-деңиз күчтөрүнүн командачысы генерал Али Фадвий «ядрочу окумуштуу Мухсин Фахризада киши колдуу болгону» туурасында кабарлады. Генерал айтышынча, кол салууда өнүккөн камера жана жасалма интеллект жардамында аралыктан башкарылган пулемёттон Фахризаданын жүзүнө 13 ок атылган. Андан мурун 2020-жылы 2-декабрда Ирандын Шуро кеңешинин (парламент) ишин көзөмөлдөгөн Конституция сакчыларынын кеңеши уранды байытууну 20%га көбөйтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун макулдаган, бул мыйзам долбоору Мухсин Фахризада киши колдуу болгондон кийин парламент тарабынан жактырылган эле. Бул мыйзам долбоору президент Руханийдин өкмөтү менен парламент ортосунда талашка себеп болду. Президент Руханийдин өкмөтү мыйзам долбооруна каршы чыкса, парламент анын тогуз беренеси менен кабыл алды! Суроо: эмнеге булар талашып жатышат, алар көрүнүктүү ядрочу окумуштуу Фахризаданы өлтүргөндөрдүн артында тургандардан өч алуу үчүн баары биригишсе болбойт беле, айрыкча, Иран бул кол салуунун артында (израиль) турганын жарыялаган соң? Же Иран режими Касим Сулайманийдин маселеси унутулгандай, бул окумуштуунун да маселеси батыраак унутулушу үчүн атайылап бул талаш-тартышты жаратып жатабы?

Жооб: жооб ачыкталышы үчүн ушуларды айтып өтөбүз:

Биринчи: 2020-жылы 27-ноябрь күнү Иран Коргоо министрлигинин илимий кызматкери ядрочу окумуштуу Мухсин Фахризаданын өлтүрүлүшүн, бул амалиятты аткаруунун услубун жана жайын этибар алганда ал Иран режимине олуттуу чакырык болуп эсептелет. Бул кол салуунун мааниси 2020-жылы январда генерал-лейтенант Касим Сулайманиге жасалган кол салуудан кем эмес. Баса белгилесек, «айрым дипломаттар Фахризаданы Иран бомбасынын атасы деп аташат». («Би-Би-Си», 2020-жыл, 27-ноябрь).

Бир тараптан, Мухсин Фахризада Ирандын ядролук жана ракеталык программасында негизги фигура саналса, экинчи тараптан, кол салуу Ирандын ичинде жана борбор калаанын жака белинде жасалды, Касим Сулайманий менен болгондой Иракта болгон жок. О.э. амалият машинага бомба жайгаштыруу, пулемёттон ок атуу менен ишке ашырылышы бардык ченемдер боюнча Иран үчүн олуттуу проблема болуп эсептелет. Ирандагы окумуштуулардын өлтүрүлүшү уланып, Иран ар дайым бул кол салууларда яхудий вужудун айыптап, аларга керек болгон учурда жана керек болгон жерде жооб кайтаруу менен коркутуп, адаттагыдай эч кандай жооб кылбай жаткан болсо да, бирок бүгүнкү күндө эл аралык абал, айрыкча, бүгүн АКШдагы шайлоолор натыйжасында карама-каршылыктар жүзөгө келип, Американын ичинде чыңалуу жана бөлүнүүлөрдү жараткан кырдаал бул жараянга болуп көрбөгөндөй көлөкө салууда.

Экинчи: Иран бул кол салууну уюштурду деп дароо эле яхудий вужудун айыптады. Бул амалият баскынчы яхудий вужудунун Ирандын стратегиялык ядролук жана ракеталык потенциалын күчсүздөнтүү аракеттерине кирет. Яхудий вужуду жооп кайтарылышынан этият болуу үчүн адаттагыдай бул амалиятка катыштыгы бар экенин четке кагышы мүмкүн эле. Бирок, бул сапар алар андай кылышкан жок. Тескерисинче, яхудийлер өзүлөрү бул кол салуунун артында турганына ишарат кылган билдирүүлөрдү беришти. Албетте, яхудий вужуду Трамптын администрациясынын ыраазылыгысыз мындай нерсеге бара албайт. АКШ администрациясы кеминде бул кол салууга макул болгон! Буга далилдер бар:

  • АКШ президенти Дональд Трамп Твиттердеги өзүнүн баракчасында башка интернет колдонуучулардын бир канча кабарларын жарыялады. «АКШ президенти Дональд Трамп Твиттердеги баракчасында «New York Times» гезитинин Фахризаданын өлтүрүлгөндүгү жөнүндөгү материалын жарыялады. О.э. Трамп Твиттердеги баракчасында (израилдик) журналист Йоси Мельмандын кабарын жарыялады. Кабарда бул окумуштуу Ирандын жашыруун аскерий программасынын жетекчиси болгону, бир нече жылдан бери (израилдин) «Моссад» разведка кызматы тарабынан изделип келгени, анын өлтүрүлүшү Иранга карата маанилүү психологиялык жана профессионалдык сокку болгону айтылат». («RT», 2020-жыл, 27-ноябрь). Мына ушундайча Трамп Иранды кандайдыр бир жооб кайтарууга тукуруп жаткандай болууда!
  • 2020-жылы 28-ноябрда «Ал-Жазира» каналы жана сайты тараткан кабарга ылайык, яхудий вужудунун премьер-министри Нетаньяху адаттан тыш билдирүү берип, Фахризаданын өлтүрүлүшүнө анын мамлекети жообгер экендиги жөнүндө ишарат кылды. «(израиль) премьер-министри Биньямин Нетаньяху видео жарыялап, акыркы апта ичинде өзүнүн «жетишкендиктери» жөнүндө адаттан тыш көрүнүштө баян кылды. Таң калычтуусу, Нетаньяху бул видеодо жетишкендиктеринин айрымдарын гана ачыкташын, баарын ачыкка чыгарбастыгын, анткени аны кыла албастыгын айткан». Т.а. яхудий вужуду кол салууну жашырбады жана четке какпады, тескерисинче, катыштыгы бар экенине ишарат кылууда, андан тышкары, бүткүл дүйнөдөгү (израиль) элчиликтеринде жогорку даярдык абалын жарыялады.
  • АКШ опузалоо жана коркутуу өңүтүндө өзүнүн «USS Nimitz» авианосецин 2020-жылы 27-ноябрда т.а. Иран окумуштуусу өлтүрүлгөн күнү башка бир нече аскерий кемелер менен биргеликте Фарс булуңуна жөнөткөнүн билдирди. Окумуштууга кол салынардын алдында АКШнын «В-52» бомбалоочу учагы Фарс булуңуна жөнөтүлгөн. Окумуштуу өлтүрүлгөндөн кийин Трамп бирер нерсе боло турган болсо кыйратуучу жооб кайтаруу менен коркутту. ««Вашингтон пост» гезити АКШнын расмийлерине шилтеме кылып, президент Дональд Трамп эгер Иракта бирер америкалык аскер өлтүрүлө турган болсо, бат жана «кыйратуучу» өч алуу менен коркутканын маалым кылды. Президенттин коркутуулары жума күнү Иран борбору Тегерандын жанында ирандык ядрочу окумуштуу Мухсин Фахризада өлтүрүлгөн бир убакка туура келди». («Хурра», 2020-жыл, 28-ноябрь).

Үчүнчү: булардын баары ушуну түшүндүрүүдө – Трамп администрациясы менен яхудий вужуду АКШдагы өткөөл доордо, айрыкча, Иран жаңы «шайланган» президент Байденден жакшылык күтүп жатканда Иран эч кандай натыйжалуу жооб кылбастыгын түшүнүп турушат! Баса белгилөө зарыл, АКШнын жалпы саясатында Трамп менен Байден бири-биринен анчейин деле айырмаланбастыгы, услуб жана ыкмаларда гана айырмаланышы маалым. Башкача айтканда бул эки адам үчүн Американын кызыкчылыктары малай мамлекеттердин кызыкчылыгынан да, АКШ саясатынан чыкпаган мамлекеттердин кызыкчылыгыдан да жогору турат. Америка саясаты жөнүндө ой жүгүрткөн ар кандай киши муну байкайт. Ошентип, Иран Фахризаданын өлтүрүлгөндүгүнө жооб кайтаруудан качып, аскерий жооб кайтарууну талаб кылып жаткан коомдук пикирди башка тарапка буруп чалгытуу үчүн негизги этибарды башка маселелерге бурат:

  • Иран ядролук жана ракеталык программадагы эң маанилүү окумуштууну өлтүргөн тарап яхудий вужуду экенин билгенине карабастан, бул окуя – өлкөнү «башаламандыкка» салууга каратылган тузак деп билдирүү берүүдө. Маселен, Иран президенти Руханийдин маалымат катчысы яхудийлер жана алардын артында турган Трамп «бизди башаламандыкка чөктүрүшмөкчү, бирок, билип коюшсун, биз алардын айлам-амалынын бетин ачыктык, алар ыплас ниеттерин таптакыр ишке ашыра алышпайт» деп билдирди. («France 24», 2020-жыл, 29-ноябрь). Иран ядрочу окумуштууну ким өлтүргөнүн, ушуга чейин окумуштууларды ким өлтүрүп келгенин, Сирия жана Иракта ирандык аскерлерди ким өлтүрүп жатканын билет, бирок Иран режими татыктуу жооб берүүнүн ордуна Байдендин бийликке келишине калган күндөрдү санап жатат! «Чоң шайтанга» каршы тургандыгы менен мактанган жана «Америкага өлүм, (израилге) өлүм» деген ураанды көтөрүп чыккан Ирандын турпаты ушундай. Трамп администрациясы Ирандын Америкага каршы душмандыгы жалган экенин ачыкка чыгарууда. 2020-жылдын башында Америка Ислам ыңкылаб сакчыларынын корпусуна кирген «Куддус» бөлүгүнүн командачысы Касим Сулайманийди ашкер түрдө өлтүрдү, кийин Ирандын каршылыгына карабастан Казимийди Ирактын премьер-министри кылды, Ирандын Сирия жана башка жерлерде Америкага көрсөткөн үлкөн кызматтарына көз жумду!
  • Иран коомчулукту этибарын окумуштуунун өлтүрүлүшүнө аскерий жооб кайтаруудан чалгытууда – бул уранды 20%га байытууга бурууда. Белгилүү болгондой, Иран өкмөтү мурун ядролук келишимден кийин уранды байытууну 20%дан 3.67%га төмөндөтүүгө мажбур болгон. Уранды байытуу ансыз да ишке ашуусу керек эле, бирок, ал өкмөт менен башка мамлекеттик органдар ортосунда талашка себеп болбошу керек эле. Мына ушинтип Иран жетекчилиги коомчулукту окумуштуунун өлтүрүлүшүнө аскерий жооп кайтаруудан чалгытууда. Мындан улам, уранды байытууну өкмөт – жамандык деп, ал эми, парламент – жакшылык деген оюн пайда болду!

«Бүгүн, шаршемби күнү Иран президенти Хасан Руханий өкмөт жыйынында АКШнын санкцияларына каршы күрөшүү жана ирандык белгилүү окумуштуу Мухсин Фахризаданын өлтүрүлгөнүнө жооб кайтаруу жөнүндөгү мыйзам долбооруна макул болбоду. Бул мыйзам долбоорун, кече, шейшемби күнү консерваторлор өкүмдарлык кылган Иран парламенти кабылдаган. Иран телевидениеси кабарлашынча, Руханий парламенттин токтомун «зыяндуу» деп эсептеген. Иран «консерваторлор» парламенти кабыл алган токтомдор арасында эң маанилүүсү уранды байытууну 20%га жогорулатуу жана Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин Кошумча протоколун бекер кылуу болду. Белгилүү болгондой, Иран ядролук келишим түзүлөрдөн мурун уранды 20%га чейин байыткан, келишим түзүлгөн соң уранды байытууну 3.67%га чейин төмөндөтүү милдетин алган». («Арабий Жадид», 2020-жыл, 2-декабрь). Ошондой эле «Иран парламентин көзөмөлдөгөн Конституция сакчыларынын кеңеши уранды байытууну 20%га жогорулатуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун макулдады. Бул мыйзам долбоору ядрочу окумуштуу Мухсин Фахризада өлтүрүлгөндөн кийин парламент тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзам долбоору Ирандын жетекчилигиндеги элита арасында талаш-тартышууга себеп болду, Иран президенти Хасан Руханий өкмөтү бул долбоорго каршы экенин билдирди». («RT», 2020-жыл, 2-декабрь).

Төртүнчү: ушуну көңүлдөн качырбоо зарыл, булардын баары Трамп администрациясы Иран менен болгон мамилени бузганын түшүндүрбөйт. Трамп администрациясы Иранды дагы да көбүрөөк акараттоону жана итаат кылдырууну каалап жатат. Америка тур десе – туруп, олтур десе – олтургудай кылып Иранды толук итаат кылдырууну каалоодо т.а. АКШ администрациясы өзгөрөбү же өзгөрбөйбү, Америка саясатынын алкагында Америка кызыкчылыктарын жана администрациясынын калоолорун толук аткаруусун каалап жатат. Мурун Касим Сулайманий өлтүрүлгөндө Иран опузалап, Американын Ирактагы «Айнул асад» базасына «абайлап» сокку берген, кудум эки тарап алдын ала келишип алгандай. Ошону менен опузалоолор да токтоду! Иран өз жарандары үчүн өч алууга кудуреттүү болсо да, аны кылбай жатат. Мисалы, «Кудс арабий» гезити 2020-жылдын 24-ноябрында Британиядагы «Middle East Eye» веб-сайтына таянып кабарлашынча, Иран Ирактагы иранчыл күчтөргө басым кылып, Ирактагы америкалыктарга чабуул кылууну токтотууну буйруган. «Ирандын «Куддус» күчтөрүнүн командачысы Исмаил Каний өткөн аптада Багдаддагы жашыл зонадагы АКШ элчилигине ракета соккулары берилгенден 24 саат өтүп келди. Ал Ирактагы согуштук топторду Америка объектилерин аткылоону токтотууну буйруду».

Бешинчи: яхудий вужудунун чабуулдарын жана Американын макулдоосун, курчуп бара жаткан чыңалууну жана окуяларды кылдат күзөткөн киши ушуларды байкайт:

  • Яхудий вужуду менен жакындашуу үчүн АКШ элчилигин Куддуска көчүргөн, яхудий вужудунун Сириядагы Жулан бийиктигин аннекция кылганын моюнга алган, «Кылым келишимин» жарыялаган Трамптын администрациясы Ирандын ядролук программасы яхудий вужудуна коркунуч туудурат, аны жок кылуу же чектөө шарт деген жыйынтыкка келди. Ошондуктан, Трамптын администрациясы бул жаатта мурунку администрацияларга караганда батыраак аракет кылды. Баса белгилөө зарыл, Республикачылар партиясынын таянычы болгон ак түстөгү америкалыктар арасындагы консервативдүү евангелисттердин калың катмары яхудий вужудунун коопсуздугун максималдуу даражада камсыздоо жаатындагы АКШнын саясатын колдошот, жада калса, бул нерсени саясаттан да жогору турган диний-идеологиялык маселе деп карашат.
  • Америка ичинде бөлүнүү күчөп, кескин тус алгандан кийин Трамп администрациясы Иран менен болгон кырдаалды чыңалтып, жаңы шайланган демократ президент Байденге Жакынкы Чыгышта тоскоолдуктарды жаратууга урунууда. Трамп эртең АКШ президенттигине олтура турган Байденди нефть региондорундагы кескин күрөштөр баткагына салып коюуну көздөөдө. Бул максат АКШ нефть-энергетика жана курал өндүргөн компаниялардын стратегиялык көз караштарынан келип чыккан. Алардын АКШ саясатына карата таасири улам күчөп барууда.
  • Америкадагы президенттик шайлоонун натыйжасында (толук жыйынтыктала элек болсо да) Трамптын шайлоо алдындагы кампаниясын колдогон АКШнын нефть-энергетика жана курал өндүргөн компаниялары:
    • чамасы, уттурушту. Себеби, Америка Климат боюнча Париж келишимине кайтышы мүмкүн болууда, бул келишим бул компаниялар үчүн чоң зыян болот. Ошондуктан АКШнын ушул келишимге кайтышы коронавирус пандемиясы доорунда бул компанияларга нефть баасы жаатында терс таасир кылышы мүмкүн. Коронавирус пандемиясы 2021-жылдын акырына чейин созулары божомол кылынууда. Мындан тышкары, жаңы президент Байден бирер жолун таап Ирандын ядролук келишимине кайтышы мүмкүн, бул жогорудагы компаниялардын кирешелерине терс таасир кылат.
    • Мына ушундай кооп-коркунучтардын тушунда бул компаниялар Трамптын калган мөөнөтүнөн пайдаланып калууга аракет кылышууда. Айрыкча, Кошмо Штаттардагы соттор Трамптын шайлоодо бурмалоо болду дегендерин четке кагып, анын шайлоо натыйжаларын бекер кылуу мүмкүнчүлүгүн азайтышты. Ошондуктан, бул компаниялар нефтинин баасын жогорулатуу жана курал боюнча келишимдерди көбөйтүү үчүн Трамптын администрациясын Фарс булуңундагы кырдаалды курчутууга түртүшүүдө.

Алтынчы: Фарс булуңунда кырдаалдын курчушу жооп соккусун башка тарапка бурушу мүмкүн, Иран яхудий вужудунун ордуна Саудия жана Амирликтерге сокку бериши мүмкүн. Бул үчүн актануу-шылтоо оңой, анткени бул мамлекеттер яхудийлер менен мамилелерди жашыруун да, ашкере да нормалдаштырып жатышат. Иран Фахризаданын өлтүрүлүшүнө каршы жооб кайтарууда ар дайым «мунафыктар» т.а. Саудия, Амирликтер жана Бахрайн жөнүндө айтат. Жада калса, яхудий вужуду Фахризаданы өлтүрүү жообгердигин өз мойнуна алганына ишарат кылып жатканына карабастан, Иран Тегерандын жанында жасалган чабуулду саудиялыктар жасашты жана Саудия разведкасы Ирандын ичинде мына ушундай «яхудийче амалиятты» пландап, каржылады деши да мүмкүн. Өзгөчө, яхудий вужудунун премьер-министри 2020-жылы 23-ноябрда жашыруун түрдө Саудияга сапар кылып, ал жерде Ибн Салман жана АКШ Мамлекеттик катчысы Помпео менен жолукканы туурасында кабарлар тарады, булардын баары Фахризаданы өлтүрүү амалиятын Саудияга байланыштырууну жеңилдетет.

О.э. Фахризаданын өлтүрүлүшүнө жооб Амирликке багытталышы да мүмкүн, маселен, «Ал Жазира» Британиядагы «Middle East Eye» веб-сайтына шилтеме кылып мындай кабар таратты: «Иран Фахризаданын өлтүрүлгөнүнө жооб иретинде Амирликтерге аскерий сокку берүү менен коркутту. Бул веб-сайт ысымын атабаган Амирликтердеги булакка таянып кабарлашынча, Тегеран түздөн-түз Абу-Даби канзадасы Мухаммад ибн Зайидге телефон кылып, Фахризаданын өлтүрүлгөнүнө жооб иретинде анын мамлекетине сокку берерин билдирген…». О.э. Иран Фахризаданын өлтүрүлгөнүнө жооб катары Хусийлерди ракеталар жана учкучсуз самолёттор менен колдоп Саудиядагы нефть объектилерине сокку бериши да мүмкүн. Негизи, бул мурунтадан бар болуп келген, аны дагы да күчөтүү ашыкча жообгердикти талаб кылбайт. Эгер Иран ушундай жолду карманганда, ал чыныгы канкорду жоопко тартууну талаб кылып жаткан өз элин алдамак!

Жетинчи: ошентип, мусулмандардын окумуштуулары, өзгөчө, Ирандагы ядрочу физик окумуштуулар биринин артынан бири өлтүрүлүүдө жана буга эч кандай чара көрүлбөй жатат! Мындай абал мубарек Фалестиндин баскынчысы ыплас яхудий вужудун ирандык мусулман окумуштууларды тынымсыз өлтүрүүгө кайраттандырууда! Өкүнүчтүүсү, мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер намысты сатып кордукту алышты, колонизатор кафирлердин жуундукору же алардын саясатынан чыкпоону тандашууда. Аларга чабуул кылынганда, алар сүкүт кылышууда, ыйык нерселери тебеленгенде, каршы чыгышпай жатат. Мусулман дүйнөсү Халифалыктын кулатылышы артынан ушундай абалга туш болду. Мусулмандарды акаратка да унчукпаган, а түгүл, мусулманды өлтүрүп жатса да, үн катпаган рувайбиза акимдер башкарууда!

Халифалык кайра тикеленмейинче мусулмандардын баркы-даңкы кайтпайт. Халифалык заманында румдуктар тарабынан акаратталган бир гана аялга жардам берүү үчүн халифа бүткүл армияны аракетке келтирген. Мусулман акимдери бул дүйнө жана анын лаззаттарына маани бербей, Аллах Азза ва Жалланын ыраазылыгына умтулганда гана мусулмандар өз намысын жана даңкын кайтарышат. Азыркы акимдер кулап бүтүндөй жоголушат, кудум эч качан болушпагандай, алар менен кошо жабыр көрсөтүүчү залимдик доор да бүтөт. Мусулмандар Аллахтан нусрат жана жардам алып өздөрүнүн улуу мамлекетин, экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелешет. Мына ошондо мамлекетибиз яхудий вужудун жок кылат, Америка жана башка колонизатор кафир мамлекеттердин мусулман региондорундагы таасирине балта чабат. Ошондо мечиттерибиздин мунараларынан Аллах Тааланын ушул сөзү жаңырат:

﴿وَقُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَزَهَقَ الْبَاطِلُ إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقاً﴾

«Айткын: Акыйкат келди жана батыл жок болду. Анткени батыл жоголуучу»     [17:81]

﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيباً﴾

«Алар: «Ал качан болот?» деп сурашат. Айткын: «Балким жакында болоор      [17:51]

 

                                                                                                         22робиуссаний, 1442-х.

                                                                                                                  7декабрь, 2020м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here