بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хизб–ут-Тахрир–Тунис делегациясы диний иштер министри менен жолукту
2020-жылы 10-ноябрь күнү Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын делегациясы диний иштер министри Ахмад Азум менен жолукту. Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын борбордук алакалар комитетинин башчысы устаз Ясин ибн Яхя менен комитеттин мүчөсү устаз Мухаммадхабиб Хажжадийден турган делегациянын жолугушуусу диний иштер министрлигинин офисинде болуп өттү. Жолугушууда мечиттердин жабылышы жана Хизбдин буга карата позициясы жөнүндө сөз болду. Хизб делегациясы мечиттерди жабуу сыяктуу шаръий өкүмдөргө тескери иш-аракеттердин жоопкерчилигин министреге жүктөдү жана мындай кылмышты тезинен токтотууга чакырды. Делегация баса белгилешинче, министр Хизбдин талаптарын жакшы кабыл алып, аларды 15-ноябрда өтөрү белгиленген парламент жыйынында ортого салууга даяр экенин билдирди.
Роя гезити, №313, 2020–жыл, 18–ноябрь.