Камактарда туткун аялдардын кыйноого салынып, зордукталып жатканы – Сауддар үй-бүлөсүнүн акимдеринин бешенесине басылган кезектеги шерменделик жарлык

476
0

Басма сөз баянаты

Камактарда туткун аялдардын кыйноого салынып, зордукталып жатканы – Сауддар үй-бүлөсүнүн акимдеринин бешенесине басылган кезектеги шерменделик жарлык

Британияда чыккан «Daily Mail» гезитинин 2020-жылы 17-ноябрдагы санында британиялык адвокат Хелена Кеннединин макаласы жарыяланды. Макала «Саудиялык аялдардын кордолуп камакта кармалып турушу жана кыйноолорго салынышы – дүйнө жетекчилеринин о.э. Саудияда өтчү G20 саммитинин лидерлеринин бешенесине басылган шерменделик жарлык» деп аталган. Автор бул макаласында өлкөдө 2018-жылы башталган камакка алуу кампаниясынан бери Саудиядагы укук коргоочу аялдарга карата ар түрдүү мыйзам бузуулар жасалып, алар бузуку фильмдерди көрүүгө мажбурланып жатканын, зордукталып, зордуктоо менен коркутулуп жатканын, асылып сабалып, электр тогу менен азапталып жатканын жана башка жырткыч кыйноолорго салынып жатышканын жазган.

Макалада айтылган фактылар – кылмышкер Сауддар үй-бүлөсүнүн бешенесиндеги кезектеги шерменделик жарлык. Ансыз да, Салман жана анын уулунун башкаруу доорунда оппозициячылдарга карата бир катар мыйзам бузуулар жана репрессиялар жасалган. Алардын камактары даъватчыларга, укук коргоочуларга жана Салман менен анын уулун сындаган туткундарга толуп кеткен. Режимдин кылмыштары журналист Жамал Кашыкчы окуясында болондой оппоненттерди майдалап аралоо о.э. Хувайтий окуясында болгондой режимдин долбооруна каршы чыккандарды изсиз жок кылуу даражасына жетти. Туткун жана туткун аялдарга колдонулуп жаткан кыйноо жана залим соттор туурасындагы макалалар жана күбөлүктөр режимдин кылмыштарын о.э. Мухаммад ибн Салман жана анын атасы доорундагы кара тизмени ырастоодо. Алардын жашыруун калып жаткан кылмыштары андан көп.

Мухаммад ибн Салман «Көз караш: 2030» долбоору аркылуу өзүнүн режимин мактап, адам укуктарын жана аялдардын укуктарын коргоочу кылып көрсөтүүгө урунууда. Ал ушул жаатта бир катар токтомдорду жана мыйзамдарды чыгаруу менен Саудия аялдардын укуктары боюнча ачык, алдыңкы жана ийгиликтүү мамлекет деп көрсөтмөчү. Түпкүлүгүндө, бул режим бузгунчу болуп, Батыштагы кожоюндарынын жана уюмдардын көрсөтмөлөрүн бирин калтырбай аткарууда. Мисалы, амри маъруф ва нахи мункар комитетин көңүл ачуучу мекемеге өзгөрттү, натыйжада, бул мекеме бузукулукту жана мункарды мыйзамдаштырып берүүдө! Мамлекетте кинотеатрлар ачылды, эркек-аял аралашып болгон концерттер өтүүдө, аялдарга стадиондорго кирип, футбол таймаштарын көрүүгө уруксат берилди. Валийлик бекер кылынып, жыйырма бир жаштан улуу аялдарга өз валийлеринен (т.а. атасынан, агасынан жана башка эркек жакындарынан) уруксат албай сапарга чыгууга уруксат берилди.

Адам укугу активисттери жана уюмдары Саудия режими өлкө ичинде оппозиционерлерди камакка алып, аларды кыйноолорго салууда, өлкө сыртында болсо Яманга каршы согуш алып барууда жана муну менен адам укуктарын тебелеп-тепсөөдө деп айыптап, G20 саммитин бойкот кылууну талап кылышууда. О.э. алар өз мамлекеттеринен туткундарды, өзгөчө аялдардын укуктары жаатында иш алып барган укук коргоочуларды азат кылышы үчүн Сауд Арабияга басым өткөрүүнү талап кылышууда. Ушул жерде табигый суроо пайда болот: бул активисттер алардын мамлекеттери менен Саудиянын тили бир экенин, анын кылмыштарына жана адам укуктарын тебелеп жатканына алар да шерик экенин унутуштубу же өздөрүн унутканга салыштыбы?! Мисалы, АКШ Салмандан жана анын уулунан алган акчалардын акысына алардын кылмыштарына көз жумуп келе жатабы?! Алардын мамлекеттеринин колундагы куралдар т.а. Яман элин ойрондулукка, жакырчылыкка, ачкачылыкка жана ооруларга туш кылган зулум согушта колдонулган курал-жарактар ушул жыйырмалык тобу мамлекеттеринен, өзгөчө, АКШ жана Британиядан сатып алынган куралдар эмеспи?!

Мазлумга акысын алып берүүнү, аял же эркекке адилеттик кылууну бул колонизатор мамлекеттерден күтүү мүмкүн эмес. Себеби, бул мамлекеттер өз кызыкчылыктарын ишке ашырууда өкмөттөргө басым кылуу же өз калкы жана дүйнө алдында шермендеси чыккан абройлорун тикелөө үчүн гана адам укуктары маселесин алга сүрүшөт. Алардын вазъий (инсан ойлоп тапкан) түзүмү доорунда адамзат бактылуу жашоого эч качан жетпейт. Ар нерсенин хикматын билген жана ар нерседен кабардар Аллахтын түзүмү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде колдонулса гана адамзат урмат-сыйда жашайт, укуктары жана намыстары толук корголот.

 Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар канаты

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here