Коомду сактоочу факторлор – 1: Демократия адамзат насилин талкалоодо

286
0

Коомду сактоочу факторлор – 1: Демократия адамзат насилин талкалоодо

Адам жаралгандан Кыяматка чейин гарыйзалары менен организм муктаждыктарын кандырып жашайт. Мына ушул муктаждыктарды кандырууда пенде өз каалоосу менен амал кылса коом бузулуп, башаламандыктар келип чыгат. Муну биз тарыхтагы Нух, Ад, Лут коомдорунан билсек, учурда демократиялык коомдун бузукулугунда күбө болуудабыз. Ал эми тарыхтагы бузуку коомдорго Аллах Таала пайгамбарларын жиберүү менен муктаждыктарды кандыруунун Туура Жолун көрсөтүп берген. Алардын акыркысы болуп Мухаммад с.а.в келди жана Ислам динин бүткүл ааламга мабда катары көтөрүп чыкты. Исламдын келиши менен бузукулукка белчесинен баткан Араб Жарым аралы менен бирге дүйнө коомчулугу адилеттүүлүктүн үлгүсүн көрүп, жашоонун баркын биле алышты.  Төмөндө демократия чүмбөтүн жамынган капитализм коомдун насилин  кантип бузуп жатканын жана Ислам насилди сактоо менен бакубат жашоону камсыздай турганын баяндап беребиз.

  Бүгүнкү күндө демократия системасы насилди сактоонун ордуна бузукулуктарга жол ачып, аларды адам укугу деп таанытууда. Натыйжада, Батыш мамлекеттеринде жаш муун азайып, кары-картаңдардын саны өсүп баратат. Анын негизги себеби бир жыныстуу түгөйлөргө уруксат берүү, зынакорлуктун, жыныстык оорулардын кеңири жайылышы болуп саналат.

ЛГБТлар тарыхта болуп келсе да аларга 1960-90-жылдар аралыгында кеңири укуктар бериле баштады. Башкача айтканда, Лесбиянка (аял түгөйлөр), Гей (эркек түгөйлөр), Бисексуал (эркекке да аялга да түгөй боло бергендер), Трансгендерлер (ориентациясы белгисиз адамдар) 20-кылымдын акырынан тарта тең укукка ээ болушту. Мындай бузукулукту жаюу үчүн Батыш медиа тармагын кеңири колдонууда. Маселен, 2020-жылдан тарта Оскар сыйлыгына ээ боло турган фильмдер үчүн жаңы эрежелердин катарына “сөзсүз түрдө ЛГБТ өкүлдөрүн” кошуу талабы коюлду. Бүгүнкү күндө ЛГБТ өкүлдөрүнүн саны статистикалык маалыматтарда жер калкынын 2%на барабар экени айтылат. Алардын көбөйүп жатышын Батыштын пропагандалык саясатынын жемиши катары карасак болот. Бул бузукулуктун пропагандасы бала бакчадан эле башталат. Маселен, Калифорния штаты мамлекеттик мектептердин мугалимдери үчүн жыныстык тарбия жөнүндөгү колдонмого өзгөртүү киргизди, эми мугалимдер бала бакчаларда жаш балдарга жыныстык өзгөчөлүктөр жөнүндө талкуу өткөрөт. АКШнын чоң шаарларындагы китепканаларда «трансвестит менен бир саат китеп окуу» деген нерсе пайда болду, башкача айтканда, трансгендерлер мектепке чейинки балдарга китеп окуп беришет.

Жогоруда, бул бузукулуктун пропагандасы бала бакчадан башталат, деп жаңылыш айтылып калгандай. Мындай пропаганда бала төрөлгөн заматта башталат. Маселен, Американын бир катар штаттарында баланын туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүккө жынысы көрсөтүлбөгөн графа берилет. Демек, алар бала төрөлөбү, же кыз төрөлөбү, айырмасыз, аны бала же кыз деп карашпайт. Алардын оюнда бала чоңойгондо кыз болобу, же лесби болобу, же гей болобу… өзү чечип алат. Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн бала бакчалардагы, мектептердеги, турмуштагы пропаганда турганда соо бала чыгары күмөн.

Кызыгы мындай бузукулуктар демократия маскасын жамынган капитализмдин шермендесин чыгарууда. Мындай көрүнүш айрыкча спорт тармагында көзгө көрүнө баштады. 13-август күнү АКШда чыккан «The National Review» журналы ЛГБТ өкүлдөрү спорт жаатына да кирип барганы айтылат. Журналда келишинче, июлда оор атлетчи-трансгендер Самоада Тынч океаны оюндарында бир нече медалдарды жеңип алган. Жаңы Зеландиядан келген Лорел Хаббард үч категорияда 87 килограмм аялдар арасында эки алтын жана бир күмүш медалга ээ болду. Негизи, физикалык жактан алганда Хаббард эркек болуп эсептелет. Өткөн жылы Коннектикутта биологиялык жактан эркек саналган эки студент жеңил атлетика боюнча штаттын аялдар мелдешине катышышты. Алар 100 жана 200 метр аралыкта биринчи жана экинчи орундарды алышты. Батыш дүйнөсү ЛГБТ уюмунун талаптары астында ийилүүгө даяр турушкандыктан, эми өзүлөрүн аял сезген эркектерге аялдар менен мелдешүүгө уруксат берилди. Жана алар ар дайым жеңип чыгышууда.

Батыш мына ушул бузукулуктарын өзүндө эле жайылтпастан, адам укугу маскасы артында гранттарды бөлүү аркылуу мусулман өлкөлөрүнө да жайып жатат. Маселен, Кыргызстанда Сорос фонду баштаган бир катар эл аралык каржы уюмдары ЛГБТ өкүлдөрүнүн укугун коргоо, алардын коопсуздугун камсыздоо, мыйзамдарды чыгартуу максатында жыл сайын миллиондогон доллар каражат бөлүп турат. Бир эле Сорос фонду 2018-жылы бул багытта 4 млн доллар каражат бөлгөн. Алардын пропагандасынын натыйжасында ЛГБТ өкүлдөрүнүн саны өлкөдө 22 миңге жеткени айтылат. Алардын 7 пайызы ВИЧ инфекциясын ташып жүрөт.

ВИЧ, СПИД оорулары тарыхта дал ушул ЛГБТ өкүлдөрүнөн таркаганы белгилүү. Бул оорунун дагы адамзат насилин талкалап жатканы айтпасак дагы маалым. СПИД жугуштуу оорусу 1981-жылы Америкада алгач гейлерде аныкталган. СПИДден ушул убакка чейин 42 миллиондон ашык адам ажал тапкан. Учурда вирусту жуктургандардын саны 44,5 млнго жетет. 2019-жылы эле бул илдетке дагы 1,7 миллион киши кабылган. Бул инфекцияны алгач ЛГБТ өкүлдөрүнөн тараса, кийин бул оорунун негизги таркатуучулары демократиянын дагы бир мөмөсү – сойкулар болуп калды.

Сойкулук учурда дүйнөдөгү курал-жарак, наркотикадан кийинки эле кирешелүү бизнеске айланып калган. Көпчүлүк мамлекеттерде сойкулуктун курмандыктары катары жакыр үй-бүлөдө чоңойгон кыздар саналат. Дүйнө жүзүндөгү сойкулардын саны 42 миллиондон ашканы 2016-жылы эле расмий кабарланган. Ал эми бул тармакты бизнеске айланткандар миллиарддаган долларды кучактап жатат. Маселен, АКШдан чыккан миллиардер Джеффри Эпштейн 6-июлда өспүрүмдөрдү сексуалдык кулчулукка саткан деген айып менен кармалды. Кылмыш ишиндеги маалыматтарга таянсак, Эпштейн 14-15 жаштагы кыздарды сексуалдык кулчулук үчүн иштеткен. Аларга акча төлөп башкаларды да алып келүүсүн тапшырган.  Бул 1999-жылдан 2005-жылга чейин созулган. Миллиардер буга чейин учурдагы президент Дональд Трамп, мурунку президент Билл Клинтон жана принц Эндрю менен дос мамиледе болгон. Мындай кылмыштар дал ушул мамлекет жетекчилер менен келишкен абалда жүргүзүлүүдө. Анткени, капиталисттик системада тукумду сактоо баалуулугу каралбаган. Мунун натыйжасында сойкулук, аларды мажбурлап иштетүү жана башка кылмыштардан миллиарддаган акчаларды жасап жатышат.

Бул тармак Кыргызстанда да көз жаздымда калбаган. Сойкулук менен алектенгендердин саны Кыргызстанда расмий эмес маалыматтарда 25 миңден ашып, Орто Азияда алдыңкы сапта турат. Бишкек шаарында эле 3124 сойку расмий каттоодо турат. Алар миңдей сауна, мейманканаларда кызмат кылып, бир сойку күнүнө орточо он эркекти тейлей турганы аныкталган. Ал эми милициянын көзүнө илинбеген сойкуларды кошкондо цифралар дагы эселеп өсүшү толук мүмкүн.

Буга кошумча, демократиялык системада зынакорлук кең жайылгандыктан, аборт кылуу же бала төрөлгөндөн кийин таштап кетүү кадимки көрүнүшкө айланган. Мындан улам Европада калктын саны кескин азайып барууда. Айрым өлкөлөр абортко мыйзам менен тыюу салып, эли ага каршы чыгууда. Маселен, Польшада ушул жылы абортко тыюу салган мыйзам кабыл алынган, ага каршы 100 миңден ашык адам митингдерге чыгып, өкмөт мыйзамды жумшартууга аргасыз болду. Дүйнөлүк Саламатыкты Сактоо Уюму менен Гутмахера Институту биргеликте топтогон расмий маалыматка таянсак, дүйнөдө жылына 25 миллиондон ашык аборт катталып турат. Расмий эмес саны мындан бир нече эсе көп экени талашсыз.

Мындан белгилүү болгондой, демократиядагы керт баш эркиндигинен улам бир катар көйгөйлөр келип чыгып адамзаттын насилин коркунучка салууда. Анткени, демократиялык түзүмдө аялдар сатылуучу товар, ырахат алуучу дене катары каралат. Бул түзүм аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө тукруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө.

Түпкүлүгүндө, аял киши корголушу важиб болгон намыс жана үй бекеси катары каралышы керек эле. Мына ушундай камкордук гана аял кишиге өзүн аял катары сезүүсүн камсыздап берет. Анткени, Ислам насилди сактоо үчүн тукум улоо инстинктин кандыруу туура жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондуктан Исламда бир жыныстуу байланышка, зынакорлукка, сойкулук сыяктуу бузуку амалдарга катуу тыюу салынып, кылмышкерлер оор жазага тартылат. Аборт адам өлтүрүүгө тете иш болуп саналат.

Жыйынтыктап айтканда, Исламда адамзат насилин сактоо үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр сарпталат. Мына ушул чектен чыккан кылмышкерлер жалпы коомдун бакубаттыгы үчүн жазаланат. Аларга берилген шарият жазасы кылган күнөөсүн моюндарынан сакыт кылып, Акыретте бул күнөөсү үчүн жооп бербей турган кылат.

Аллах Таала айтат: “Эй момундар, Алла силер үчүн адал кылып койгон таза-пакиза нерселерди арам дебегиле жана (Алла белгилеген) чектен ашпагыла! Албетте Алла чектен ашуучу адамдарды сүйбөйт”.    

Мумтаз Маверанахрий                                   

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here