Кытай “лагердеги” мусулмандарды тукумсуз калтырууда

423
0

Кытай “лагердеги” мусулмандарды тукумсуз калтырууда

2017-жылдан 2019-жылга чейин Шинжаңдагы “кайрадан тарбиялоо лагеринен” келген үч эркек тукумсуз болуп калганын айтып чыгышты. Муну алар Кытайда камакта жатканда берилген медициналык дарылардан көрүшүүдө.

Алардын бири 32 жаштагы Ергали Ермек. Алматылык дарыгерлердин ырастамасында анын урук безинде олуттуу өзгөрүүлөр – репродуктивдик функцияга терс таасир тийгизүүчү патология байкалган. Ергалинин ден соолугу Кытайда камакка алынгандан кийин начарлап кеткен. Ал “Саясий кайра тарбиялоо” лагеринде бир жыл, бир ай жаткан. Ал жерде Ергалиге “жугуштуу оорулардан” сактануу үчүн деген шылтоо менен эки ирет ийне сайышкан, бир нече жолу дары беришкен, аларды ичкенден кийин денесинде кызыл ыйлаакча пайда болгон.

Казакстанга качып келип отурукташып калган мусулмандардын айтымында, мындай көйгөй Кытай “лагеринен” чыккан дээрлик бардык эркектерде кездешүүдө. Ошондой эле “лагерден” чыккан аялдардын ден соолугунда да көйгөйлөрү курч. Буга чейин эл аралык эксперттер Шинжаңда бийлик аялдарды боюнан алдырууга, аборт жасатууга мажбур кылган фактыларды жарыялашкан. Натыйжада, Шинжаңда балдардын төрөлүшү соңку жылы 24 пайызга, айрым райондордо 84 пайызга азайган.

Кытай бийлиги 2014-жылдан 2019-жылга чейин мындай борборлордо Шинжаңдын 7,7 миллион адамы даярдыктан өткөнүн билдирген. Мушриктер буга кошумча “туугандар” деген ыплас өнөктүк ойлоп табышкан. Мындай кызматкерлер мусулман үй-бүлөлөргө 2 айда бир келишип, 6 күн бою ошол үйдө жашап, кудайсыз бийликтин тарбиясын беришет. А түгүл, кожойкелер менен бир төшөктө жатышат. Буга каршы чыккандарды болсо “саясий лагерлерге” жөнөтүшөт. 2018-жылдан бери мушриктер өздөрү менен кошо спирт ичимдиктерин жана чочко этин да ала барышып, мусулмандарды да бул арам тамактардан оозанууга мажбурлашууда.

Албетте үммөттүн бир бөлүгү болгон Шинжаңдагы мусулмандардын үстүндөгү зулумдуктар акыйдасы бар мусулмандарды тынч уктатпайт. Ислам биздин ар кандай абалыбызга акыретке чейин чечим бере турган дин экени шексиз. Бүгүнкү абалдын чечими болсо Кытайды тарыхта ийинине киргизгендей Улуу Халифалык мамлекетти тикелөө аркылуу мусулмандардын коопсуздугун камсыздоо. Ошондуктан, биз мусулмандар саткын бийликтерден же эл аралык саясаттан мусулмандардын укугун коргошуна үмүт артпашыбыз керек. Анткени, бүгүн Кытайдын мусулман калктарды ассимиляция кылуу саясатын каралап жаткан Батыш баштаган уюмдардын позициясы эртең толугу менен өзгөрүп калышы мүмкүн.

Андыктан, мусулмандар улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу оорулардан арылып, Ислам идеологиясы негизинде биригүүнү тезинен башташы шарт!

Ибн Умар разияллоху анхудан риваят кылынат: Расулуллах саллаллаху алайхи ва саллам айтты: “Мусулман – мусулмандын боордошу. Ага зулум да кылбайт, аны тек да таштап койбойт. Кимде-ким боордошунун кажетин чыгаруу жолунда болсо, Алла анын кажетин чыгаруу жолунда болот, кимде-ким бир мусулмандын капалыгын таркатып жиберсе, Алла кыямат күнүндө анын бир капалыгын таркатып жиберет, кимде-ким бир мусулмандын айыбын жапса, Алла кыямат күнүндө анын бир айыбын жабат”, – деди. (Бухарий жана Муслим риваяты).

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here