Жаңылыктар

Конституцияны кабыл алуу – кулдукка ыраазы болуу

Конституцияны кабыл алуу – кулдукка ыраазы болуу

Туура, конституциясыз жашоо мүмкүн эмес, мен да конституцияга каршы эмесмин. Бирок, кимдин конституциясын тандоо ыктыярыбыз бар да. Мен бүт ааламдын Жаратуучусу, Мээримдүү жана Ырайымдуу Зат болгон Аллах Тааланын конституциясын тандадым, мен ошол Заттын кулумун. “Ашхаду а(н)ллаа илаха илла Аллах, Мухаммадун Расулуллох” келмесинин акыйкатын (Аллахтан башка кулдук кылууга татыктуу Зат жок, Мухаммад Анын расулу экендигине күбөлүк беремин) түшүнүп, аны ачык айтышым менен Аллахка кулдугумду жарыя кылганмын. Сизчи, кимге кул болууну туура деп таптыңыз? Тагдырыңызды кимге тапшырып жатасыз, анын бул дүйнөдө жыргал жашоону кепилдеп беришине толук ишенесизби? Сиз оор абалга түшүп калганыңызда сизди эстеп, жардам береби? Кеч болуп кала элегинде пикирлеп көрүңүз. “Эскертүү момундарга пайда” деген өкүмдөн келип чыгып, айрым нерселерге сиздердин көңүлүңүздөрдү бурууну кааладым. Сиздерге эскерттим, Аллахым Өзү күбө!

وَمِنْ حَيْثُ خَرَجْتَ فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ وَحَيْثُ مَا كُنتُمْ فَوَلُّوا وُجُوهَكُمْ شَطْرَهُ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَيْكُمْ حُجَّةٌ إِلَّا الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْهُمْ فَلَا تَخْشَوْهُمْ وَاخْشَوْنِي وَلِأُتِمَّ نِعْمَتِي عَلَيْكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ(150)كَمَا أَرْسَلْنَا فِيكُمْ رَسُولًا مِنْكُمْ يَتْلُو عَلَيْكُمْ آيَاتِنَا وَيُزَكِّيكُمْ وَيُعَلِّمُكُمْ الْكِتَابَ وَيُعَلِّمُكُمْ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَيُعَلِّمُكُمْ مَا لَمْ تَكُونُوا تَعْلَمُونَ(151)فَاذْكُرُونِي أَذْكُرْكُمْ وَاشْكُرُوا لِي وَلَا تَكْفُرُونِي

“(Эй Мухаммад) Кайсы тараптан чыксаң да, жүзүңдү Масжид-ал-харам тарапка бургун! (Эй момундар) Каерде болсоңор, (силер дагы)жүзүңөрдү ошол тарапка бургула! (Айрым)адамдар үчүн силердин зыяныңарга далил болуп калбасы үчүн (ошенткиле). Бирок алардын ичинде зулумдук кылуучулары да бар, силер алардан коркпогула. Менден корккула! Силерге неъматымды (Ислам динимди ) толук кылып беришим жана туура жолго багыт табууңар үчүн ушундай кылгыла. Ошондой эле силерге өзүңөрдөн болгон, силерге Биздин аяттарыбызды окуп бере турган, силерди (күнөөлөрдөн) арууланта турган, силерге Китеп жана Хикматты (Куръан жана Хадисти) үйрөтө турган жана билбеген нерселериңерди билдире турган бир пайгамбар жибердик. Силер Мени эстегиле, Мен да силерди эстеймин. Мага шүгүр кылгыла жана Мага кафир болбогула!” [2:150-152]

Конституцияны кабыл алууда, эч бир жаныбарда болбогон, ал тургай периштелерге да берилбеген акылымды иштеттим. Алгач ааламдагы бардык нерселер; жер, күн, айдан баштап кичинекей кыпындарга чейин, акылым жеткенче пикирледим, топтогон бардык маалыматтарды ишке салдым. Алардын ар биринде бар болгон мыйзамдарды күчүмдүн жетишинче үйрөндүм. О.э. ал мыйзамдардын Ээсин көпкө чейин олуттуу издедим. Ал эми, майда кыпындардагы “атом ядросунун айланасында нейтрон жана протон айланып турушу” сыяктуу мыйзамдарды да, жер планетасындагы “жердин өзүнө тартуу күчү бар”, “жер өз огунда айланат” деген мыйзамдардын да ээси көзгө көрүнгөн нерселердин бири эместигин анык билдим. “Эч бир нерсе ээсиз-авторсуз болбойт” деген аклий эрежеге ылайык, алардын Ээси биздин сезүүбүздөн тышкарыда, гоибде болгон улуу хикмат, чексиз кудурет, кемтиксиз илим ээси Ырайымдуу жана Мээримдүү Зат – Аллах Таала экенине толук көзүм жетти. Бардык нерсе ошол Заттын мүлкү, бизди да жоктон бар кылган. Ал Затка кулдук кылуу – бул чыныгы акыйкатты моюнга алуу. …

Аллах Тааланын китеби – Куръан жөнүндө, Ал Заттын элчиси – Расулуллах(с.а.в) жөнүндө пикирлеп, алар чындап эле Аллах Таала тарабынан экендигине кыпындай күмөн калбастан толук ишендим, Аллахка алкыш-мактоолор болсун, махлуктарга сыйынуу, ал тургай өзүнө окшогон адамдарга кулдук кылуу кордугунан толук кутулдум. О.э. сокурдук менен ата-бабаларын ээрчиген мусулмандардан эмес, Аллах Куръанда баян кылган хужжаттуу момун болдум, өмүрүмдүн акырына чейин ушул ыйманымда бекем болууну Аллахтан жалбарып сураймын:

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا

– «Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт».  [4:65]

Бул конституция кемчиликсиз, толук жана бардык нерселерди камтыган конституция экендигине карабастан, Аллах Таала бар экендигин четке кагуучу комунисттерге да, Аллах Тааланы турмушка аралаштырбайбыз, динди турмуштан ажыратуу керек деген демократтарга да жакпайт. Алар болгон күчү менен буга каршы чыгышат. Алар бул  кылмыштары менен динден чыгып кафир болушун жогоруда келтирилген аят далилдеп турат. Ал тургай, жахил-илимсиз адамдар да бул конституцияга, башкача айтканда, Куръан жана хадиске ыйман келтиришпесе, ошол мыйзамдарды жашоого алып келүүгө аракет кылышпаса кафирлер менен бирге болушат. Бул конституция – Исламды моюнга алуу – ошону жакшы үйрөнүүдөн башталат. Ошондуктан, кафирлер Исламды түшүнүп калышыбызга тоскоолдук кылуу үчүн болгон күчүн жумшап жатышат.

Аллах Тааланын конституциясында адамдардын жыргал жашоосуна тоскоолдук кыла турган, же жолтоо боло турган бир да нерсе жок. Тескерисинче, бул конституция эки дүйнө бактысына жеткирет т.а. бул дүйнөдө Аллах Тааладан башкасына: бут-санамдарга, айкелдерге, адамдарга кулдук кылбастан ???мағрур ва фаровон хаёт кечирсалар, Акыретте болсо, түбөлүк жашоодогу мекени бейиш болушу менен шаттанышат.

    Аллах Тааланын конституциясынан баш тартып, адамдар иштеп чыккан конституцияларды тандоо менен бул дүйнөдө ошол конституциялардын авторлоруна кулдук кылган, аларды өздөрү үчүн кудай кылып алган болушат, Аллах Таала айтат:

Термизий чыгарган хадисте Адий ибн Хотам айтты: «Мен Набий(с.а.в)дын алдына келдим – мойнумда алтындан хоч (крест) бар эле. Ал зат мага: Бутту алып ташта, – деди жана «Бароат» сүрөсүнөн мына бул:

اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ

Алар Аллахты коюп өздөрүнүн даанышмандарын, рахибдерин жана Масих ибн Марямды кудайлар деп билишти.[9:31] аятты окуп, мындай дегенин уктум: «Туура, адамдар рохибдерге ибадат кылышпаган, бирок рохибдер бир нерсени адал дешсе, адамдар аны адал эсептешкен, бир нерсени арам дешсе аны арам эсептешкен».

Эй, момундар! Конституцияга карата мамилеңер жеңил нерсе эмес, бул эки дүйнөдөгү абалыңар кандай болушун чече турган негизги маселе. Аллахтын конституциясынан эле эмес, Аллах Тааланын кээ бир өкүмдөрүнөн баш тартышыбыз кыйроого алып барат, муну Аллах Таала төмөнкүдөй эскертип жатат:

إِنَّ الَّذِينَ ارْتَدُّوا عَلَى أَدْبَارِهِمْ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ الْهُدَى الشَّيْطَانُ سَوَّلَ لَهُمْ وَأَمْلَى لَهُمْ ()
ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا لِلَّذِينَ كَرِهُوا مَا نَزَّلَ اللَّهُ سَنُطِيعُكُمْ فِي بَعْضِ الأَمْرِ وَاللَّهُ يَعْلَمُ إِسْرَارَهُمْ () فَكَيْفَ إِذَا تَوَفَّتْهُمْ الْمَلاَئِكَةُ يَضْرِبُونَ وُجُوهَهُمْ وَأَدْبَارَهُمْ () ذَلِكَ بِأَنَّهُمُ اتَّبَعُوا
مَا أَسْخَطَ اللَّهَ وَكَرِهُوا رِضْوَانَهُ فَأَحْبَطَ أَعْمَالَهُمْ

– „Албетте, өздөрүнө хидаят (жолу) анык-айкын болгондон кийин дагы аркасына (куфрга) кайтып кеткен кимселерге (бул иштерин) шайтан көркөм кылып көрсөттү жана алар үчүн (көңдөй ой-максаттарын) узун кылып койду. Буга (т.а. куфрга кайтып кетүүлөрүнө) себеп алардын Аллах түшүргөн нерсени (Куръанды) жаман көргөн кимселерге: «Биз айрым иштерде силерге моюн сунабыз», дегендери. Акыйкатта болсо, Аллах алардын жашырган (сырларын) билет. Эми, периштелер алардын жүздөрүнө жана аркаларына уруп жандарын алар убакта, (алардын абалы) кандай болот?! Буга (т.а. өлүм саатындагы мындай азапка) себеп алар Аллахтын каарын келтирген нерсеге (т.а. мунафыктык жолуна) ээрчип, Ал Заттын ыраазылыгын (т.а. момундар менен бирге кафирлерге каршы турууну) жаман көргөндөрү. Ошондуктан, (Аллах) алардын (кылган жакшы) иштерин да бекерге кетирди”.            [47:25-28]

Ар бир иште Аллах түшүргөн өкүмгө кайрылуу – бул ыймандын катъий талабы. Напис-каалообузду ээрчүү кыйроо, адашуу жана фитналардын, мусибат-кыйынчылыктардын негизи. Аллах Тааланын төмөнкү аяты жөнүндө пикирлеп көрүңүз:

وَأَنْ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُصِيبَهُمْ بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ وَإِنَّ كَثِيرًا مِنْ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ  أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنْ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

(Эй Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын каалоо-нафсилерине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун! Эгер (сенин өкүмүңдөн) баш тартышса, билип кой, Аллах аларга айрым күнөөлөрү себептүү кайгы келтирүүнү каалоодо. Албетте, адамдардан көптөрү баш ийбегендер. Динсиздик өкүмдар болуусун каалашабы, ыймандары толо болгон коум үчүн Аллахтан да чырайлуу өкүм кылуучу ким бар?!” [5:49,50]

Теманы жакшыраак түшүнүү үчүн сайтыбыздагы “Аллахтын конституциясы жашоодо жоктугунун негизги себеби” деген макаланы да окуп чыгыңыз.

Аллахтын Кулу Абу Зар.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

5 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago