Өзбекстандын тышкы карызы өсүп жатат

241
0

Өзбекстандын тышкы карызы өсүп жатат

2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында Өзбекстандын тышкы карызы 27,6 миллиард  долларга барабар болду. Бул тууралуу Өзбекстан Борбордук банкынын департамент директорунун орунбасары Отабек Тажидинов билдирген.

Кабарда келишинче, тышкы карыздын 17,5 млрд доллары мамлекеттик карыз, ал эми 10,1 млрд. доллары жеке секторго берилген карыз. Анын көпчүлүгү (74%) 10 жылдан ашык мөөнөткө алынган кредиттер.

Жеке сектор карыздардын 45 пайызы банк секторуна, 44 пайызы нефть жана газ тармагына туура келет. Тышкы карыздын 71 пайызы АКШ долларында, 12 пайызы евро, ал эми 7 пайызы япон йенасында алынган.

Тышкы карыздын динамикасы боюнча маалыматка таянсак, акыркы 3 жылда Өзбекстандын тышкы карызы тынымсыз өсүп жатат.

Мисалы, 2017-жылы тышкы карыздын көлөмү 17,3 млрд доллар болсо, 2019-жылы 24,5 млрдга жеткен. Ал эми 2020-жылдын биринчи жарымында 27,6 млрд. долларга барабар болгон. Бул цифра жылдын соңуна чейин дагы өсөрү күтүлүүдө

 Комментарий: Гарварддын Дүйнөлүк экономика институтунун жана Мюнхень университетинин окумуштуулары өткөргөн иликтөөнүн натыйжасы боюнча, Кытайдан эң көп карыз алуучу 50 мамлекеттин тизмесинде Беларус, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан да бар. Өзбекстандын тышкы карызынын эң чоң бөлүгү Кытайдан болуп, жалпы карыздын 21 пайызын түзөт. Эксперттердин маалыматына таянсак, Кытай башка мамлекеттерге берген кредиттердин жалпы көлөмү 5 трлн. долларга жакындап, бул цифра Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун портфелинен эки эсеге көптүк кылат. Кытай ири карыз берүүчүгө айланып, ушул аркылуу экономикалык экспансиясын күчөтүүдө.

  Кытай региондогу мамлекеттерге карыз берүү менен бир катарда, аларды өз талаптарына моюн сунууга мажбурлайт. Мисалы, 2019-жылдын июлунда Европанын 22 мамлекети Кытайдын Чыгыш Түркстандагы мусулмандарга карата репрессиясын каралап чыгышкан эле. Арадан бир күн өткөндөн кийин, көпчүлүгү исламий өлкөлөрдөн турган 35 мамлекет – анын ичинде Өзбекстан жана Тажикстан да бар – Кытайды колдоп чыгышты. Кыргызстан болсо БУУда Кытайдын Шинжаңдагы саясатын жактап чыкты. Колонизатор мамлекеттер, анын ичинде Кытай өкмөтү да Борбор Азиядагы мамлекеттерди карызга батырып алган соң, аларга эмнени кылуу жана эмнени айтуу керектигин да дайындай башташты.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here