БАЭ арам амалдарга эшик ачты

336
0

БАЭ арам амалдарга эшик ачты

Бириккен Араб Эмираттардын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, никеге турбаган түгөйлөр чогуу жашай алышат. Ошондой эле мындан ары жашы 21ден өткөндөргө алкоголдук ичимдиктерди колдонууга, сактоого жана сатууга уруксат берилет. Аталган мыйзамга Бириккен Араб Эмираттарынын эмири Халифа ибн Заид Ал-Нахайян кол койгону кабарланды.

Буга чейин АКШнын ортомчулугу алдында Бириккен Араб Эмираттары Израил менен достук мамиле түзгөн. Кийин БАЭ менен Израилдин ортосунда телефон байланышы иштей баштаган.

Түпкүлүгүндө, араб өлкөлөрүнүн жөөт вужуду менен мындай саткын мамилелери буга чейин эле болуп келген. Ошондой эле, зынаа жана ичимдиктер жашыруун жайылып келген. Учурда болгону ушул кылмыштарына мыйзамдуу түстөр берилүүдө. Анткени, мусулмандар Халифалык мамлекети кулагандан тарта анын ордун АКШ, Англия сыяктуу колонизатор мамлекеттер басып алып, ордуна өздөрүнө малайлык кылган мамлекетчелерди пайда кылышты. Бул акимдер колонизаторлор сызып берген нота менен гана ырдап-бийлей алышат. Андан ашыкча укук берилбеген. Бул акимдер нота жөөт вужудун дос тутууга карай чертилсе ага ылайык, мусулмандардын туйгусуна ойноо үчүн душман жарыяланса ага да үндөш аткарып беришет. Мындай кылмыштары Куранда ачык арам кылынган өкүмдөргө каршы келсе да кайра тартпай жатат.

Демек, биз мусулмандар бул акимдердин бузук саясат жүргүзүүсүнө, Исламга карата кыянаттыктарына каршы турушубуз шарт. Ошондой эле Исламыбызга талпынып жеке адамга, жамаатка, мамлекетке буюрган өкүмдөрдү өз ордунда так аткарууга шашылалы! Мына ушул аракетибиздин артынан Аллахтын нусраты келсе ажеп эмес!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here