Кытай чек араны ачуу үчүн Кыргызстанга шарт койду

216
0

Кытай чек араны ачуу үчүн Кыргызстанга шарт койду

 Кытай Кыргызстан менен жүк ташууну көбөйтүү үчүн бир катар талаптарын койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

4-ноябрда Бажы кызматынын борбордук аппаратында ишкерлер менен жолугушуу өткөн. Ага мекеменин төрагасы Кадыржан Семетеев, экономика министринин орун басары Элдар Алишеров, Нарын облусунун башчысынын биринчи орун басары жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү катышкан.

 Кабарда келишинче, кыргыз тарап жүк ташууну көбөйтүү үчүн Торугарт өткөрүү пунктунун ишин саат 9:00дөн 18:00гө чейин узартууну сунуштаган.
Ал эми Кытай бир нече талап койгон:

– транспорт каражаттарынын жана чиркегичтердин санитардык-техникалык абалын сактоо;

– бузулган жана эски унаалардын ишине жол бербөө;

– жүктөрдү өткөрүп жатканда транспорт каражаттарынын техникалык     параметрлеринин дал келишин эске алуу;

     – Кытай компанияларынын Кыргызстандагы коопсуздугун камсыз кылуу..

 Бажы кызматынын кабарына таянсак, Кыргызстан бул талаптарды аткарууга аракет кылат жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү улантат.

 Комментарий: Бир нече мамлекеттер жана эл аралык уюмдар – Кыргызстандагы кезектеги төңкөрүштөн кийинки саясий жана экономикалык кризистен пайдаланып – Кыргызстанга шарттарын коё башташты. Эң алгач орус өкмөтү мамлекеттеги саясий кырдаал жөнгө салынганга чейин 100 миллион доллардык жардам белгисиз мөөнөткө чейин кечиктирилишин билдирди. Россия өкмөтүнүн бул чечимин кыргыз бийлиги парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүшүн тездетүү үчүн басым катары кабыл алууга болот. Себеби, Кыргызстандагы парламенттик башкаруу башынан эле Россияны канааттандырган эмес. Ага Кыргызстанда президенттик башкаруу болушу пайдалуу.

 Россиянын артынан Европа Союзу да санариптештирүү  жолбооруна бериле турган 6 миллион еврону 2021-жылга калтырганын кабарлады. Бул болсо Кыргызстанда парламенттик башкарууну сактап калуу керектигине “ишара” болчу.

 Эми Кытай өкмөтү чек араларды ачуу үчүн шарт койду. Бул шарттардын эң негизгиси Кыргызстандагы Кытай компанияларынын коопсуздугун камсыздоо. Белгилүү болгондой, 2018-жылы Кыргызстанда Кытай компанияларына каршы маанай жаралып, жергиликтүү кытайлар иштетип жаткан кендердин ишин токтотууну, кытайлык жарандарды өлкөдөн чыгарып жиберүүнү талап кылган. Себеби, Кыргызстан бийлиги Кытай инвесторлору менен жумушчуларына кеңири укук жана мүмкүнчүлүктөрдү бериши себептүү кытайлыктар жергиликтүү элге басым өткөрүп, түзүлгөн келишимдерди сактабастан, жергиликтүү элге кул катары мамиле кыла башташкан эле. Ал тургай бир кытайлык ишкер кол астында иштеген кыргыздарды түштөнүү учурунда тик туруп тамактанууга мажбурлап, аларга кол көтөрдү. Бишкектеги ресторандардын биринде бир кытай жараны кыргыз аялдарды акаарат кылып, “мен депутатка звонок кылам” деп коркутууга чейин жетип барды…

 Өлкөдө Кытай компаниялары менен кытайларга каршы маанай кеңири жайылганы себептүү ошол жылы Кытай өкмөтү “Кыргызстандагы компаниялардын коопсуздугун өзүбүз камсыздайбыз” деген маселени көтөргөн эле. Бул болсо Кыргызстанга кытайлык аскерлер кирип келишин түшүндүрөт. Бирок, жарандардын кытайга каршы маанайы себептүү расмий бийлик буга батына алган эмес. Бүгүнкү күндө өлкөдө жүз берген саясий жана экономикалык кризистен пайдаланып калмакчы болуп жаткан Кытай бийлиги дагы кайрадан ошол талапты көтөрүп чыга баштады. Эгер биз мусулмандар өкмөттүн Кытай жана башка колонизаторлор менен түзүп жаткан келишимдерин сергектик менен күзөтүп, өз убагында мухасаба кылып токтотуп калбасак, расмий бийлик Кытайдын жана башка чет өлкөлүк компаниялардын  коопсуздугун камсыздоо шылтоосу менен алардын аскерлери кирип келишине уруксат берип жибериши мүмкүн. Бул болсо, Кыргызстанда дагы бир аскерий база пайда болуп, аскерий колония үчүн жол ачылат дегени.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here