Кыргызстандагы окуялар

477
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооб

Кыргызстандагы окуялар

Суроо:

«… жума күнү эрте менен Жогорку Кеңеш президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын жактырды жана бир апта мурун баш калаа Бишкекте жарыяланган өзгөчө кырдаалды жокко чыгарды …». (Yeni Shafak Arabi, 16.10.20). Кыргызстандын баш калаасында катуу нааразычылык акциялары болуп, нааразычылык акциясына чыккандар өкмөт үйүн көзөмөлгө алышып, орусиячыл президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Алардын бул талабы ишке ашты. Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын чындыгы кандай? Бул мусулман өлкөсүндө Орусиянын таасири алсырап жатабы? Бул күрөштө Американын ролу барбы? Аллах сизди жакшылык менен сыйласын.

Жооб: Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын чындыгын ачып берүү үчүн төмөнкүлөрдү тактоо керек:

Биринчиси: Кыргызстандагы жалпы кырдаал:

  • Кыргызстан Борбордук Азиядагы мусулман өлкөлөрүнүн бири жана анын чек аралары бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы башка мусулман өлкөлөрү: Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен кошо Кытайдагы Чыгыш Түркстан менен чектешкен… Кыргызстан 1876-жылдан бери Орусиянын падышалык баскынчылыгына баш ийген. Орусиянын оккупациясына каршы бир нече ыңкылаптар болгон, бирок Орусия аны жокко чыгара алган. Андан кийин ал Советтер Союзунун курамындагы республика болуп калды. Башкача айтканда, ал 1876-жылдан 1991-жылга чейин, түздөн-түз Москванын башкаруусу алдында болду. Советтер Союзу ыдыраганда Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялады. Бирок андагы саясий  чөйрө Орусияга берилгендикти сүт менен сиңирип алган. Кыргызстанда Орусиянын таасири эгемендик алгандан кийин да чоң таасирге ээ бойдон кала берди.
  • Кыргызстан эгемендик алгандан бери Коммунисттик партиянын лидерлери маскаларын алмаштырып, бир нече аталыштагы партияларды түзүү аркылуу өлкөнү башкарышты. Алар Москвадан келген түздөн-түз буйруктар аркылуу башкарышты. Бирок, токсонунчу жылдардагы Орусиянын алсыздыгы жана өзү менен өзү алек болуу мезгили Американы бул саясатчыларга кандайдыр бир деңгээлде таасир кылууга мүмкүндүк жаратты. Кичүү Буштун доорундагы неоконсервативдик кызуу мезгилде жана Америка Исламга каршы согуш жарыялап, Афганистан менен Иракка каршы согуш баштоосунда, Америка Борбор Азияга өтүп, анын акимдери жана саясий күчтөрү менен мамиле түзө баштады. Ушул алкакта АКШнын аскер күчтөрүнө Афганистанга каршы согушта жардам берүү үчүн борбор шаар Бишкектин жанында «Манас» аскер базасын түздү.
  • 2003-2009-жылдары Америка Ирак сазына баткан учурда Владимир Путин Москвадагы бийлик тизгинин колго алгандан кийин Орусиядагы өкмөткө кандайдыр бир күч-кубат кайтып келди. 2014-жылы Америка Бишкекке жакын жайгашкан «Манас» аскер базасын жоюуга аргасыз болду. Мунун ордуна Орусия 2003-жылы негиздеген Кыргызстандагы аскердик базасын чыңдады. 2015-жылы Кыргызстан Америка менен келишимин жокко чыгарды. «Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев Америка Кошмо Штаттары менен 1993-жылы түзүлгөн эки тараптуу келишимди жокко чыгарууга буйрук берди. Өкмөттүн билдирүүсүнө ылайык, келишим 20-августтан баштап күчүн жоготот». (Al-Jazeera Net, 22.07.15). Ошентип, Орусия Американын таасирин Кыргызстандан толугу менен чыгарууга жетишти. Орусия Кыргызстанды 1992-жылы Советтер Союзунун урандыларында түзүлгөн Жамааттык Коопсуздук Келишимине Уюмун кошту. Американын таасири Бишкекти аралап турганда да Кыргызстан бул уюмга мүчө болуп келди. Ошондой эле, Орусия Кыргызстанды 2014-жылы түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине да кошту.
  • Жергиликтүү жактан алганда, Советтер Союзу тарашынын натыйжасында эгемендүүлүккө ээ болгон көпчүлүк өлкөлөрдөгүдөй эле, Кыргызстандагы саясий тайпа да катуу коррупция менен мүнөздөлөт. Андагы бийлик үчүн атаандаштык тез арада үммөт байлыгын көзөмөлгө алуу үчүн атаандаштар ортосунда катуу күрөшкө айланат. Бирок, ошол эле маалда камкордук кылуу түшүнүктөрү жок. Камкор башчысы жок эл чачыранды калган. Коррупциянын тереңдиги чоң болгондуктан, Кыргызстан эли 2005-жылы эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнү башкарып келген президент Акаевге каршы көтөрүлүп, ал Орусияга качып кетти. 2010-жылы зордук-зомбулук аракеттери менен коштолгон, адамдардын набыт болуусуна келген козголоң президент Бакиевге каршы көтөрүлүшкө чыккан. Бакиев өлкөнүн түштүгүнө качып барган, ал жерден Казакстанга кетип, Отунбаева өлкөнүн убактылуу президенти болуп дайындалган.
  • Орусия советтик доордо тарбияланган акимдерден курал катары пайдаланып, Борбор Азияда Исламга жана мусулмандарга каршы кырдаалды тукуруп жатканына карабастан, бирок исламий пикирлер Кыргызстанда эгемендик алганга чейин жана андан кийин кайрадан жайылды. Хизб-ут-Тахрир Исламды башкарууга алып келүүгө жана Исламий Халифалыкты курууга активдүү чакырып жатат. Анын ишмердүүлүгү географиялык жактан Фергана өрөөнүнүн курамына кирген түштүк региондордо өзгөчө болду. Кыргызстандагы улам алмашып жаткан режимдер Ислам душманы Орусиянын жетекчилиги астында – Өзбекстандагы жана Борбор Азиядагы башка залим акимдер сыяктуу – Хизбдин ишмердүүлүгүнө каршы катуу күрөшүп, репрессия кылып жатканына карабастан, Кыргызстандагы Ислам – Орусиянын жана анын жолдоочуларынын катуу чабуулуна карабастан – көптөгөн аймактарда укмуштуудай таасирге ээ.

Экинчиси: баш калаа Бишкекте болуп өткөн акыркы башаламандык:

  • 2017-жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан Сооронбай Жээнбеков акыркы парламенттик шайлоолордо конституциялык мөөнөтү аяктагандан кийин кайрадан шайлоого катыша тургандай кылып конституцияга өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген көпчүлүк добушту алууну пландаган. Конституцияда алты гана жылдык президенттик мөөнөт белгиленген. Ошондуктан, президентке ишенимдүү жана ага жакын партиялар 2020-жылы 4-окутябрда парламенттик шайлоолордо жеңишке жетишти деп жарыяланды, 16 партиянын төртөөсү гана парламенттик 7% босогону аттай алышкан. Башкача айтканда, Жээнбековдун планы боюнча, жаңы парламент (120 депутат) Жээнбековго берилген жана ага жакын партиялардан түзүлүшү керек болчу. «Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышкан 16 саясий партиянын төртөөсү 120 орундуу жаңы парламентке кирүүгө жетишти деп жарыялады. Бул нерсе парламенттин курамына кирбеген 12 партиянын колдоочулары шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыгышына шарт жаратты». (Daily Sabah, 06.10.20). Башка партиялардын саясий укуктарын басмырлаган бул план ишке ашкан жок. «Жеңилген 12 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз деп, биргелешкен декларация жарыялады…». (TRT Arabic, 06.10.20).
  • Ошентип, шайлоонун жыйынтыгын четке каккан саясий партиялардын тарапкерлери Ала-Тоо аянтына жана премьер-министрдин кеңсесинин жанына эртең менен баштап агылып келе баштады. Андан кийин бул жаалданган эл өкмөт үйүнө кол салып, басып алышты. Чындыгында эле, калк парламент имаратын жана президенттик аппаратты басып алды. Айрым адамдар түрмөлөргө кол салып, камакка алынган белгилүү бир адамдарды бошотушту. Ошентип, баш калаа Бишкекте жайгашкан Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин имаратына кол салуу болуп, ал жакта коррупция боюнча айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылып камерада отурган экс-президент Атамбаевди бошотулду. Садыр Жапаров бошотулуп, сот аны тез арада 2013-жылы барымтага алуу негизиндеги соттуулугунан актоого шашты. Ал ушул айыптоо менен түрмөгө отурган. Борбор шаар менен катарлаш, аймактардын борборлорунда массалык элдик митингдер болуп, өкмөттү айыптап, президентти кызматтан кетүүгө чакырышты. Президенттин кичи мекени түштүк аймактарда аны колдогон айрым митингдер башталган, бирок ал аны кызматтан кетирүүнү талап кылгандардын деңгээлинде болгон жок.
  • Нааразычылык толкуну абдан жайылып, мамлекет чочулады. Иш жүзүндө премьер-министр, парламент төрагасы жана айрым региондордун башчылары кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазышты. Президент Жээнбеков аны менен кошо коопсуздук кызматы жоголуп кетти, президент өзүнүн билдирүүлөрүн интернет аркылуу жашыруун жерден жарыялай баштады. Ал коопсуздук кызматынан митингчилерге карата күч колдонбоону талап кылгандыгын билдирди. Ал оппозицияны төңкөрүш уюштурууда жана бийликти басып алууда айыптады. Ал мунасага барууга даяр экендигин билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынан мыйзам бузууларды териштирип, керек болсо жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылды. Жээнбеков саясий партияларды сабырдуулукка чакырып, жаштарга кайрылды: «Силер Кыргызстандын баалуулугу бийлик үчүн күрөштөн артык экендигин көрсөттүңөр. Бул сөз менен эмес, иш-аракет менен болот. Биздин максатыбыз – өлкөбүздө тынчтыкты жана тартипти камсыздоо. Биргелешкен аракеттер менен бул кризистен чыгабыз деп ишенемин». Ал кошумчалап: «Өлкөдөгү милдеттерин аткарууну токтотпогон жаштарга ыраазычылык билдиремин», – деди. (AR Haberler.com, 07.10.20).
  • Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандыгын жарыялады. Оппозициялык партиялар Оппозициялык күчтөрдүн координациялык кеңешин түзүштү, алар Бишкектеги мейманканада өткөн парламенттин чукул жыйынында Садыр Жапаровду жаңы премьер-министр кылып дайындашты. Ал оппозиция тарабынан түрмөдөн бошотулган эле. «Садыр Жапаров чукул сессия учурунда добуш берүүдөн кийин кызматтан кетүү жөнүндө арыз берген мурунку премьер-министр Кубатбек Бороновдун ордуна жаңы премьер-министр болуп дайындалды. Ал азыркы парламент жаңы парламент шайланганга чейин иштей берерин кошумчалады». (RT, 07.10.20)… «Бүгүн, шаршемби күнү 120 депутаттын 80ден ашууну парламенттин кезексиз сессиясына катышып, Жапаровду ал сунуштаган өкмөт курамы менен кызматка дайындоого макулдук берүү үчүн добуш беришти. Андан кийин Жээнбеков Жапаровду өкмөт курамы менен кошо премьер-министр болуп дайындалгандыгын тастыктаган жарлыкка кол койду…». (Аль-Маядин, 14.10.20).
  • «… жума күнү эрте менен Жогорку Кеңеш президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын жактырды жана бир апта мурун баш калаа Бишкекте жарыяланган өзгөчө кырдаалды жокко чыгарды. Сессияга Жээнбеков да, премьер-министр Садыр Жапаров да, парламент төрагасы Канат Исаев да катышты. Жыйындын жүрүшүндө президенттин отставкасы бир добуштан жактырылды жана өзгөчө кырдаал жоюлду. Добуш берүү алдында Жээнбеков парламент депутаттарына акыркы сөзүн сүйлөдү. Ал кызматтан кетүүсү өлкөдөгү тынчтыкты камсыздоо жана коомдун бөлүнүп-жарылышына жол бербөө максатында болгонун билдирди …». (Yeni Shafak Arabi, 16.10.20). Ошентип «Кыргызстандын премьер-министри Садыр Жапаров – президент Соронбай Жээнбеков кызматтан кетип, Жапаровго өлкө президентинин ыйгарым укуктары берилгенден кийин – өзүнүн бийлигин бекемдеп алды. Ал өлкөнүн тышкы саясатын сактап калууга убада берип: «Кудайга ыраазымын, бийлик алмашуу тынч өттү… Тышкы саясатты жана башка маанилүү тенденцияларды сактап калуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасаймын», – деди». (Sputnik, 16.10.20).

Үчүнчүсү: Орусиянын Кыргызстандагы таасири:

  • Орусиянын Кыргызстандагы таасири күчтүү жана ар тараптуу деп эсептелет. Америка өзүнүн аскер базасын куруп жаткан мезгилде Орусия Кыргызстанда аскер базасын курган. Демек, Америка өзүнүн таасиринин бир бөлүгүн өлкөгө киргизе алган мезгилде дагы Кыргызстанда Орусиянын таасири жоголгон жок. Орусия 2003-жылы аскер базасын курган. «Орусиянын Кант авиабазасы Кыргызстанда 2003-жылдын октябрь айында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун жамааттык ыкчам жайылтуу күчтөрүнүн авиациялык компоненти катары ачылган. Анын негизги милдеттери – ЖККУнун кургактагы операциялары үчүн аба мейкиндигин коргоо. База Су-25SM учактары жана Ми-8МТВ тик учактары менен жабдылган». (RT, 28.03.19). Ошол бейшемби күнү Орусиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстандын борборуна болгон иш сапарында Москва менен Бишкек протоколго кол коюшту. Протоколдо Орусиянын Кыргызстандагы аскер базасына байланыштуу эки мамлекеттин ортосундагы келишимге өзгөртүүлөр киргизилди. Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков: «Бир катар келишимдерге кол коюлду, алардын катарында Кыргызстандагы Орусиянын аскер базасынын статусуна жана шарттарына байланыштуу 2012-жылдагы келишимге өзгөртүү киргизүү боюнча документке кол коюлду»… Өз кезегинде Орусия президенти Владимир Путин билдирүү берди: «Орусиянын Кыргызстандагы аскер базасы Борбор Азиядагы коопсуздук жана туруктуулук үчүн маанилүү фактор болуп саналат жана Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө көмөктөшөт». Бул базада «Сухой-25» чабуулчу учактар ​​жана «Ми-8» тик учактары жайгашкан… (Аль-Дустур, 28.03.19). Ошентип, Кыргызстандын президенти Жээнбеков Орусияга толугу менен берилгендик менен мамиле жасап, аны менен Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунда макулдашып, аскердик базаны өнүктүрүү сыяктуу каалаган нерселерин аткарууга баш ийген.
  • Бирок, Орусия Америка менен байланышта болгон айрым оппозициялык партиялар Бишкектеги бийликти басып алып, Орусиянын бир тараптуу таасирин талкалап салышынан коркот. Орусия Орусияга душмандык кылбашы үчүн Кыргызстандагы оппозициячыл партиялардын көпчүлүгү менен алака кылып турат. Орусия бул партиялардын Орусияга берилгендигин сактап, аларды өзүнүн таасир чөйрөсүнөн чыгарбоо жана тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө жол бербөө максатында оор учурларда кийлигишүү үчүн коопсуздук кызматынын тизгинин кармап, бийлик үчүн болгон күрөштү көзөмөлдөп турат. «Орусия президенти Владимир Путин бүгүн, шаршемби күнү Москва чыр-чатактын бардык тараптары менен байланышып турганын жана жакында демократиялык жараян кайтып келерине ишенерин билдирди. (Al-Jazeera Net, 07.10.20). Орусиянын коркуу сезимин күчөткөн дагы бир нерсе – кээде ага баш ийген күчтөрдүн арасында бийлик талашуу күрөшүнүн жаралышы. Ал маал-маалы менен байкалып турат. Айрыкча, акыркы учурда өлкөнү 2017-жылдан бери башкарып келе жаткан президент Сооронбай Жээнбеков конституциялык мөөнөтү аяктагандан кийин кайрадан шайлоого катышуу үчүн парламентик шайлоолордун жыйынтыгын манипуляциялады. Андан кийин баш аламандык чыкты, айрыкча шайлоолордогу бурмалоолор ачыккан соң, бул Американы ээрчиген күчтөр – алар салыштырмалуу аз болсо да – жүзөгө келген бул баш аламандыктан пайдаланып, Орусияны кыйын абалга салышы мүмкүн эле.
  • Орусия ага берилген президенттерге каршы нааразычылыктарга каршы позицияны карманат. Бул Орусиянын түпкү позициясы болуп, мажбур болгон учурда гана өз кызыкчылыгын сактап калуу үчүн бул позициясынан чегиниши мүмкүн. Ал кырдаал анын көзөмөлүнөн чыгышына жол бербейт. «Бүгүн Кремль бул өлкө анархия абалында деди. Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусиянын Кыргызстандагы кырдаал толугу менен көзөмөлдөн чыгышына жол бербөө боюнча милдеттенмелери бар экендигин айтты». (Al-Jazeera Net, 08.10.20). Ал эми, Кыргызстандагы коопсуздук кызматын көзөмөлдөгөн Орусия Америка менен байланышта болгон партиялар жана алардын тарапкерлери Бишкектеги окуяны жетектеп кетүүсүнө жол бербейт. Ошондой эле, Орусия – өз кызыкчылыгына жараша бирер чечимге келгенге чейин – кызматтан кетүүгө ишара кылган Жээнбековду кызматтан кетирбей кармап турду. Ошондуктан, Орусия ушул аптада Жээнбеков жана Жапаров менен сүйлөшүү үчүн Кремлдеги президенттик администрациянын башчысынын орун басары Дмитрий Козакты Бишкекке жирберди. «Орусия элчилиги кечээ, шейшемби күнү мындай билдирүү жарыялады: «Козактын иш сапары учурунда Кыргызстандын келечектеги өнүгүүсүн камсыздоодо негизги роль мамлекет башчысында экени баса белгиленди». (Аль-Маядин, 14.10.20). Мунун бардыгы зарыл чараларды көрүү үчүн болду. Ошого карабастан, Орусиянын түздөн-түз аскерий кийлигишүүсү күмөндүү, анткени, Орусия аны ээрчигендер Кыргызстандагы маселелерди көзөмөлгө алат деп эсептейт. Коопсуздук күчтөрү Орусиянын колунда, эгер орусиячыл президентти башкасына алмаштыргысы келсе, каалагандай алмаштыра берет. Айрыкча көптөгөн саясий күчтөр Орусияны ээрчийт.
  • Нааразычылыктар күчөгөндө Орусия «кырдаалды тынчтандырууга» шашты. Парламент 2020-жылы 14-октябрда Садыр Жапаровдун бийликке кайтып келишин колдоп бергенден кийин Орусия Жапаровдун премьер-министр болуп дайындалышына макулдук берди. Жапаров жакында тарапкерлеринин колдоосу менен түрмөдөн чыккан. Ал 11 жылдан ашык жаза мөөнөтүнө кесилген эле. «Бүгүн, шаршемби күнү 120 депутаттын 80ден ашууну парламенттин кезексиз сессиясына катышып, Жапаровду ал сунуштаган өкмөт курамы менен кызматка дайындоого макулдук берүү үчүн добуш беришти. Андан кийин Жээнбеков Жапаровду өкмөт курамы менен кошо премьер-министр болуп дайындалгандыгын тастыктаган жарлыкка кол койду». (Аль-Маядин, 14.10.20).
  • «… жума күнү эрте менен Жогорку Кеңеш президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын жактырды жана бир апта мурун баш калаа Бишкекте жарыяланган өзгөчө кырдаалды жокко чыгарды. Сессияга Жээнбеков да, премьер-министр Садыр Жапаров да, парламент төрагасы Канат Исаев да катышты. Жыйындын жүрүшүндө президенттин отставкасы бир добуштан жактырылды жана өзгөчө кырдаал жоюлду. Добуш берүү алдында Жээнбеков парламент депутаттарына акыркы сөзүн сүйлөдү. Ал кызматтан кетүүсү өлкөдөгү тынчтыкты камсыздоо жана коомдун бөлүнүп-жарылышына жол бербөө максатында болгонун билдирди …». (Yeni Shafak Arabi, 16.10.20). Ошентип «Кыргызстандын премьер-министри Садыр Жапаров – президент Соронбай Жээнбеков кызматтан кетип, Жапаровго өлкө президентинин ыйгарым укуктары берилгенден кийин – өзүнүн бийлигин бекемдеп алды. Ал өлкөнүн тышкы саясатын сактап калууга убада берип: «Кудайга ыраазымын, бийлик алмашуу тынч өттү… Тышкы саясатты жана башка маанилүү тенденцияларды сактап калуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасаймын», – деди». (Sputnik, 16.10.20).

Төртүнчү: Американын ролу:

  • Америкага келсек, анын позициясы ачык-айкын, ал шайлоолордо болгон окуядан пайдаланып, Орусияны жана Кыргыз бийлигин жарга такоого аракет кылды. «АКШ Кыргызстандагы бардык тараптарды сабырдуулукка жана тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Шайлоону бузуп, ири нааразычылыктарга алып келген нерселерге тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү француз басылмаларына билдирди: «Биз бардык тараптарды зомбулукту четке кагууга жана шайлоодогу жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырабыз». АКШнын Мамлекеттик департаменти Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму колдогон байкоочулар миссиясы «шайлоону бузган добуштарды сатып алуу иштери жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды маалымдады» деп көрсөттү». (Al Jazeera Net, 07.10.20). Демек, саясий жактан түшүнүксүздүгү менен мүнөздөлгөн Кыргызстандагы жаңы кырдаал Америкага бул өлкөгө кирүүгө ылайыктуу шарттарды жаратат. Албетте, анын айрым оппозициялык партиялар менен байланышы бар. Ушул жылдын башында Жорж Сорос фонду Орусиянын таасири үстөмдүк кылган бул өлкөдө баш аламандык чыгаруу максатында короткон акчалардан тышкары, Американы ээрчигендер кандайдыр бир таасирге ээ болушу үчүн депутаттыкка талапкерлигин койгондорду жана уюмдарды колдоо үчүн 60 миллион доллар «накталай акча» сарптады деп айыпталган. Бул акчанын бардыгы Жээнбеков өкмөтүнүн көз жаздымында сарпталгандыгын 2020-жылы 1-октябрда Time Company сайты билдирди.
  • Кыргыз оппозициясы арасында Американы ээрчигендер бар, алар бүгүнкү күндө Кыргызстандагы Орусиянын таасирин жоё турган таасирдүү эмес. Бирок, алар бийлик үчүн атаандашкан орусиячылдар ортосундагы келишпестиктен жигердүү пайдаланып жатышат. Эгерде, Орусия Жээнбековду кырдаалды тынчтандыруу үчүн кызматтан кетүүгө буйрук бербегенде, алар ийгиликке жетишине аз калган. Азыр болсо Орусия шайлоону колго алып, Жээнбековдун ордуна башка адамдарын дайындоонун үстүндө иштеп жатат.

Бешинчиси: Жыйынтык:

  • Кыргызстандагы бийлик үчүн күрөш биринчи кезекте жергиликтүү күрөш болуп саналат, себеби бул мусулман өлкөсүндөгү саясий сахнанын лидерлери арасында башкаруу түшүнүгү жетиле элек. Ушундан улам, жаңжалдар  башталат, анын маңызы текчилдик, регионализм же уруучулук мүнөзгө ээ. Бул бийлик менен оппозиция ортосундагы күрөштөй болуп көрүнсө да, эксперттер алар текчилдик, регионализм же уруучулук негизиндеги күрөштөр экенин айтып келишет. Учурдагы бул чыр-чатак Орусиянын чоң таасирин ушул чакан республикадан чыгарууга багытталган эмес. Орусия парламенттик шайлоолордун жыйынтыгы чыккандан кийин пайда болгон башаламандык себебдүү Америка айрым оппозициялык партиялар менен байланыш орнотуусунан кооптонот. Орусия Американы Кыргызстандан чыгаруу үчүн эбегейсиз аракет жумшаган кийин Америка кайрадан бул өлкөгө кадам коюп, Кыргызстанда жана анын айланасында Орусияга каршы иш алып бара турган даражада таасирге ээ болушунан коркот.
  • Кыргызстандагы жана башка жерлердеги мусулмандар үчүн абал ушундай кала берет. Анткени, аларды жаман башкаруучулар башкарып, үммөттү бир төмөндүктөн экинчи төмөндүкө карай жетелешет, алар жалаң гана жеке кызыкчылыктарын ойлошот. Алар бийликти байлык алып келүүчү кызмат катары карашат. Аларда аларды аким кылып шайлаган үммөттү камкордук менен башкаруу түшүнүгү жок же баскынчылык кылып жаткан колонизатор кафирлердин оозун жаптыра турган көз караштары жок. Үммөттү улуулукка жетектей турган жана саткын акимдерди кууп колонизаторлуктун тамырын мусулман өкөлөрүнөн жулуп сала турган күчтүү топ чыгып – Аллахтын жардамы менен – Ал түшүргөн шарият менен башкара турган Халифалыкты тикелеп, Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзө турган Халифаны шайламайынча, абал ушундай бойдон калат.

Аллах айттат:

﴿يَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَيُدْخِلْكُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ وَمَسَاكِنَ طَيِّبَةً فِي جَنَّاتِ عَدْنٍ ذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ * وَأُخْرَى تُحِبُّونَهَا نَصْرٌ مِنَ اللَّهِ وَفَتْحٌ قَرِيبٌ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ﴾

«Аллах силердин күңөөңөрдү кечирет, астыңардан дарыялар агып турган бейишке киргизет. Адн бейишиндеги эң сонун жайларга киргизет бул улуу жеңиш. Силер жакшы көргөн Аллахтын (дагы бир ниматы) – Аллахтын нусраты жана жакында боло турган фатх.  Момундарга куш кабар кыл»                                                                                                             [61:12-13]

 

                                                                                                  1-робиул-аввал, 1442-х.

                                                                                                        18-октябрь, 2020-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here