Жапаров: Россия биздин өлкөнүн ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү

143
0

Жапаров: Россия биздин өлкөнүн ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү

Кыргызстан Россия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздук мамилелерди чыңдоого чоң маани берет. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Владимир Путиндин атайын өкүлү Дмитрий Козактын Кыргызстандагы ички саясий абалдын турукташуусунда өзгөчө ролу бар. Россия өлкөнүн ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү болуп келген жана кала берет.

Жапаров орус тили расмий тил боюнча каларын, Кыргызстандын айылдарында жашаган жарандарга сабак берүү үчүн орус тили мугалимдеринин санын көбөйтүү өтүнүчүн билдиргенин кошумчалады.

Жогорудан маалым болгондой, учурда Кыргызстан толук түрдө Орусиянын көзөмөлү астында саясат жүргүзүүгө мажбур абалда. Анткени, буга чейин Жапаров өзү билдиргендей, бийлик башына келген адам келээрде эле көз каранды абалда такка отурат. Буга учурда өлкөнүн экономикалык жактан артка кетүүсү жана миллиондон ашык жарандын Орусияда эмгектенүүсү негизги себептерден болуп калууда. Эгерде кыргыз бийлиги Орусиянын талаптарын аткарууну кечиктире баштаса, дароо эмгек мигранттарына басым күчөйт. Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирүүдө да Орусия бийлиги мигранттар проблемасынан пайдаланган. Буга кошумча, каржылык жана соода-сатык мамиледе да кысымга учурашы толук мүмкүн.

Ал эми Орусиянын таасиринен чыгууга үндөгөн саясатчылар болсо, АКШ, Кытай же Европага күнкор болууну гана каалашат. Бул ири мамлекеттер болсо өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салып келет.

Демек, биз мусулмандар колонизатор мамлекеттердин зулумдугунан Ислам динибизди турмушка алып келүү менен гана кутулаарыбызды түшүнүп жетишибиз керек. Бул үчүн Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын тарыйкатынан кыйшайбай пикирий жана саясий күрөштү тынымсыз алып баруу шарт. Бул пикирий-саясий күрөштөр бузук саясий чөйрөнү оңдоого же жаңы калыс мусулмандардан турган саясий чөйрөнү калыптандырууга каратылышы керек. Ошондой эле коомго үстүбүздө колдонулуп жаткан капиталисттик системанын зулумдугу Исламды колдонуу менен гана токтой турган түшүндүрүп баруу шарт. Ансыз, өлкө ар дайым “арстандан качып аюуга коргологон” абалда кала берет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here