Эй Макрон, кризиске Ислам эмес, силер жана силердин хазаратыңар учурады
«France 24» телеканалынын сайты хижрий 1442-жылы 15-сафар, миладий 2020-жылы 2-октябрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Париждин четиндеги Ле Мюро шаарчасында сүйлөгөн сөзүндө Франция президенти Эммануэль Макрон Франция «параллель түзүмдү курууга умтулган» жана «республикалык башкарууну четке каккан радикал исламизмге каршы күрөшүүү» керек деди. Макрон «сепаратизмге ыктоо», өзгөчө, экстремисттик ислам боюнча иш-чаралар планын сунуштап, агымдар ортосундагы ички күрөштөр себептүү Ислам «бүгүн дүйнөнүн бардык жеринде кризисти башынан өткөрүп жаткан дин» деди.
Декабрь айынын башында «сепаратизмге ыктоо» боюнча мыйзам долбоорун министрлер мекемесине сунуштоо, 2021-жылдын биринчи жарымында т.а. 2022-жылдагы президенттик шайлоодон мурун бул долбоорду парламентте талкуулоо пландалган».
Роя:
Эй рухий оорулуу Макрон, кризисти башынан өткөрүп жаткан Ислам дини эмес, кризисти силер жана силердин хазаратыңар башынан өткөрүүдө. Ислам силерге проблема жаратууда. Себеби, Ислам силердин бетиңерди ачып, хазаратыңар жасалма, системаңар батыл, баалуулуктарыңар жана жогорку идеалдарыңар бузуку экенин көрсөттү. Силердин Ислам менен проблемаларыңар ушунда: силер Ислам өлкөлөрүн колония кылдыңар, байлыктарын талап-тонодуңар, ыйык жайларын тебеледиңер. Исламыбыздын нуру жайылган сайын капитализмдин караңгылыгы көрүнүүдө, ал тургай, силердин капитализмиңерден бүткүл дүйнө калкы, а түгүл, сенин калкың да тажаганы ачыкка чыкты. Сенин проблемаң мына ушул. Муну «сары кемселчендерден» да сурап көр.
Кыскасы, силердин Ислам менен келише албай жаткан жериңер ушул: Ислам нуру кайра толук жайыла баштады, Ислам мамлекети тикеленүү алдына турат, Ислам Умматы Исламдан башка бардык нерсени кулатууда. Силер булардын баарын токтотмокчу болуп жатасыңар! Бирок, үмүтүңөрдү таш кабат:
﴿يُرِيدُونَ أَن يُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللَّهُ إِلَّا أَن يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ﴾
«Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, кафирлер каалашпаса да, Өз нурун толук жаюучу» [61:8]
Роя гезити, №307, 2020-жыл, 7-октябрь.