Даъват жүгүн көтөрүп жүргөн бурадарыбыздын дүйнөдөн кайтканы тууралуу аза кабары

272
0

Даъват жүгүн көтөрүп жүргөн бурадарыбыздын дүйнөдөн кайтканы тууралуу аза кабары

مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا

 “Момундар арасында Аллахка берген анттарында садык турган кишилер бар. Алардын айрымдары анттарына турушту (т.а. шахид болушту), айрымдары болсо (шахид болууга) ынтызар. Алар (анттарын) өзгөртүшкөн жок”

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан, даъват жүгүн мойнуна алып, көп жылдар бою ушул жолдо тынымсыз аракет кылып келген бурадарыбыз Тешебаев Мухаммадюсуф акенин 2020-жылы 21-октябрда дүйнөдөн кайтканы тууралуу терең кайгыруу менен кабарлайт.

 Тешебаев Мухаммадюсуф аке 1960-жылы Ош областынын Карасуу шаарында туулган. Ал перзенттерине, 5 уул, бир кызга исламий тарбия берип өстүрдү. Мухаммалюсуф аке кудайсыз коммунисттик түзүм доорунда да исламий илим алууга астейдил көңүл буруп, өз заманынын жетик аалымдарынан, алардын катарында, Рахматуллох алламадан илим алды, алар менен жанма-жан туруп даъват алып барды. Мухаммадюсуф аке мусулмандардын таза Исламды түшүнүүлөрүн, исламий мамлекет саясында жашоолорун каалайт эле. Ошондуктан да, Хизб ут-Тахрир пикирлери менен таанышкан соң, эч бир экиленбестен дароо анын катарын толуктады. 1998-жылдан тартып Хизб сабында даъват жүгүн көтөрүп чыкты жана пайгамбарлык жолу негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайра баштоо жолунда залимдин зулумун көзгө илбей жан үрөп иш алып барды. 2017-жылы мамлекеттик бийлик бурадарыбыздын аракетине тоскоол болууга урунуп, аны камакка алды жана 6 ай бою УКМК жертөлөсүндө кармады. Кийин 4 жылга жатак абакка кести. Мухаммадюсуф аке 2019-жылы кант диабети илдетине чалынып, саламаттыгы улам начарлап баратканына карабай, өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин, Хизб сабында даъват ишин бир ирмемге да токтотподу.

 Биз, Аллах тааладан бурадарыбыз Мухаммадюсуф агабызды Өзүнүн кең рахматына алышын, жаннатта пайгамбарлар, сыддыктар жана шахиддер менен бирге кылышын сурап калабыз.

 Бурадарыбыздын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Аллах  таала аларга чырайлуу сабр берсин.

 Даъват жүгүн көтөрүүдө желкелеш болгон бурадарыбыздын дүйнөдөн кайтышы бизди терең кайгыга салган болсо да, Аллахты ыраазы кылуучу сөздөн башкасын айтпайбыз:

إنا لله وإنا إليه راجعون

“Албетте Аллахтын алдынанбыз жана албетте Ага кайтуучубуз”  [Бакара 156]

 Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here