УКМК: Бажы кызматында коррупциялык схема аныкталды

272
0

УКМК: Бажы кызматында коррупциялык схема аныкталды

Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Бажы органдарындагы жемкорлук фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдан баштап Мамлекеттик бажы кызматынын системасында төраганын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, башка кызматтык адамдар жана ошондой эле сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн көзөмөлдөгү катышуучулар тарабынан, бажылык башкарууда көмүскө киреше табуу максатындагы коррупциялык схема жолго коюлган. Анын натыйжасында Мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген. Учурда Бажы кызматынын 2016-жылдан берки ишмердигин текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытында ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

          Кыргызстанда жетекчи топ алмашты, бирок башкаруу системасы өз ордунда калды! Башкача айтканда, эски жана жаңы жетекчи топтордун бардыгы бир саясий чөйрөнүн өкүлдөрү болуп, алардын бардыгы куфрга негизделген капиталисттик башкаруу системасын колдонушат. Жаңы жетекчи топ да, мурункулары сыяктуу эле күч түзүмдөрүн өз колуна алды. Демек, атаандаштарын сындыруу үчүн бир катар иштерди кылышат. Алардын алгачкысы катары мурункулардай эле “коррупцияга каршы күрөшүү” урааны тандап алынды. Анткени, мурунтан эле өлкөдөгү бардык тармактар дээрлик өкмөттүн көзөмөлү астында иш алып барат. Мурунку жетекчилердин Матраимовдорго тиешелүү финансылык кылмыштарга көз жумуп келүүсү, дал ушундай табакташтык мамиледен улам болуп келгени талашсыз.

Ал эми учурдагы бийликтин Матраимовдорго каршы күрөштү баштоосуна эки негизги себеп бар. Биринчиси, Орусия кызыкчылыгына ылайык буга чейин Кытайдан коррупциялык схемалар аркылуу кирип келген товарларды ашкере кылуу менен Орусияга түшө турган пайданын көлөмүн көбөйтүү. Анткени, ЕАЭБге үчүнчү өлкөлөрдөн түшкөн жалпы бажы төлөмдөрүнүн 1.9 %ы Кыргызстанга, 1.11%ы Арменияга, 4.5%ы Белорусияга, 11%ы Казакстанга жана 85,32% Орусияга бөлүнөт. Демек, Кыргызстан бажысынан өтүп жаткан миллиарддаган товарларда жана алар үчүн төлөнүшү керек болгон төлөмдөрдө Орусиянын кызыкчылыгы жогору. Ошондуктан, Путин Кыргызстан жана Казакстан тараптан өтүп келе жаткан мыйзамсыз товарларды текшерүүгө, аныктоого жана алардын ЕАЭБ аймагына кирип келишине чек коюуга буйрук берип келет.

Расмий маалыматка ылайык, Кытайдан Кыргызстанга автотранспорт аркылуу өткөн товарлар боюнча Кытай бажысынан алынган маалымат менен Кыргызстанга кирип келген товарлар тизмеси бири-бирине туура келбей калган. 2001-жылдан 2017-жылга чейин 50 миллиард доллардык товар Кытайдан чыккан, бирок Кыргызстанга киргени бажыда катталган эмес. Демек, көтөрүлүп жаткан Матраимовдор иши же жалпы эле бажыдагы коррупция 2001-2017-жылдар ичинде Кыргызстанды башкарып келе жаткан саясий фигуралар, жетекчи топтор жана бийлик өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгына тиешелүү. Себеби, бул коррупция механизминен ушул күнгө чейин бир топ элита өкүлдөрү пайдаланып келе жаткан болсо, калгандары сүкүт сактоо менен ыраазы болушкан.

Экинчиден, батышчыл саясатчылар ушул коррупциялык аракеттерди ачып таштоо менен өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланып келишет. Ошондуктан, жаңы келген бийлик коомдук пикир аларды колдоп кетишин алдын алуу үчүн Матраимовдордун коррупциялык схемасы ачыкталганын жар салып жиберди.

Бул жерде дагы бир эске алуучу жагдай, батышчыл саясатчылар эл аралык саясаттын былыктарын жашыруу негизинде иш алып барат. Алар Кыргызстандын башына түшүп жаткан бардык саясий, экономикалык кыйынчылыктар эл аралык саясаттын жана дүйнөлүк башкаруу системасынын кесепети экендигин жашырып, кылмыштарды ички саясий топ жана адамдарга оодарууга аракет кылышат. Ушул максаты жолунда ич-ара жаңжалдарды, саясий туруксуздуктарды, ал тургай, граждандык же улуттар аралык согуштарды пайда кылууга кызыктар.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда саясий чөйрө өкүлдөрү болгон чиновниктерден баштап, мамлекет кубатынын кепилдиги болгон сот, прокуратура, коопсуздук кызматы, күч түзүмдөрүнүн бардыгы коррупцияга белчесинен батып  калган. Бул режим – коррупцияга каршы коррупциялык жол менен күрөшүп жаткандай, башкача айтканда, өздөрү баткакта туруп баткак менен күрөшмөкчү болууда. Буга кошумча, Матраимовдордун коррупциялык схемасы эл аралык капиталисттик түзүмдүн коррупциялык аракеттерине байланган.

Негизи коррупция проблемасы – жеке адамдарда же чиновниктерде эмес, тескерисинче бардык нерсени материалдык кызыкчылык үсүтүнө курган капиталисттик түзүмдө. Себеби, бардык чиновниктер жана саясатчылардын көздөгөнү убактылуу ээлеп турган кызматынан пайдаланып калуу болуп, алар элдин эсебинен байып кетүүдөн башка нерсени билишпейт. Алар Аллахтын алдында да, адамдардын алдында да жооп бериштен коркушпайт. Коррупционерлерди көзөмөлдөөчү органда иштегендердин өздөрү да ушул балээге кириптер болушкан. Капиталисттик түзүм колдонулуп жаткан соң, коррупция балээси элдин канын сүлүктөй соро берет.

Коррупция балээсинен кутулуунун бирден-бир жолу – бул исламий мамлекетти тикелөө. Исламда саясат адамдарды камкордук менен башкаруудан турат. Мамлекеттеги саясатчылар үммөт тарабынан тынымсыз көзөмөлдөнөт, керек болгон учурда махкаматул мазолим мекемелеринде жоопко тартылышат. Мындан тышкары, аларды акыретте эң катуу эсеп-китеп күтөт. Себеби, Исламдагы саясат – бул пайдалануу эмес, тескерисинче, Аллах Тааладан корккон абалда аткаруу керек болгон аманат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here