Ливан акимдери саткындыкка жана нормалдаштырууга умтулууда

98
0

Ливан акимдери саткындыкка жана нормалдаштырууга умтулууда

«Ал-Жазира» сайтында хижрий 1442-жылы 14-сафар, миладий 2020-жылы 1-октябрь күнү жарыяланган кабарда мындай делет:

«Бейшемби күнү Ливан парламентинин спикери Набих Барри Ливан менен «Израиль» ортосунда кургактык жана деңиз чегараларын демаркациялоо алкагында келишим түзүлгөнүн жарыялады. Ал муну Ливандын карыздарын жабууга алып баруучу кадам деп баалады.

Барринин айтымында, өлкө кургактык жана деңиз чегараларын демаркациялоого келишүү үчүн БУУ жана АКШнын ортомчулугунда сүйлөшүүлөрдү алып барган.

Ал: «Эки тарап (Ливан жана «Израиль») кургактык жана деңиз чегараларын демаркациялоодо АКШнын ортомчу болуусун о.э. жеңилдик жаратып берүүсүн талап кылышты, АКШ даяр экенин билдирди», – деди.

Мындай кадамдын «Изариль» менен айрым араб мамлекеттери ортосунда болуп жаткан мамилелерди нормалдаштыруу толкунуна алакасы барбы деген суроого Барри «бул келишимди түзүү аракеттерин нормалдаштыруу аракетинен он жылдай мурун баштаганын» маалымдады».

Роя:

Бириккен Араб Амирликтери жана Бахрейн режимдери яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу келишимине кол коюшу артынан Ливандагы жасалма режим күтүүгө чыдамы жетпей тезинен ушул кадамды таштады. Демаркация жөнүндө бул жарыя чыгып, бир катар кыянаттардын кезектегисине айланды. Ал түрдүү актануулар жана шылтоолор менен жасалып жаткан нормалдашуу чынжырына жаңы жүзүк болуп кошулду. Парламент «бул келишимди түзүү аракеттери мамилелерди нормалдаштыруу аракетинен он жылдай мурун башталганын» о.э. бул нерсе Ливан карызын жабууга жардам беришин айтып бул кадамды актоого урунуп жатат! Мунун тушунда, Судан режими мамилелерди нормалдаштыруу акысына ала турган каражат үстүндө соодалашууда!

Мусулман өлкөлөрүнүн акимдери яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу үчүн айтып жатышкан бул сыяктуу жалган далилдерине-шылтоолоруна эч ким алданбайт, себеби, акыйкат баарына ачык-айкын болуп калды. Акыйкат ушул – мамилелерди нормалдаштыруудан саясий максат т.а. Американын буйругу негизинде анын кызыкчылыгына кызмат кылуу көздөлгөн. Учурда, анын ушул саясаты Фалестин маселесин мына ушундай нормалдаштыруу келишимдери аркылуу регионалдык жактан бүтүндөй бастырып, жергиликтүү жактан жок кылууга багытталган. Табигый болгондой, мындан яхудий вужуду пайда көрөт. Ошол эле убакта, бул шайлоо кампаниясында саясий утуштарга жетүүнү көздөп жаткан Трамптын буйругу негизинде болуп жатат. Бул жаатта Трамптын администрациясынын бул миссияны Помпеого тапшырганы жана бул үч жылга уланган аракеттердин натыйжасы экени ачык көрүнүп турат.

 

Роя гезити, №307, 2020-жыл, 7-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here