Политехника университетиндеги «Ал-Ваъй» тобу яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырууга каршы бир катар иш-чараларды уюштурду

193
0

Политехника университетиндеги «Ал-Ваъй» тобу яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырууга каршы бир катар иш-чараларды уюштурду

Халил шаарынын Политехника университетиндеги «Ал-Ваъй» тобу «Акса жана анын калкы куткаруучуларды күтүп турганда, баскынчылардын найзасы астында үстүбүзгө малай кызматкерлер келди» деген аталышта бир катар иш-чараларды өткөрдү.

Иш-чаралардагы негизи этибар яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруунун маңызына жана анын Фалестина маселесине карата терс таасирлерине каратылды. Студенттер менен жолугушуп, алардын алек кылышы болушу керек болгон маанилүү маселелер талкууланды. О.э. баскынчыларга карата нормалдуу мамиле согуш абалы гана экендиги, бул яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү мамлекеттин армиясы аркылуу болушу жөнүндө талкуу болду. Фалестин жеринин баскынчысы болгон яхудийлер менен мындан башка ар кандай мамиле Фалестин маселесине кыянаттык экени баса белгиленди.

«Ал-Ваъй» тобу студенттерге бүгүнкү күндө акимдердин яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу үчүн жүгүрүп жатышканы унчукпай өткөрүлүп жибериле турган нерсе эместигин, жакында адамдар бул малай акимдерди тактыларынан кулатышы керектигин баян кылды.

О.э. «Ал-Ваъй» тобу Фалестин маселесинин да, мусулмандардын башка проблемаларынын да түпкү чечими баскынчыларга чөгөлөө эмес, тескерисинче, фарздардын таажысы болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө менен жөнгө салынарын ачыктап беришти. Баса белгилөө зарыл, ушул топ университетте ушул маселе жөнүндө плакаттарды орнотушту.

Бул иш-чараларды студенттер жакшы кабыл алышты.

 

Роя гезити, №307, 2020-жыл, 7-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here