ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИНДЕГИ САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО СИСТЕМАСЫ

283
0

ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИНДЕГИ САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО СИСТЕМАСЫ

“Саламаттык” сөздүктө оорунун тескериси жана ооруну кетирүү маанисинде колдонулат. Хадис термининде болсо, саламаттык түшүнүгү дене саламаттыгына кошумча рухий жана социалдык жактан да саламат болууну өз ичине алат. Демек, саламаттык – бул организмдин (дененин) о.э. рухий жана социалдык жактын жетик саламат болушу.
Ибн Аббастан риваят кылынган хадисте Расулулла с.а.в: «Эки ниъматтан инсандар этибарсыздык себептүү куру калышат. Бул эки ниъмат: саламаттык жана бош убакыт» деп айткан. (Бухарий риваяты).
Бүгүнкү күндө инсандардын саламаттыгына көңүл бурулбай, мамлекеттер алсыздарга ырайым кылбай, кембагалдарга жардам бербей калды. Тескерисинче, ири мамлекеттер башка калктардын байлыктарын талап-тоноп бир ууч миллиардерлердин гана укуктары корголуп, карапайым калк кыйналып жашай турган болуп калды. Биз коронавирус жайылып жаткан пандемия учурунда буга даана күбө болуп жатабыз. Айрыкча Батыш өлкөлөрүндө абал ушундай. Маселен, Италияда вирус жуккандар көбөйгөндө, бийлик алтымыш жаштан жогору курактагыларды медициналык тейлөөдөн баш тартууга мажбур болду. Анткени, бул курактагы адамдар алардын өлчөөсүндө мамлекетке пайдага караганда зыян көбүрөк алып келет. Тагыраагы, мамлекетке төккөн салыгына караганда пенсия, жөлөк пул сыяктуу төлөмдөрдү көбүрөк алышат. Америкада болсо абал мындан да кооптуу чекке жетти. Өлкөдө медицина тармагынын көпчүлүк бөлүгү жеке секторго өтүп кеткен. Буга кошумча жарандар милдеттүү түрдө ден соолугун “камсыздандырышы керек” (страховой компанияларга). Мындай абал акчасы жок жарандардын каралбай эле курман болуусуна алып келди. Ошондуктан, Кошмо штаттарда вирустан курман болгондордун саны рекорддук даражага жетти.
Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо системасы байлар үчүн пайда келтире турган олжого айланды. Алар ар бир нерсени экспулатация кылышкандай, алсыз оорулууларды да экспулатация кылышууда. Дарылардын баасы жана медициналык жардам көрсөтүү баасы убакыт өткөн сайын асмандап баратат. Бул бара-бара байлардын гана саламаттыгын сактоосуна алып барышы анык. Анткени, дабалоо жана медициналык жардам көрсөтүү менен оорулуунун муктаждыгынын акысынан пайда табуу негизги ишке айланган.
Мен сиздерге мына ушундай зулумдуктун каршысындагы Исламдын саламаттыкты сактоо системасын айтып бермекчимин. Алгач Исламдагы саламаттык тууралуу бүгүнкү капиталисттик түзүмдүн өкүлдөрүнүн сөздөрүнө назар салалы. Нобель сыйлыгын алган окумуштуулардын бири Моссио Гомар Исламдагы алты кылым мурун курулган ооруканалардын бирин сыпаттап мындай дейт: «Ооруканага бардык оорулуулар, байлары, жакырлары бөлүнбөгөн абалда киргизилген. Ага түрдүү тараптардан дарыгерлер тартылып, аларга сыйлыктар берилген. Анын дары-дармектер менен камсыздалган аптекалары болгон. Ар бир оорулууга кетчү каражат бир динарды түзүп, эки киши анын кызматында болгон. Рухий ооруга кабылгандар бөлөк бөлмөлөргө жаткырылган. Ал жерде тасирдүү музыка угуу менен, өткүр баяндамачылар тарабынан айтылган баяндарды тыңдоо менен эс алууга чөйрө жаратылган. Саламаттыгы калыбына келип, даба таба баштаган оорулуулар башка оорулуулардан ажыратылган. Ооруканадан чыгып жаткан ар бир оорулууга, чыгышы менен кыйын иштерди кылууга мажбур болуп калабашы үчүн беш алтын берилген».
Француз чыгыштаануучусу Барис Довен ошол оорукананы сыпаттап мындай дейт: «Оорулуулардын бөлмөлөрү буу аркылуу ысытылып, бөлмөнүн бир тарабынан экинчи тарабына чейин созулган чоң желпигич менен салкындатылган. Бөлмө кынанын, анар дарактары менен жана жыпар жыттуу дарактардын бутактары менен оролгон».
Расулулла с.а.в мусулмандарды Алла Тааладан саламаттык-амандык суроого үндөп, аны бекем ыймандан кийинки эң жакшы иш деп атады. Ибн Мажа өзүнүн «Сунан» китебинде санад менен риваят кылган жана Албаний аны сахих деген риваятта Расулулла с.а.в мындай дейт:
«Алла Тааладан саламат болууну сурагыла. Себеби, кишиге бекем ыймандан кийин саламаттыктан көрө жакшырагы берилбеген». Ал зат дагы айтат:
«Такыба киши үчүн байлыктын зыяны жок. Такыба киши үчүн байлыктан көрө саламаттык жакшыраак». Расулулла с.а.в мусулмандарды саламаттыкты канимет (ганимат-олжо) билүүгө үндөп айтат:
«Беш нерседен мурун беш нерсени канимет билгиле. Карылыктан мурун жаштыкты, оорудан мурун саламаттыкты, жакырлыктан мурун байлыкты, алек болуп калуудан мурун бош убакытты, өлүмдөн мурун өмүрдү (канимет билгиле)». Бул хадисти Хаким «Мустадрак» китебинде рыбаят кылган жана Албаний сахих деген.
Ал эми, саламаттыкты сактоо системасы – калктын саламаттыгын көзөмөлгө алууну, аны асыроону, организм жана рухий саламаттыкка алып баруучу иштердин аракетин көрүүнү түшүндүрөт. Бул адамга да, коомго да бирдей көз карашта, оору пайда болушунан мурун андан сактанып, күзөтүп барууну, эгер пайда болсо, аны дабалоону камтыйт.
Саламаттык калктын негизги муктаждыктарынын бири. Себеби, Расулулла с.а.в саламаттыкты азыкка жана амандыкка теңеп:
«Кимдин денеси саламат болсо жана күнүмдүк азыгына ээ болгон абалда коомунун ичинде аманда болсо, анда ал бүткүл дүйнөгө ээ болгондой болуптур» деп айтат. Бул хадисти Термизий жана ибн Мажа санад менен риваят кылган жана Албаний хасан деген. Ал эми, саламаттыкты сактоону камсыздоо мамлекеттин мойнундагы фарз экени «Имам башкаруучу жана ал өз жараны үчүн жооптуу» деген хадистен маалым. Ошону менен бирге, Расулулла с.а.в дабаланууга буюргандыктан дабалануу мандуб болуп эсептелет. Себеби, Расулулла с.а.в: «Эй Алланын пенделери дабалангыла. Себеби, Алла дартты жараткан болсо, анын шыпасын да жараткан. Бир дарт гана мындан тышкары» деди. «Эй Расулулла с.а.в, ал кандай дарт» деп сурашты. Расулулла с.а.в «карылык» деп жооп берди. Бул хадисти Термизий риваят кылган жана Албаний сахих деген.
Имам Муслим Аиша р.а.нын мындай дегенин кыскача риваят кылат: «Хандак күнүндө Саъд жараат алды. Ага курайштык ибн Арика ысымдуу киши ок атты. Ок анын көзүнө тийген. Расулулла с.а.в түздөн-түз кабардар болуп туруу үчүн аны мечиттеги чатырга жайгаштырышты». Бул риваят чатыр Расулулла с.а.в дын буйругуна ылайык курулганына жана мечитте, т.а. жалпы элдик (умумий) жайда курулганына далалат кылат. Ал жалпы элдик оорукана болгон. Руфайда р.а. мамлекет жетекчисинин буйругуна ылайык түзүлгөн чатыр көрүнүшүндөгү мамлекеттик оорукананын мүдүрү болгон. Хадисте оорукана мүдүрү оорулуудан кызмат акы албаганына далил бар. Аныгырагы, алар дарыгерге кызмат акы беришпеген. Демек, бүткүл калкты, байын да, кембагалын да дарыгер менен камсыздоо мамлекеттин мойнунда. Руфайда р.а.га мамлекет тарабынан эмгек акы берилген.
Исламда «Саламаттыкты сактоодон» негизги 5 иш көздөлөт:
1 – Калктын рухий саламаттыгын сактоо: Рухий саламаттык жана организм саламаттыгы өз ара бири-бирине байланыштуу эки иш. Рухий оорулар дене саламат болсо да, денени алсыздатат жана өлүмгө алып барат. Рухий саламаттыктын коопсуздугунун ачкычы – Исламий акыйдадан балкып чыккан туура түшүнүктөр. Мисалы, мусулман адам оору келсе Кудайдын сыноосу деп сабыр кылат. Күнүмдүк турмушта чыккан жеп ичүү, үй-бүлө, жумуштагы көйгөйлөргө Аллахтын өкүмдөрүнөн жооп табат. Анткени, Исламда мамлекет жарандардын негизги муктаждыктары болгон жеп-ичүү, кийим-кече, турак-жай сыяктуу маселелерди эң биринчи орунда чечип берет. Мына ушулардын баары бүгүнкү күндө көпчүлүк түшүп жаткан депрессия сыяктуу оорулардын алдын алат.
2 – Калктын организм саламаттыгын сактоо: Организм саламаттыгы, айтып өткөнүбүздөй, улуу ниъмат болуп саналат. Аны коргоо жана сактоо негизги муктаждыктардан эсептелип, калктын саламаттыгын камсыздоо мамлекеттин мойнундагы важиб-милдет.
3 – Саламаттыкты сактоо системасы бардык калкты камтышы: саламаттыкты негизги муктаждык деп караган шаръий далилдер бардык калкты өз ичине алган абалда жалпы формада келген. Жарандар мусулман болобу же зиммий болобу мунун айырмасы жок. Амир бардык калктан, күчтүүсүнөн да, күчсүзүнөн да, байынан да, кембагалынан да, момунунан да, капырынан да жоопкер. Зыянга алып барышы мүмкүн болгон бардык медициналык кызматты камтыган саламаттыкты сактоону камсыздоо түздөн-түз мамлекетке важиб. Бирок, тиштерди агартуу, сепкилди кетирүү жана ушул сыяктуу зыянга алып барбай турган камалий (т.а. экинчи даражалуу) медициналык кызматтар буга кошулбайт. Ошондой болсо да, мамлекет мүмкүн болушунча калктын камалий медициналык кызматтарга жетишүү үчүн мүмкүнчүлүк жаратып берүүгө аракет кылат.
4 – Медициналык кызматтын акысыздыгы: мамлекет медициналык кызмат менен ар бир жаранын – дарыгердин акысын төлөй алган бай же төлөй албаган кембагал болушуна карабастан – акысыз камсыздайт. Себеби, саламатчылык байдын да, кембагалдын да, ар бир кишинин негизги муктаждыгы.
Акысыз толук медициналык кызмат көрсөтүү мамлекеттин казынасына оор келишине каралбайт. Медициналык кызматты шариятта келбеген чегаралар менен чектеп коюу жайыз эмес. Медициналык каражаттардан белгилүү бир чегараны белгилеп, андан ашыгын төлөөнү адамга жүктөп коюу же акысыз медициналык кызмат көрсөтүүдө айрым бир дарылар жана зарыл кызматтарды жалпылыктан бөлүп коюу жайыз эмес. Себеби, саламаттык проблемасы экономикалык проблема деп эмес, инсаний проблема деп каралат. Максат калк үчүн медициналык кызматты жакшы көрүнүштө ишке ашыруу, мамлекетти байытуу же экономикасын көтөрүү эмес.
Акысыз медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыздоо мамлекетке важиб болсо да, бирок, бирер киши (мамлекетке кайрылбастан) өзүн өзү камсыздоодон кайтарылбайт. Бухарий Анас р.а.нун мындай дегенин риваят кылат: «Расулулла с.а.в кан ала турган адамды чакырды. Ал кан алды. Расулулла с.а.в ага бир же эки соъ, бир же эки мудд берүүнү буюрду. Ал жөнүндө сүйлөштү жана оорусу жеңилдешти».
Ошол кезде кан алдыруу дабалануу ыкмаларынын бири болгон. Бул иш адам өзүн медициналык кызмат менен камсыздашынын жана дабалашынын жайыздыгына далил болот.
5 – Медициналык илимде башкалардан өзгөчөлөнүп туруу жана өнүгүүгө жетишүү: саламаттыкты сактоо зарыл муктаждык. Ал үммөттүн өтө маанилүү кызыкчылыктарынан болуп эсептелет. Анын жок болушу болсо, үммөттүн тирүүлүгүнө коркунуч салат. Ошондуктан, Исламий мамлекет саламаттыкты сактоодо алдыңкы мамлекеттерден болушу зарыл. Саламаттыкты сактоодо мүмкүн болгон ыкмалар жана каражаттарды ойлоп табуу үчүн дарыгерлер, уламалар, тажрыйбалуу адистерди тартууну жана мүмкүн болушунча илимий ачылыштарды ишке ашырышы шарт. Максат, Исламий мамлекет саламаттыкты сактоо боюнча биринчилик тизгинине ээ болуп, башка мамлекеттерге көз карандысыз саясатка ээ болуусу керек. Алла Таала айтат:
– «Алла эч качан капырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». [4:141]
Шахрий халкадан үзүндү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here