АКШ экономикасында буга чейин болуп көрбөгөн кризистер

270
0
АКШ экономикасында буга чейин болуп көрбөгөн кризистер

АКШ экономикасы бүгүнкү күндө эң оор кризисти башынан өткөрүүдө. АКШ Соода министрлиги жылдын экинчи чейрегинде жарыялаган отчётто келишинче, өлкөнүн экономикасы кескин төмөндөй баштаган. Бул кризис 1930-жылдагы улуу депрессиядан берки эң оор кризис болуп эсептелет. Отчётто келишинче, 32,9 пайызга кыскарган АКШ экономикасы апрель-июль айлары аралыгында өз тарыхындагы эң жаман төмөндөөнү башынан өткөрдү.

АКШ ички дүң продукциясынын (ИДП) тарыхий төмөндөшүнүн негизги бөлүгүн апрель айындагы экономикалык төмөндөө түзөт. ИДП боюнча акыркы маалыматтарга ылайык, АКШда экономикалык ишмердүүлүктөр 11, 5 пайызга кыскарган. 2008-жылдагы кризис учурунда АКШ экономикасы 4 пайызга кыскарган эле. Ушундан улам, азыркы кризистин көлөмүн өзүңүз элестетип көрүңүз!

Көптөгөн экономисттердин билдиришинче, коронавирус пандемиясы бүтмөйүнчө, экономикалык тикеленүү жараяны башталбайт. АКШ Федералдык Резервдик банкынын президенти Жером Пауелл коронавирус пандемиясы себептүү экономикалык ишмердүүлүк төмөндөгөнүн тастыктады. Анын айтымында, эпидемия төмөн деңгээлдеги тикеленүүгө да коркунуч туудуруп жатат.

Экономисттер арасында өткөрүлгөн сурамжылоонун натыйжасы көрсөткөндөй, АКШнын ИДПсы жыл сайын 34,1 пайызга азаят. АКШ каржы министрлиги жарыялаган 33 пайыздык кыскаруу деңгээли 1947-жылдан бери эң кескин кыскаруу катары катталды. Бул көрсөткүч 1958-жылга салыштырганда үч эсеге көптүк кылат, ал кезде эң күчтүү кыскаруу 10 пайызды түзгөн эле.

Дээрлик көзгө көрүнбөгөн кичинекей бир вирус Батыш хазаратынын саясий, экономикалык, социалдык жана башка тармактарда жасалма жана жараксыз экендигин ашкереледи. Бул чабуулдун натыйжасында Батыш хазараты жардын кырына келип, кыйроосун күтүп турганы даана көрүнүп калды. Кудум, коронавирус Батыштагы адамдарга эмес, Батыш хазаратына чабуул кылгандай элес калтырууда.

А бирок, жогоруда айтылган АКШ экономикасынын кризиси о.э. коронавирус себептүү Европа Союзунун бөлүнүп-жарылууга жүздөнүшү Батыш хазараты кулагандыгын түшүндүрбөйт. Батыш хазараты өзүнө альтернатива болгон башка бир хазараттын “соккусу” менен кулайт. Ал “сокку” болсо Ислам хазараты тарабынан берилери анык. Себеби, андан башка алтернативалык хазарат жок. (Негизи тизелеп, бүктөлүп калган Батыш хазаратына “соккунун” зарылдыгы жок, бир аз түртүп коюунун өзү жетиштүү).

Ушундай болгон соң, кыйроого жүздөнгөн Батыш хазаратынын кулашын күтүп отурууга болбойт. Себеби, ал бир күн болсо да өмүрүн узартууга аракет кыла берет. Ошондуктан, мусулмандар кайрат менен Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аракетин улантышы керек. Себеби, ансыз чыныгы өзгөрүү жүз бербейт.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here