Коронавируска каршы коротулган каражаттар суроо жаратууда
Кыргызстан бийлиги коронавируска каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюуга 645 млн. доллар сарптоону пландап жатат. Бирок алардын ичинен сарпталгандары жаатында мамлекеттин так отчёту жок.
Эл аралык каржылык уюмдардан келген каражаттардан тышкары, калкыбыздын жоомарт жарандары тарабынан 160 млн. сом чогултулган. Анын жумшалышын көзөмөлдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Бирок, ал комиссия аларга көзөмөл толук берилбегенине нааразы жана каражаттардын сарп орундарынан кабарсыз. Бул кайрымдуулук каражаттарынын көбү медкызматкерлерге ашыкча иштегени жана вирус жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон шартта иштегени үчүн компенсация катары төлөөгө жумшалганы айтылууда. Бирок медиктердин көпчүлүгү компенсация албаганын, же аларга каражаттын бир бөлүгүн гана төлөп беришкенин айтып арызданышууда. Андан да жаманы, төлөнгөн тарап тууралуу маалыматтар жашырылып, жеке жак деп гана белгиленген. Мындай жеке жактарга көбүнчө 10 миң сомдон которулган. Ал эми медкызматкерлерге орточо эсеп менен 3000 сомдон төлөнгөн.
Башка 18,5 млн. сом муктаждар үчүн азык-түлүк баштыгын даярдоого жумшалган, бирок ал баштыктагы азык-түлүктүн баасы жана ичинде так эмне болгону, анын ичинде конкурс кандай өткөрүлүп, жеткирүүчүлөр кандай тандалганы сыр бойдон. Азык-түлүк баштыктарын сатып алууга жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акчаны эсептебегенде Кыргызстан бул максатка 200 млн. сом бөлгөн.
Жогоруда белгиленген 645 млн доллардын негизги бөлүгү эл аралык каржы уюмдарынан кредит, карыздарга алынууда. Бирок, бийлик өкүлдөрү сүткордук менен алынып жаткан карыздардын кайсы тармакка жана кандай максатта жумшалып жатканы тууралуу отчёт берүүдөн карманып, система жол бербестигин шылтоо кылууда. Демек, муну менен коррупцияга баткан бийликтин айла-амалдары жашырылууда. Биз дагы алардан ар бир тыйын кайсы тармакка жумшалып жатканы боюнча эсеп китеп кылып турушубуз шарт.
Түпкүлүгүндө, калкка карата мындай зулумдук үстүбүздө империалисттик саясатка негизделген капиталисттик түзүмдүн колдонулуп жатканы себептүү жетип жатат. Маселен, Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 500 млн доллардын тегерегинде дефицитке учурашы күтүлүп, аны эл аралык уюмдардын пайыздуу карыздары менен жабат. Бирок, аталган каражаттын бир бөлүгү жогорудан да айкын болгондой, бийлик ээлеринин сол чөнтөгүнө сомолуп кетип жатат. Мындай абалга аталган эл аралык уюмдар да кызыктар. Анткени, алар колониядагы мамлекетти карыз кылуудан сырткары, аны кризиске батыруу жана ачарчылык келтирип чыгарууну да максат кылат. Бул үчүн карыз берилип жатканда өздөрүнүн инвестор беткабын жамынган компанияларынын өлкөдө ээн-эркин иш алып барышы үчүн мыйзамдарды өзгөртүү талабын коюшат.
Айткандай эле, мамлекет канчалык карызга батканына карабастан, карантин этабынан ийгиликтүү чыккан жок. Бийлик мында шариятка тескери келген, ДСУ сунуш кылган карантин шарттарын кабыл алган эле. Аллахтын балээси келгенде Аллахтын өкүмдөрүнө амал кылуудан башка чараларда нусрат жок! Мына эми вирус күн санап жайылып олтурат. Эчтен көрө кеч болсо да эми бийлик эсине келип, пандемиядан өз кызыкчылыктарына пайдаланып калуу тууралуу ойлонбостон, калкка чындап кам көрүүнү ойлоолору керек.
Мумтаз Маверанахрий