Жээнбеков Орусияга расмий сапар менен барды

263
0

Жээнбеков Орусияга расмий сапар менен барды

Сооронбай Жээнбеков Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанатка катышуу үчүн Орусияга учуп кетти. 24-июнда өтө турган аскердик парадга Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери катышары күтүлүп жатат.

Белгилүү болгондой, аталган өлкөлөр Орусияга күнкор абалда саясат жүргүзүп келишет. Ошондуктан да, пандемия коркунучуна карабай аталган парадга катышууга аргасыз болушууда. Катышып эле тим болбой, айрымдары Орусиянын кызыкчылыгы үчүн бир катар мыйзамдарды алдын ала кабыл алып, белек катары көтөрүп барууда. Экинчи тараптан, бул вирустун шылтоосу менен Путин калкты карантин астында кармоо менен конституцияны өз кызыкчылыгына ылайык өзгөртүү аракеттерин жасап жатат. Башкача айтканда, карантиндик абалдан пайдаланып, элдин толкундоосун алдын алуу менен өзүнүн президенттик доорун дагы узартып алмакчы. Ал эми парад өткөрүү сыяктуу популисттик аракеттери үчүн вирустун жайылышы тоскоолдук кылбайт имиш. Мына ушундайча, пандемия каршысында эки жүздүү саясат дүйнөлүк деңгээлде да, жергиликтүү деңгээлде да уланып жатат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here