Боронов: Эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн
Коронавирус инфекциясы себептүү эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн, Ошондуктан,ага даярдыкты күчөтүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 20-июнда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
“Күн сайын коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көбөңүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатат”, – деди Боронов.
Кубатбек Боронов калк кызмат көрсөтүүлөрдү үйүнөн чыкпай, аралыктан алышы үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүү керектигин баса белгиледи. Премьер-министр жеке ишканалар жана мамлекеттик мекемелерге аралыктан иштөө режимине өтүүнү сунуштады.
Комментарий: Премьер-министрдикке шайланган Кубатбек Боронов элден кечирим суроо менен ишин баштады. Мурдагы премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевди узатуу ырасымында өкмөттүк аппараттын жүзгө чукул кызматкери менен беткапсыз жана “социалдык аралыкты” сактабастан сүрөткө түшкөндө эпидемиологиялык абал оюна да келбеген Бороновдун эсине дагы кайрадан коронавирус пандемиясы түшүп калды.
Коронавирус дүрбөлөңүнөн ар бир өкмөт өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланууга аракет кылууда. Мисалы, карантиндик чаралар жумшартылгандан кийин нааразылык акциялары күчөп кеткен Казакстанда өкмөт борборго жана ири шаарларга кайрадан карантиндик чектөөлөрдү киргизе баштады. Негизи коронавирус дүрбөлөңү колонизатор кафир мамлекеттер тарабынан жасалма түрдө пайда кылынды. Алар бул дүрбөлөң аркылуу өтө масштабдуу бир долбоорду тажрыйбадан өткөрүштү. Бул тажрыйба аркылуу өздөрүнө жана алардын түзүмдөрүнө коркунуч пайда болгон учурда дүйнө жүзүндөгү калкты “үй камагына” алуу мүмкүнчүлүгү бар же жок экендигин текшерип көрүштү. Коронавирус шылтоосу менен дүйнө жүзүнө киргизилген карантин алар күткөндөй натыйжа берди. Эми кафир колонизаторлор өздөрүнө керек болгон учурда коронавирус же башка пандемия аркылуу дүйнө калкын дагы кайрадан үй камагына ала беришет.
Белгилүү болгондой, капиталисттик түзүмгө коркунуч туудурууга жана бул түзүмдү түп-тамыры менен сууруп таштоого кудуреттүү болгон жапалдан-жалгыз система – бул Ислам мабдасы жана Халифалык мамлекети. Колонизатор кафир мамлекеттер Ислам таңы атып баштаганын түшүнүп жеткен соң, аны кечиктирүү жолунда ар түрдүү айла-амалдарды ишке сала башташты. А бирок, бул колонизатор мамлекеттердин айла-амалдары Аллахтын “айласы” алдында арзыбаган, бейпайда нерсе экендигине шек-күмөн жок.
Абдурахман Адилов