Шам козголоңу үлгү

330
0

Козголоңдордун ийгиликсиздиги жана

алардын жеңишке жетүүсүнүн факторлору

Шам козголоңу үлгү

 

Мустафа Сулайман

Ийгиликсиздиктер жана факторлор жөнүндө айтуудан мурун «الثورة» (козголоң) сөзүнүн маанисин дыкат ачыктап чыксак. «الثورة» сөзүнүн мааниси – түп-тамырынан ыңкылаптык өзгөрүү жасоо. Т.а. учурдагы абалга каршы чыгуу жана абалга нааразы болуп, андан абзелине умтулуу үндөөсү менен өзгөрүү жасоо, канчалык оор болбосун, артка чегинүү пикиринен баш тартуу. Анткени, көздөлгөн максат – нусратка жетүү же ушул жолдо набыт болуу…

Мамлекетке каршы козголоң ушул мамлекет бузган нерселерди оңдоочу жаңы түзүмгө ээ мамлекетти тикелөөгө алып барышы керек. Козголоңдо кишендерден азат болуу маңызы жатат. Ошондуктан, козголоң эрки жана чечими тартып алынган мамлекетти жана режимди тикелөө алып барбашы керек.

Адатта сабатсыздык, жакырчылык жана өзгөрүүнүн акыбеттеринен коркуу сыяктуу бир нече факторлор себептүү калктар козголоң кылуудан качышат. Бул факторлордун пайда болушуна өзүнө ишенбестик себеп. Т.а. адамдар өз акы-укуктарынан жана бийлигинен баш тартуусу жана тартып алынган нерселерин кайтарып алууга аракет кылбашы себеп.

Демек, козголоңчулар жана өзгөрүү жасоого умтулуп жаткандар сергек болушу шарт. Себеби, басымдар астында өзгөрүү иш-аракетинин бир бөлүгүнөн баш тартпоо же жан бербөө зарыл. Себеби, мунун натыйжасында козголоң зулумду кайтарып алып келген аракет болуп калат жана мындан чоң коркунучтар келип чыгат. Мисалы, берилген курмандыктардын текке кетиши, адамдар алдан тайышы жана катуу соккулардан кийин өзгөрүү аракетин кайрадан баштоодон үмүтү үзүлүшү сыяктуу.

Ошондуктан, эгер козголоңчулардын зээнинде козголоң толук орношпосо жана алар козголоңдун ичи-сыртын түшүнүп жетишпесе, мындай козголоң бекем орношо албайт. Эгер, козголоңчуларда көздөгөн максат жөнүндө анык-тунук пикир болбосо, кыйроого туш келишет жана чийки иштин ачуу мөмөсүн терип алышат, натыйжада, кезектеги бактысыздык жана кыйроо келип чыгат. Арийне, жараксыз имаратты бузуу туурасында пикирлөөнүн өзү жетиштүү эмес, муну менен бирге, аны бузгандан кийинки курула турган имарат жөнүндө, аны кандай куруу туурасында тунук пикир болушу да шарт.

Козголоңчулар ушул акыйкаттарды түшүнүп о.э. мамлекет жетекчисин гана эмес, мамлекеттин режимин, мыйзамдарын жана эл аралык системага көз карандылыгын өзгөртүү зарылдыгын түшүнүү керек. Буга кошумча дагы бир маанилүү маселени түшүнүп жетүү керек, бул – козголоңчулар кире турган күрөштүн маңызын түшүнүү маселеси. Бул күрөш кулатылышы көздөлгөн режимге каршы күрөшүүгө чектелбестен, душман козголоңду жок кылганга чейин тынбастан аракет кылып жаткан айла-амалдарга, алдоолорго каршы күрөштү өз ичине алат.

Күрөштүн маңызы күрөшүп жаткандар үчүн пландарды жана услубдарды белгилеп берет. Эгер, алар бул күрөш акыйкат менен батыл, ыйман менен куфр күрөшү экенин түшүнүшсө гана белди бекем байлашкан болушат. Муну менен бирге, алар жалгыз колдоп-кубаттоочуга т.а. Аллахка кайрылуу керектигин түшүнүп жетишет о.э. Анын ыраазылыгы үчүн кадам шилетешет.

Ал эми, күрөштүн табиятын белгилөөдө катылык кетиришсе жана душман – бул жергиликтүү режим деп эсептешсе жаңылышкан болот… Кийин тез эле чалынып, закымды суу деп бара жатышканын түшүнбөй, душмандан жардам сурашат… Оболу өздөрүнө Аллахтан колдоп-кубаттоо издеп, кийинчерээк Аллахтан башкасын издеп калышат. Мына, ушул жерде тайылуу жүз берет: көп өтпөй козголоңчулардын акылын колдогу мүмкүнчүлүктөргө ишенүү жана Аллахтын жардамынан-колдоосунан унутуу ээлеп алат… Козголоңдордогу эң кооптуу ийгиликсиздик мына ушул болгон болсо керек.

Мына, Шам козголоңун карагыла, козголоңчулар өз кубатын «Сирия калкынын достору» делген мамлекеттердин колуна тапшырышты… Кече өлкөнүн түштүгүнүн бир бөлүгүн сатып жиберген Саудия менен о.э. Дамаск жана түштүктү кыянаттыкка толтурган Катар менен биргеликте кылышкан. Бүгүн болсо, Халабды сатып жиберген жана кескиндикти басаңдатуу келишимин кепилдөө аркылуу кыянаттык кылган Түркия менен кызматташууда.

Адамдар күрөштүн маңызын зарыл болгон деңгээлде түшүнүшкөн жок. Ал тургай, ооздорунан «Козголоңубуз Аллах үчүн», «Эй Америка, ушунча каныбызга тойбодуңбу?!» сыяктуу ураандар чыккан болсо да, бирок, бул кыйкырыктар амалий жолго айланбады. Айрыкча, мамлекеттер «колдоп-кубаттоо» арканын ыргытышканда козголоңчулар аны бекем кармап ал мамлекеттерди мойнуна олтургузуп алышты. Натыйжада, кече эле бекем турган негиздер бүгүнкү күнгө келип өзгөрдү! Өз көзүбүз менен көргөндөй, Ахрари Шам фронту куурчакка айланып, бир региондо жарашууну ишке ашырды, экинчи регионду режимге кош колдоп тапшырды, Рияз конференциясына барып, ал жердеги токтомдор менен козголоңдун идеясын жокко чыгарды. Нусрат фронту Аллахтын досторуна дос болуу жана Анын душмандарына душман болуу идеясын өзгөртүп, аны агымга карап сүзүү жана Аллахтын душмандары менен дос болуу пикирине өзгөрткөнүнө күбө болдук… О.э. бүткүл дүйнөгө Исламды көтөрүп чыгуруу пикири жергиликтүү «Сайкс-Пико» Исламын жеткирүү пикирине айланды… Акыры, Түркия режимине ээрчиген о.э. бир нече жыл мурда Исламдын таза пикирин көтөрүп чыккан инсанга каршы күрөшкөн муътадил исламга айланды. Азат армия бүтүндөй азаттыгын жоготконуна, Түркия жандармындай жандармага, Ливиядагы жалданма армияга айланганына, кийин улуттук армияга, мекен армиясына айланганына күбө болдук!

Ооба, козголоңдун ийгиликсиздиги Аллахты теңдеменин эң алсыз тарабына коюуда болду. Арийне, бул козголоңду кубаттаган күчтүүрөөк тарапты издеп, Аллахтын буйруктарын, кайтарууларын жана чараларын бүтүндөй унутуудан келип чыкты… Мына ушинтип козголоңчулар өз колдору менен козголоңго көр казышты.

Мындан айырмаланып, жаңы пайда болгон козголоң болобу, Шам козголоңу сыяктуу, аракетин кайра оңдоону каалап жаткан козголоң болобу, айырмасыз, ар кандай козголоңдун эң маанилүү вазыйпаларынын бири ушул – козголоңчулар күрөштүн маңызын, ал ыйман менен куфр, акыйкат менен батыл ортосундагы, эл аралык системага каршы күрөш экенин түшүнүп жетиши керек. Антпесе, аракет кылып жаткандар күтпөгөн абалдар жүз берет, кайраты сынат.

Аракет кылып жаткандар тоскоолдуктарды жеңип өтүшү үчүн эки түшүнүк менен куралдануулары керек. Билип койгула, алардын бири ырыскы түшүнүгү, экинчиси ажал түшүнүгү. Ырыскы бөлүштүрүлүп, Лавхул махфузда жазып коюлган, кудум өлүм сыяктуу. Адам анын ырыскысы түгөнүп, ажалы жетмейинче өлбөйт. Абу Амама розияллоху анху Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«نَفَثَ رُوحُ الْقُدُسِ فِي رَوْعِي أَنَّ نفْساً لَنْ تَخْرُجَ مِنَ الدُّنْيَا حَتَّى تَسْتَكْمِلَ أَجَلَهَا، وَتَسْتَوْعِبَ رِزْقَهَا، فَأَجْمِلُوا فِي الطَّلَبِ، وَلَا يَحْمِلَنَّكُمِ اسْتِبْطَاءُ الرِّزْقِ أَنْ تَطْلُبُوهُ بِمَعْصِيَةِ اللَّهِ، فَإِنَّ اللَّهَ لَا يُنَالُ مَا عِنْدَهُ إِلَّا بِطَاعَتِهِ»

«Жүрөгүмө Рухул-Кудс ушул сөздөрдү мөөрлөп койду: Эч бир жан Өз ажалын, (ага белгиленген өмүрүн) жашап бүтпөстөн, өз ырыскысын толук жеп бүтпөстөн, эч качан өлбөйт. Демек, ырыскыны туура жолу менен издегиле, ырыскынын басаңдаганы силерди Аллахка күнөөкөрдүк кылууга үндөбөсүн. Аллахтын алдындагы нерселерге Аллахка итаат кылуу менен жетишилет».

О.э. аракет кылып жаткандар Аллахтан суралып жаткан нусраттын талаптарын толук аткарышы о.э. алар аракет кылып, адамдар алардын аракетине ээрчиши жана далил негизинде тергеп-тескеши үчүн эң оболу түшүнүктү жана долбоорлорду белгилеп алуу керек. Т.а. көздөлгөн долбоорду көңүл коюп, экиленбестен, билмексен болбостон, анык-тунук белгилеп алуу керек, ошондо гана адамдар бул долбоорду кабыл алып, ага жардам беришет, аны колдонуу үчүн долбоор жетекчилерин колдоп-кубатташат. О.э. аракет кылып жактандар туура жолдо болушу жана «Мамлекет» уюму сыяктуу курулай, мазмунсуз сөздөрдү сүйлөбөстөн аң-сезимдүү болушу керек. Бул уюм халифалыктын тикеленгенин айтууда Халифалык жөнүндөгү коомдук пикирден пайдаланды, чыныгы Халифалык долбоорун бузууну жана каралоону ниет кылышты. Эгер, Аллахтын жардамы менен алардын кимдиги жана жалганы ачылып калбаганда, бул ниетине жетишишет эле.

Ушул талаптар даярдануу, курал-жаракты жана кишилерди даярдоо сыяктуу материалдык себептерди кармабоону түшүндүрбөйт. Тескерисинче, ушул даярдык бекем принцип негизинде болушу шарт экенин түшүндүрөт. Мисалы, даарат нажас суу менен туура болбойт. Себеби, Аллах пакиза, тазаны гана кабыл алат… Нусрат да Анын алдынан келет, Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾

«Эй момундар, эгер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге нусрат берет жана кадамыңарды бекем кылат»                                                                                           [47:7]

Ошондуктан, Аллах Өз уруксаты менен убадасын жүзөгө чыгарышы үчүн биз ушул шартты аткарышыбыз жана Аллахтан аны тездетишин сурашыбыз керек.

 

Роя гезити, №284, 2020-жыл, 29-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here