2007 – 2011-жылдар аралыгында Кыргызстандагы ооруканаларда 187 балага атайылап СПИД жуктурулган

266
0

2007 – 2011-жылдар аралыгында Кыргызстандагы ооруканаларда 187 балага атайылап СПИД жуктурулган

Бул тууралуу ошол кездеги парламенттин саламаттыкты сактоо комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева кабарлаган. KNEWS.

Мамлекеттик “СПИД” борборунун маалыматына ылайык 2007-жылы мамлекеттик ооркуналарда 36 жаш балага ВИЧ инфекциясы жуктурулган. 2008-жылы  72 балага, 2009-жылы 35 балага, 2010-жылы 22 балага, 2011-жылы 22 балага жуктурулган. Ошентип, 2007-жылдан 2012-жылга чейин жалпысынан 187 балага атайлып ВИЧ инфекциясы жуктурулган!

2020-жылдын апрель айында Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган Сабыржан Абдикаримов буга чейин 2007-жылы министрдин орунбасары, ал эми 2010-жылы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри болгон! Дал ушул кишинин башкаруусу астында мамлекеттик ооруканаларда массалык түрдө СПИДге анализ алынып, ондогон балдарга атайылап ВИЧ инфекциясы жуктурулган!

Балким, ушул иштин артынан тышкы донор өлкөлөр жана уюмдардан бүгүнкү күнгө чейин миллиондогон доллар каражат алып жатышкандыр. Бирок, адамдардын, айрыкча жаш балдардын тагдыры эмне болду. Алардын тирүү калгандары азыр балагат жашына жетишти! Бирок, алардын жашоосу – бактысы, саламаттыгы, ата-энеси тарткан кыйынчылыктары үчүн ким жооп берет?

2020-жылы “коронавирус пандемиясы” жарыя кылынары менен Сабыржан Абдикаримов дагы кайрадан саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалып, дагы кайрадан адамдарды мажбурий түрдө эмдөөдөн өткөрүү маселеси көтөрүлө баштады. Бүгүнкү күндө кандайдыр гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү керектиги айтылууда. Кийин коронавируска каршы эмдөө башталат!

Өкмөттөгүлөр коронавируска чалдыккан ар бир адам үчүн бюджеттен 2000 доллар накталай акча сууруп алып жатышат! Демек, өкмөт коронавируска чалдыккандар азайышына эмес, көбөйүшүнө кызыктар! Дүйнөлүк пандемия дүрбөлөңү айдыңында карыз үстүнө карыз алып, мамлекетти миллиондогон доллардык карызга батырышууда. Алар “карантинде жаткан ар бир оорулууга 2000 доллар каражат жумшалды” деп документтештирип, алынган карыздарды бөлүшүп алышууда!

Демек, карантинден жарандардын саламаттыгын сактоо үчүн эмес, тескерисинче, ыңгайлуу учурдан пайдаланып ыйгарым-укуктарынан мүмкүн болушунча пайдаланып калуу үчүн пайдаланышууда! Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдөн мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, белгилүү бир адамдардын т.а. жетекчи топ өкүлдөрүнүн кызыкчылыгы үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдаланып калууга аракет кылып жатышат.

Бул ири аферисттик жараянында элдин ишеними өтө маанилүү. Ошондуктан, бардык мамлекеттик маалымат каражаттарын ушул жасалма дүрбөлөңдү болушунча көбүртүп көрсөтүүдө пайдаланышууда! Бул дүрбөлөңгө ишенүү бизди аларга жардам берүүгө үндөйт. Башкача айтканда, алар бизди коркутуу менен – өздөрү ишке ашырып жаткан ыпылас иштерин жашырууга аракет кылышат. Ал тургай, ушул жолдо вирусту атайылап таратуудан да кайра тартышпайт!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here