Муфтият жылдагы катасын кайталоодо

326
0

Муфтият жылдагы катасын кайталоодо

Муфтият кабарлоосуна ылайык, эл аралык астрономиялык обсерваториялар тажрыйбаларын пайдалануу менен, 2020-жылдын 24-майы, жекшемби Орозо Айт майрамы деп белгиленди. Мындай билдирүү муфтияттын расмий сайтында кабарланды.

Түпкүлүгүндө астрономиялык күзөтүүлөр жана алдын ала эсептер шарий хужжатка өтпөйт. Анткени, Набий с.а.в. айткан: «Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө…».

Белгилүү болгондой, ай санак боюнча, айрым айлар 29 күндө жаңырса, айрымдары 30 күндө жаңырат. Ошондуктан, Рамазан айы да 29 же 30 күндө жаңырышы мүмкүн. Андыктан, 22-майда, кечкисин айдын жаңырышы күзөтүлөт. Эгер биздин өлкөдө айды көрө албасак, дүйнөнүн калган бурчтарынан ай көрүлгөндүгү тууралуу кабарларды күтөбүз. Эгер кайсы бир өлкөдөн, адилеттүү бир мусулмандын ай көргөндүгү тастыкталса, анда биз үчүн да орозо бүтүп, айт майрамы белгиленет. Ал эми эгер, андай кабар келбесе, анда Рамазан айын отуз күнгө толуктайбыз.

Демек, муфтияттын алдын ала айт күнүн белгилөөсү шариятка каршы келет. Ошондой эле айрым адамдардын “орозо отуз күн болот же бир күн ашыкча тутсак жакшы да” деген пикирлери ката болуп эсептелет. Мында бир гана чыныгы шаръий күзөтүү менен ай көрүлгөндүгү өз тастыгын табышы шарт кылынат.

Андыктан, биз мусулмандар ушул шаръий өкүмдү кармануу менен каапырлардын бөлүп жаруу саясатына каршы туралы. Алардын арамза ниеттеринин ишке ашуусуна тоскоолдук кылалы. Анткени, алардын жамандыгына акыйкатты бекем кармануу менен гана каршы тура алабыз. Ушундай аракет менен гана бүткүл дүйнө мусулмандары бир дене сыяктуу бир бүтүн экенин көрсөтө алабыз.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here