ЭВФ Өзбекстанга 375 миллион доллар бөлдү

239
0

ЭВФ Өзбекстанга 375 миллион доллар бөлдү

 Эл аралык валюта фондунун директорлор кеңеши 18-майда коронавирус пандемиясынын Өзбекстандын экономикасына терс таасирин жумшартуу үчүн Өзбекстан Республикасына 375 миллион доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген карыз берүүнү макулдады.

Бул каражат  Өзбекстан каржы министрлигинин алдындагы кризиске каршы күрөшүү фондуна багытталат. Бул тууралуу Өзбекстандын вице-премьер-министри Жамшид Кочкоров Twitterдеги баракчасында кабарлаган.

Комментарий: Ар бир мамлекет дүйнөнү дүрбөлөң кылган коронавирустан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калуу аракетинде. Өзбекстан жана Кыргызстан сыяктуу экономикасы начар өлкөлөр пандемия шылтоосунда эл аралык уюмдар менен жетекчи мамлекеттерден мүмкүн болушунча көбүрөөк карыз алуу аракетинде. Бул өлкө жетекчилерин пандемиянын акыбетинде дүйнөгө же өлкө жарандарына зыян жетиши кызыктырбайт.

Борбордук банктын отчётуна ылайык, Өзбекстандын тышкы карызы 2019-жылдын башынан бери 40,9 пайызга же 7,1 млрд. долларга өсүп, 2020-жылдын 1-январына карата 24,4 млрд. долларга жетти. Өзбек бийлиги болсо пандемияга каршы күрөшүү шылтоосу менен дагы карыз алууда.

 Ал эми Кыргызстандын каржы министрлиги билдиргендей, 2020-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 616 млн. долларга жеткен. Кыргыз бийлиги ушул кезге чейин коронавирус менен күрөшүү шылтоосунда дээрлик бардык эл аралык уюмдардан карыз сурап чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин расмий өкмөт пландаштырган 500 млн.доллардык карыздын 243 млн. долларын алды.

 А бирок, бул карыздар жөн эле берилип жаткан жери жок. Убагы келгенде бул карыздарды үстөк пайызы менен төлөш керек болот. Мына ошондо булар мурунку карыздарды төлөө үчүн дагы жаңы карыз алууга мажбур болушат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here